Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Өтүнүчүңдү кабыл алдым, акысын
Кайтара алсаң көөдөндөгү от менен?!
— Жол табайын туңгуюктан кайтууга, —
деди жигит, — улуу ханым, бирок да
Болбойт муну табышмак деп айтууга.
Табийгаттын мыйзамы бул — күч калчап,
Зордук менен он экиден үчтү алсак
Калмак эмес эч нерсе,
Андан көрө кудай бизге эс берсе.
Айлар — жылдын уланы,
Биздин ар бир жылыбыз
Он эки айдан турабы.
Он эки айда үч ай көктөм бар экени белгилүү,
Көктөм деген табийгаттын таң каларлык эрдиги.
Шол эрдиктин даңкы бийик көктөгү,
Ал жаштык чак — адамзаттын көктөмү.
Көктөмдө жер сууга, нурга канбаса,
Ар тирүү жан өз азыгын керегинче албаса,
Кыртыш жарып урук, чырпык өнүп көр?!
Анда ширин үмүттөн кур калабыз.
Көктөм маалда гүлдөбөсө алма менен өрүктөр.
Калган тигил тогуз айда
Кандай жемиш алабыз?
Канча кейип, жесең дагы бушайман,
Буга каршы табуу кыйын күч, айла,
Караңызчы, тогуз айдын тагдыры
Байланып тур үч айга.
Табийгатты күчкө салып зордогон,
Табышмак деп ким айтса да оңбогон,
Ошондуктан он экиден эч качан
Үчтү алууга болбогон.
Алган адам мына биздин ханыбыздай шордогон.
«Ким өзү бул кылыч өткүр сөзүнүн»,
Огун атып көзүнүн
Карады эле, карады эле, о чиркин,
Ат кошчусун тааный калды өзүнүн.
Эске түшүп ар кыл ойлор кайдагы,
Хан өкүнүп баш бармагын чайнады.
«Бүттү, бүттү, мен өлүкмүн, кемикмин,
Кол баштоочу жигиттерге ат бактырып келипмин.
Шордопмун о, канаттууга болупмун го тар мекен,
Аттиң, аттиң, кордопмун о, жигиттерди нарга тең…»
Түк кеч келген ийгиликтүү ойлордун,
Кайгысынан өткөн азап бар бекен?!*
* Которгон – Өмүрбек Тиллебаев.

Айтматов. Эсимде, жылымык кезеңдин ачуу чындыгын ажайып бүткөн аңыз менен чүмбөттөп айткан бул поэмаңды орус тилине Евгений Евтушенко которгон жок беле? Ага мен баш сөз жазып «Смена» журналына сунуш кылгам. Алар аңыздын түпкү маанисинде кандай салмактуу ой жатканын сезишсе керек, жарыялагандан жазганышты.

Шаханов. Арадан эки үч жыл өткөн соң, Ташкентте Азия – Африка жазуучуларынын конференциясында жолугушкан «Огонек» (ошол кездеги эң көп тарала турган басылманын бири), журналынын башкы редактору Анатолий Сафронов:

– Бул чыгармаңды мага бер, журналыма жарыялайын, – деп өтүнгөнүнөн багы ачылбай жүргөн ошол «12 – 3 = ?» ти колуна кармата салгамын.

Кийинчерээк поэманы баса албай тургандыгына кечирим сурап уй тилиндей кагазга кат жазып ийиптир.

Алма-Атада «бурк» эте түшкөн 1986-жылдагы Желтоксон (бештин айы, декабрь) окуясынан соң көп өтпөй Евгений Евтушенконун өтүнгөнүнөн мени КПСС БКнын маданият бөлүмүнүн башчысы Юрий Воронов кабыл алды. Ошондо экөөбүз өз ара маектешип олтуруп, «12 – 3 = ?» поэмасын ал КПСС БКнын Саясий Бюросунун мүчөсү, КПСС БКнын Борбордук Комитетинин катчысы Сусловдун тапшырмасы менен окуганын, ал турмак ошол кезде Борбордук Комитеттин жооптуу жаш кыз маткерлери арасында бул поэманын жетишээрлик шылдың туудурганын, ошондой эле менин ысымымдын кара тизмеге илинип калбасыма өзүнүн белгилүү деңгээлде бирден бир себепчи болгонун айтып күлдү. Не себептен поэманын жарыяланбай жатканына ошондо гана түшүндүм… Ал эми Горбачев сенектик түзүлүштүн эң бир карышып турган кезинде бийлик башындагы өңчөй кагыраган чалдардын арасына жаштык жигердүүлүктө кирип, кайра куруу менен демократияны турмушубузга киргизди. Жетимиш жылдан ашык убакыт чектелүү бир түшүнүктө жүргөн элге сөз, ой эркиндиги менен ар тараптан өнүгүп өсүүнүн жолун ачуу, чыныгы маанисинде ургалдуу да, тобокел да иш эле…

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>