Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Сгустились тучи.
Султана свергли.
Горохом из разбитой чаши
Рассыпались
И растерялись
Его былые увлечения.
И в скитаниях по чужбине
Султана от неминуемой смерти
Спасет одна женщина.
Он спросит ее:
– Мне как будто
Знакомо лицо твое,
Ты случайно
Не из моих жен?
– Да, к сожалению, –
Ответит она.–
Я была
Одной из тысяч забав,
Которой вы тешили
Свое тщеславие.
Не правда ли,
Странно и грустно:
Вы, легко покорив
Столько государств,
Столько городов
Не смогли покорить сердца
Ни одной женщины!
Ибо высокие чувства
Не терпят распыленности,
Разбросанности по частям.
Если я протянула вам руку,
Это не от любви,
А от жалости.
Таков непреложный закон:
Любя одного человека,
Можно полюбить весь мир,
А коль хотите обнять
Всех сразу –
Останетесь ни с чем.
Вот и оставайтесь…
. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . В Стамбуле
Мы вспомнили султана…
Он остался для живущих
Образом распыленности.
Да, в памяти нуждаются
Не только праведники,
Но и человеческие грехи.

Айтматов. Ооба, амирчинин күнөөсү унутулбайт. Ал качан да болсо калың элдин эсинде сакталып калат.

Ушул ойго сабакташ Махмуд Кашгаридеги: «Амирчи жат элден өзүнө арнап сарай салдырып койсо, бул – жаман ырым, акыры башыма кыйын-кысталыш күн түшкөндө, качып барып, пааналайм дегенди билдирет. Бул – калкыңдын алдында жасаган чыккынчылыгың. Анткени карапайым элдин барар жер, таянаар тоосу жок. Сен бийлөөчү болсоң да, алардан артык эмессиң. Бир топуракта төрөлгөнсүң, эмесе бирге өлө да бил»,– деген ташка тамга баскандай саптары кимге да болсо таалим көрсөтөрлүк.

Шаханов. Хандарга канатташ, билермандарга үзөңгүлөш жүргөн ойчул андан ары: «Мамлекеттин казынасы – калктын таман акысы, маңдай тери. Өкүмдар казынанын ачкычын кармаган адамга өтө сактык менен караганы абзел. Алтын менен күмүш бар жерде уурулук кошо жүрөт. Ууруну кармасаң, кармаар замат ашкере кыл. Жашырсаң өзүң да уурусуң»,– деп осуят калтырган.

Айтматов. Акылдуу, ары кексе мамлекет башчылары көп учурда өзүнүн көздөй туугандарынан увазирликке алган эмес. Анткени, алар мамлекеттик маселелер үй-тиричиликтеги майда-барат иштерге чаташтырып алышат. Өзүң да катаал талап коё албайсың. Муну көрүп, башка увазирлер каалаган жагына басып кетет деп сактанган.

Ааламдын жети кереметинин бирин жазданып жаткан фараондор мекендеген араб өлкөсү… Кылда чокусу булутту уялаган пирамидалардын ар бир ташы өзүнчө аңызга чулгангандай таң каларлык. Ооба, биздин доорубузга чейин да асмандын асты, жердин үстүндө өзүнүн чексиз бийлиги менен алыс-жакынга тегиз маалым бийлөөчүлөр өткөн. Ошолордун ичинде бизге аттын кашкасындай таанымалы – ушу фараондор, накта араб калкынын бийлөөчү тап өкүлдөрү. Кул ээлөөчүлүк заманда фараондук атак король, император сыяктуу урпактан урпакка өтүп, бийликтин учугу үзүлбөй берилип отурган.

Ак сөөктүн ак сөөгү саналган фараондор, негизинен, элдин ички жана сырткы саясатына аралашып, бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колдон чыгарышпаган. Жалпысынан ал кылымдарда бийликтегинин даремет күчү менен сүрдүүлүгү, жыйган дөөлөтү, башы байланган кулдарынын көптүгү менен өлчөнгөн. «Жердеги жем асмандагы кушту уятка калтырат» дегендей, карапайым журтка олуя катарында көрүнгөн фараондор ушул эки байлыкты мол калпып калуу үчүн, өз ара утуру-утуру чарпышып, түрдүү каршылыктар уюштурулуп, эл ичиндеги дүрбөлөңдүн өзөгү болушкан. Дегеле алардын ичинен чыккан Адам ата, Обо энеден эмес, тикелей кудайдан таралгандар, периштеден улангандар, күн нурунан жаралгандыгын далилдегендер да жок эмес.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>