Чыке, башта, ар бир республикага президенттик башкаруу киргизилип, кыргыз парламентинин мүчөлөрү ал орунга Сиздин талапкерлигиңизди сунуш кылган кезде, андан баш тартып, ошол орунга Аскар Акаевдин ысымын атаганыңыз жумурай журтка жакшы маалым. Ушул окуянын арасында жүргөн калемгер иниңиз, экөөбүздүн тең эле досубуз, Кыргызстандын ошол кездеги демократтарынын бири — Казат Акматовдун бул туурасында мындайча кеп учугун чубаганы бар.
«1990-жылдан тартып өзүм башкарып турган «Кыргызстан демократиялык кыймылы» (КДК) өлкөбүздө президенттик бийликти калыптандыруу тууралуу парламентке сунуш киргизүү менен алек болду. Мындай демилгени алгач эч бир депутат колдобогону менен, убакыт өтүп, бизди жактагандардын саны көбөйө берди. Бирок, ошол кездеги Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети тарабынан бул сунушубуз катуу каршылыкка учурады.
Кыргызстан өзүнчө республика болуп, союздан бөлүнүп чыгат деген ой үч уктаса түшүнө кирбеген алар: — Советтер Союзунда бир гана Президент бар. Ошол жетет. Ар бир республика сайын Президент шайлоонун эч кажети жок, — дешип эң жогорку бийликтин тизгининен айрылар түрлөрү жок.
Ошол жылы жетинин айында*(ноябрь) өткөн парламенттик кеңешмеде президенттик бийликти колдоочулар көптөгөн талашып-тартышуулардын натыйжасында жеңишке жетишти да, республикадагы партиялык уюм саясый сахнадан кетти.
Президенттике көрсөтүлгөн талапкерлер эки турда тең көпчүлүк добуш жыйнай албай, парламент саясий туюкка такалды. Ары бери тартышып, акырында сессия 25 депутаттан турган комиссия түзүүгө чечим чыгарды. Ичинде өзүм да бармын. Максатыбыз Кыргыз Республикасынын алгачкы Президенти кылып кимди көрсөтөбүз деген омоктуу маселе турду.
Биздин корутунду сунушубузду сессия зарыгып үч күн бою күттү. Бара-бара комиссия мүчөлөрү экиге бөлүндү. 12 депутат эми жалпы элдик референдум өткөрөлү деп, президенттикке республиканын мурдагы жетекчисин кайрадан алып келүүгө аракеттенсе, калган он экиси (бир депутат ооруп калган) кайрадан парламенттик кеңешмеге жаңы талапкерлерди көрсөтөлү да ушул жерден шайлайлы деген сунушту киргизип, ортодо талаш башталды. Саясий таймашка тикелей көз салыи олтурган эл өтө күйүп-бышууда. «Кыргызстан демократиялык кыймылы» Айтматовдун дүйнөлүк кадыр-баркына таянбасак республика оор абалда калышы мүмкүн. «Айтматов Президент болсун!» деп ураан кабыл алгандыктан плакат көтөргөн көптөгөн адамдар сессия өтүп жаткан имаратты курчай жабалактап турушту. «Ак үйдүн» жанында 140 киши ачарчылык жарыялап жатты. Ушундан соң комиссия мүчөлөрү да:
— Президентикке Айтматовдун талапкерлигин сунуш кылалы, — дешти. Ал кезде Чыкең Москвада жүргөн эле.
— Азыр телефон менен байланыш да биздин сунушту айт! Тез чакыр! Келсин! — дешти мага таймаштын чок ортосунда жүргөндөр бир ооздон. Жаныма күбө катары Төлөмүш Океев менен Барпы Рысбаевди алыи, Чыкеге кабарлашсам үйүндө экен.
Айткан мүдөөмдү абдан тыңшап туруп Айтматов:
— Менин Президент болууга даярдыгым да, ниетим да жок. Көрсөтөбүз деген сунушуңарга миң мертебе ырахмат! Бул өтө жооптуу, ары мартабалуу орун. Ошондуктан ага чоң экономист, юрист, же айыл чарба адиси ылайыктуу. Жазуучулук калемимди бийликтин курмандыгы кылгым келбейт. Оюмда жүргөн көптөгөн камылгаларым бар, ошону ишке ашырсам деле жаман эмес, — деп жаа бою качты.
— Макулдугуңузду эле берсеңиз болду, Президент болуп шайланышка толук шансыңыз бар. Минтип айтышымда да чоң маани бар эле. Эгерде Айтматов: «Болуптур, өзүңөр билгиле», — дегенде, парламенттин аны Президент кылып шайлаарына кымындай да күмөнүм жок эле.
— Өзүңүз кимди сунуш кылаар элеңиз? — дедик акыры көнбөй турганына көзүбүз жеткен соң.
— Баракелде, эми жөнгө келдиңер, — деди Чыкең да жайдарлана. — Мисалы, мен президенттикке Аскар Акаевдин талапкерлигин сунуш кылаар элем. Бул өзү — илимпоз, интеллект деңгээли жогору, ыймандуу жигит, баралына келсе андан өтө жакшы эл башчысы чыгышы мүмкүн.