
Кыргызстан Жазуучулар Союзунун VIII съездине карата, “Ленинчил жаш”.
— Аалы ата, сиз элибиздин алгачкы муундагы акын, жазуучулардай турмуштун оор азабын көп көргөндүгүңүз жазган чыгармаларыңыздан сезилип турат. Бирок ушул убакка чейин өзүңүздүн накта басып өткөн өмүр жолуңузду элестүү көркөм чыгылдырып турган автобиографиялык чыгармага кайрыла элексиз. Мындай чыгарма жазуу оюңузда бар чыгар. Болсо ал болочоктогу чыгармаңыздын өзөгүн түзүүчү өмүр жолуңуздун бизге белгисиз жактарын айтып өтсөңүз!
— Бул кезге чейин мен өз өмүр жолуман автобиографиялык көркөм чыгарма жазбасам да, айрым бир катар эскерүүлөрдү жаратып келатам. Чыгармаларымдын ичинен “Жараланган жүрөк”, “Таң алдында” өзүмдүн автобиографияма жакын экендигин окурмандар баамдаган чыгышаар. Дагы эсенчилик болсо мындай чыгармага кайрыламын деген ойдомун. Эми өткөн күндөрдөн эсимде калгандарын кыскача айтайын.
Алгач айылымдагы мугалимден арип тааныдым. Айланамдагы ар кандай көрүнүштөргө түшүнүгүм анча жете берчү эмес. Онго чейин санаганды, жазганды үйрөттү. Кой кайтарып жүрүп үйрөнгөн ариптеримди кол шилеп салган кумдун бетине жазып, колумду машыктырып өз алдымча жазып жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде жездем келип менин ой боюма койбой “эжең кел деп жатат” деп атып Кочкорго алып кетти.
Көлдүн аягы Рыбачыга келдик. Ал кезде эл Рыбачыны “Балыкчы” дешчү. Ар кайсы жерде он чакты жалпак үйлөрү болоор эле. Мына ушул жердеги зым карагайларга коюлган номерлерди кадала карап сандарын таанып жаттым. Бир маалда баягы билген номерлерим түгөнүп, карагайлардан мени таңдандырган сандар пайда боло баштады. Ондон кийин кошоктолгон “бир” турат. Кийинки карагайда бирдин артында “эки”… Бул бейтааныш сандар андан ары улана берди. Мен таң калып улам бир карагайдын түбүнө басып барып карайм. Мени ошондо жездем курган бала ар кайсы жакта тентип жүрүп эки эстүү болуп калган го деп ойлоптур. Ат үстүндө учкачып баратып ушуларга акылым жетпей таң калып койдум.
— Билимге болгон умтулууңуз ушуну менен токтолуп калган жок да, аны ал жактан кандайча уланттыңыз!
— 1923-жылы Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетинин (САКУ) даярдоо курсунда окуп калдым.
Бул окуу жайга киргенимде ушул жерден газета-журнал китеп, дубал газетаны биринчи жолу көрдүм. Казактын
“Эр Таргын”, “Алпамыш”, “Кобланды” эпостору менен тааныштым. Булардан башка дубал газеталар чыгаар эле.
Ушуга байланыштуу өмүрүмдө унутулбай калган бир кызыкты айтып берейин. Күндөрдүн биринде окуткан
мугалимибиз “Жалын” атту дубал газетасын көрсөтүп, баарыңар ушул газетага жазып тургула деп айтты. Окууну
эңсеп жүрүп кирген мен ага жазбаса окуудан чыгарып жиберет экен деп ойлодум. Эмнени жазаарымды деле
билбейм, бир баракка Кытайга барганыбызды, жетим калганымды жазып, илинип турган дубал газетанын бир
бурчуна чаптап койдум. Балдар көрүп: “Ой-бай мынау жау кыргыздын не калганы” деп шылдыңдап күлүп
калышты. Ызаланып ыйлап жибердим. Менин мындай абалымды көрүп С. Абланов деген казак мугалим “не
жылап отурсуң” деп мага кайрылды. Ага мен дубал газетаны көрсөттүм. Ушинтип жазып койсом, балдар мени
шылдыңдап күлүп жатышат дедим. Ал мага дубал газета жөнүндө түшүнүк берген. Ошондогу кылыгымды ойлоп
азыр да күлөм. Эми ойлосом үркүндө көргөн ошол жазмаларым ыр менен жазылган “Таң алдындагы”
романымдын алгачкы башталышы болуптур.