“Кичинекей бунтарь” деген аңгеме алгач 1976 жылы 8 март санына “Кыргызстан маданият” газетасына жарыяланган. Аңгемеде кичинекей жетим баланын айылда үй-бүлөдө өскөну жөнүндө айтылат.
Түндүн бир оокуму болуп калган. Адыр этегиндеги чакан айылдын башындагы шиферлүү үйгө бир атчан бастырып келди. Эңкейип караңгы үйдүн терезесин камчы менен тыңылдатты. Татту уйкусунан чоочуп ойгонгон кемпирдин:
— Ой кимсиң?! – деген дабышы чыкты.
— Мен эле, Карачач эне, Мелисти ойготуңузчу? Мени менен дүкөнгө барып келсин. Атам бүгүн да аракка жумшады. Өзүм коркуп жатам, — деди атчан бала. Караңгыда өңү көрүнбөй үнү апкаарый чыккан баланын үнүнөн тааныды кемпир. Кулунбек экен. Кошуна турушкан Шаршендкулдун өгөй баласы.
— Алда каралдым ай! Бүгүн Мелис да таежесиникине кетти эле, деп кейип Карачач эне кепичин бутуна сала бөкчөндөп эшикке чыкты, — Ушу жети түндө сендей жаш баланы аракка жумшаганын койбоду го. — Түш! Биздикине жатып ал. Таң азандан дүкөнгө бара коёсуң, — деди аттын чылбырып кармап.
— Ой эне, болбойт да, — деди Кулунбек. Үйүндө коркундук да, чоочугандык да бар.
— Түнү менен апам эмне болду деп санаасы тынбайт да. Өзүм жалгыз деле коркпой барып келе алам, — деп аптыкты.
— Ий, айланайын. – деди Карачач эне, — оюңа эч нерсе алба, коркпо, ушул карыш турган жакын айыл сага окшогон чоң жигитке да кеп бекен, — деди Карачач эне Кулунбекти коркпой барып келүүгө шыктандырып. Дүкөн турган айылдын бирин-экин жарыгы бүлбүлдөп алыстан көрүндү. Бүркөө турган асманды караган эне:
— Жарыктык, кудайдын күнү дагы эле ачылбаптыр го, — деп үйүнө кирип төшөгүнө жатты, бирок эч уктай албады, — Э арагың менен кургур, биртике көзүм илинип кеткен экен… – Жуурканды жамына күңгүрөнүп өзүнчө сүйлөдү. Кайра Кулунбектин аянычтуу чыккан азыркы үнүн эстеди. Жүүнү бошой түшүп, Кулунбекти жети түндө аракка жумшаган Шаршенкулду ичинен өлгүдөй жек көрдү. Кыжыры келип: “О арак ичпей атаңдын кунун ичкир. Туугандарың менен жесир калган байкуш келиндин төркүнүнө астын-үстүн түшүп жатып эптеп алып төрөбөй калган айыбы үчүн кордоп кордукту тырнактай баласына да көрсөтүп жатасың, — деди үшкүрүнүп. Дагы жумшаган экен жаш баланы. Барбайм десе тиги зөөкүр кызыл камчыга албай коймок беле. Кийинки күндөрү байкуш бала бизди көп байыр ала баштады. Азыр да өзү жалгыз коркконунан келген туура, садагасы. Сенин да балтыр этиң толор” – Карачач эненин көз алдына Шаршенкулдун мас болуп келип ыдыранып аялын урганы, Кулунбектин чыркырап ыйлаганы тартылды. “Баш калкалар жакын туугандарың жок беле. Ушул зөөкүргө күнүң калгансып”… – дегенин да эстеди. Анда Кулунбектин апасы: “Карачач апа, мен буга ишенип келгем. Жакшы адам сезилген. Көрсө, тимеле зөөкүр турбайбы”, — деп жашын төгүп ыйлаган. “Шаршенкул сен Момункүлдүн сай-сөөгүн сыздатып жатасың. Баласын кубалап урганың – өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп жатпайбы. Баласын бооруңа тартсаң сенин эле балаң болот эле да!” – дегенин да эстеди эне.
Кулунбектин өз атасы мал догдур Шыйкымбай балалуу болгонуна кудундап сүйүнүп жүргөн кезинде кырсыкка учурады. Ашуунун туу белинде машинасы оодарылып каза тапты. “Өлгөндүн өз шору экен. Ар ким бул жарык дүйнөдөн маңдайына жазылганын көрөт. Эми балам сен жаш өмүрүңдү бекер өткөрбөй белиңди бекем бууп, кайрадан отуңду тамыз” – дешип, бечера болуп көрүнгөн, төрөбөгөндүгү үчүн аялын кууп жиберген Шаршенкулга баш коштурушкан. Шаршенкул мындан да балалуу болбоду. Эл арасында ар кандай сөз жүрдү, бири а десе, бири бу деди. Шаршенкулдун кийинки күндөрү аракты көп ичип, үйүндө чыр кылганы да ушундан. Ага “ата” деп өз баласындай болуп мамиле жасаган Кулунбекке да ичи жылыбайт. Кайра ичи өрттөнүп. “Кайдагы баланы төрөп алып, эми төрөбөйсүң иттин катыны. Эми ушул бойдон куу баш өтөмбү ыя?! Тойдум ушул дүйнөгө” – деп Момункүлдү урганы урган.