Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Бул – мамлекеттердин ар түрдүү таасиринде калбоо үчүн элдин тилин, маданияты менен адабиятын, музыка менен искусствосун көздүн карегиндей сактайлы, чыккан тегибизди, ким экенибизди, кайда бара жатканыбызды унутпайлы деп ар бир адамга каккан коңгуроосу сыяктанат.

Шаханов. Ар бир эл экономика тармагында өнүктүбү, жакырдандыбы, азып-тоздубу, саясатта согушка кийлигиштиби, өрнөктүү бейпил өмүр кечирдиби баары мамлекет башчысына түздөн-түз байланыштуу.

Маселен, соңку үч кылымга жуук мезгил ичинде кырк бир Президент бийлеген Американы алалык: ушулардын ичинде Вашингтон менен Рузвельттин абырою бийик. Анткени бири чачылган журт башын бириктирип, жаңы аймакка жаш мамлекет курса, экинчиси өлкөнүн экономикасын көтөрүп, дүйнө жүзүнө согуш апаатын алып келген фашизмди талкалоодо чечкиндүү күрөшкөнү менен урматка бөлөндү.

Улуу Британияны бийлегендеринин арасында ички, тышкы саясатта кыраакылыгынан мамлекеттин, элдин турмуш шартын көтөрүүдө ишкерлигинен көрүнгөн Черчилль жана «темир леди» атанган Маргарет Тэтчердин ысымдары алды менен аталат.

Ал эми коммунизм дартына чалдыккан Кытайдагы «Маданий революциянын» жетекчиси Мао Цзедундун түбүнө жеке адамга сыйынуу жолундагы каталыктары жетти.

Атактуу Ататүрк болсо бүткүл түрки элдеринин башын кошууда курама жыйып журт кылган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катарында тарыхка кирди. Эми бейиши болгур Тургут Озалчы?

Түркия агрардык мамлекет болуп, карызга белчесинен батып отурганда, жаңы реформа жүргүзүп, элин экономикалык кризистен алып чыгып кеткен жокпу?

Өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын кармаган адамдын жасаган жакшылыгы да, жамандыгы да желге учуп кетпейт, элдин тарыхында катталат.

Айтматов. Сен ушу таптагы эң көйгөйлүү ары курч проблеманы тарыхтагы жеке инсандын ролу туурасындагы маселени козгоп отурасың.

Шаханов. Ушу маекке киришээр алдында Никколо Макиавеллинин «Таксыр» аттуу китепчесин барактап чыктым. Бул китеп төрт жүз жыл бою көптөгөн элдердин императорлору менен королдорунун, герцогдору менен падышаларынын колунан түшпөй турган философиялык трактаттардан турат. Мында айтылган осуят, ой-пикирлерди ал турмак каардуу Сталиндин өзү кайта-кайта окуп үңүлүп туруптур дешет. Бирок, бул философиялык күчтү ким кандай максатка пайдаланат? Маселе ушунда.

«Мамлекет башчысы, – деп жазат китептин автору,– элди эки түрдүү ыкма менен башкарат. Бири – кабыл алынган мыйзам жолу менен, экинчиси – күч колдонуу аркылуу. Алгачкысы – адамга, кийинкиси – айбанга тең. Эгерде тартипти орнотоюн десе, башчы ушу эки ыкманы тең кармаганы абзел. Түшүнүгү жеткиликтүүлөрдү мыйзамды урматтоого үйрөт, баш ийбегендерге айла жок, күч колдон.

Өз боюңа арыстан менен түлкүнүн мүнөзүн калыптандыр. Арыстан – сүрдүү, түлкү – айлакер. Мунун бирин сырткы, экинчисин ички душмандарыңа пайдалан. Коркут да, алдай бил, алда да, коркута бил. Ошондо элдин эки тизгинин карыштыра кармайсың».

Айтматов. Ооба, ар кылымдын, ар коомдук түзүлүштүн өзүнө таандык мамлекет жетекчилери, бийликтин купуя сырлары болгон го. Бирок эң башкысы – жогорку ылаажым ээси карамагындагы элдин чексиз урматына бөлөнгүсү келсе, анын боюнан кайрымдуулук, адалдык, адамгерчилик, жан дүйнөнүн тазалыгы менен өзүн-өөзү ишенимдүүлүк мен мындалап, көзгө көрүнүп туруусу шарт.

Шаханов. Жетекчинин мүнөзүнөн өзүңүз көргүңүз келе турган беш касиетти санап бердиңиз. Ал эми «Так сыр» аттуу китепчеде, буга тескерисинче, башкаруучуну орго түшүрө турган беш бирдей терс мүнөздү атап көрсөтөт. Алар: туруксуздук, жеңил ойлуулук, адепсиздик, түркөйлүк жана тыңгылыктуу чечим кабыл алууга жөндөмсүздүк.

Ушунун баарын сыр алдырсаң – бүттү, кол астындагылар сени алдаганга, жаманатты кылууга даяр турушат деп жыйынтыктайт.

Айтматов. Чыгыш философторунун көөнө жазмаларынан окуганым бар эле. Жалпы мамлекеттин башчылары акылы, аң-сезимине карай үч топко бөлүнөт экен.

Биринчиси – кудайдын өзү тубаса акылдуу кылып жараткандар. Мындай башчылар узак мезгил бийлик башында турат жана элине көп жакшылыктарды жасайт.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>