Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Ошол окуядан кийин узак ойго чөмүлдүм. «Мен не себептен жалгыз калдым? Же модадан артта калып жатамынбы? Мода дегенибиз – кайсы бир учурдун кызыл-тазыл бир талабы чыгар, бирок ал алып качма нерсе. Ошол мода бизди бүгүн гомосексуализмге сүйрөсө, эртең кайда алып барат?.. Акыр түбү адам менен малдын айырмасын таба албай калабыз го. Ал эми улуттук тарбиябыз, ички маданиятыбыз андай түркөйлүктөн сактайт. Жаманчылыктан периштедей коргойт. Эгер адам баласына чексиз эркиндик бергенде, ой-кыялы коргошундай эрип турган азыркы жаш өспүрүм кылымдан кылымга үзүлбөй келе жаткан улуттук адеп, ыйбаа, салт, адатка түкүрүп, Маркиз де Сад насыйкаттаган мыкаачылыктын жетегинде кете бербейби? Мен оюма бекем туруп, каршы болгонум таасир эттиби, фильм башкы сыйлыкты эмес, байгелүү орундун бирин гана ээледи.

Дагы бир кызыгы, кийин ошол фильмди Нью-Йоркто өткөн кинофестивалга алып барган экен, ал жерден баш байгени – Оскар сыйлыгын жеңип алыптыр.

Муну мен ушул заманга кеңири тамыр жайып кеткен адеп-ахлактын ордун алмаштыруучулук, адамгерчилик жактан келсек, барксыздык менен нарктуулукту чаташтыруучулуктун таасын көрүнүшү деп билемин.

Шаханов. Бир жолу аксакал калемгерибиз Габидин Мустафин экөөбүз Габит Мүсреповдун үйүнө бара жаттык. Чакалайдын чак түшүндө эшиктин алдында казактын жапжаш жигити менен кызы өбүшүп турду. Бизди көрүп кысынышаар десек, жок, эзилишип эрип баратышат. Ошондо Габең:

– Казандан капкак кетсе, иттен уят кетет,– деп наалып жер карады.

Татардын улуу акыны, ыйманы саламат болгур, Муса Жалилдин керемет ыры бар. Бир бойго жеткен кыз көчө таптап жүрүп, түндө үйүнө келсе, каалгасы бек экен. Эргилчектен (Штакеткадан) секирип түшкөн кезде абайлабай көйнөгүнүн этегин илдирип алба-далба айрып алат. Эртеси байкабастан жумушка келе берет. Аны көргөн айылдын башка кыздары: «Ой-и, ушундай мода чыккан экен. Биз андан калабызбы!» – деп бардыгы этектерин самсаалатып айрып алыптыр…

Чыке, менин баамымда адам баласынын 5–8 проценти гана (ылайым мен жаңылайын) өз акылы, өз идеясы менен өмүр кечиришет да, калганы андан-мындан көрүп, боюна чак келеби жокпу, баары бир тууроо менен тиричилигин өткөрүшөт. Өз улутунун, же болбосо уюткулуу маданиятынан иргеп өз боюна сиңире албагандар качан да болсо сокур тууроочулуктун, жетесиздиктин алгачкы курмандыгына айланышат.

Айтматов. Муха, жалаң улуттук идеологияга чектелип калуу бир жактуулукка алып келет.

Улуттук маданиятты жалпы адамзаттык өнүгүп-өсүшүнөн наар алдыруу, эриш-аркак алып жүрүү, учурдун талабынан кечиктирбөө керек. Демек, ар кандай түшүнүк менен көз караштардын өзү бир алкакка сыйбай, солкулдап турган азыркы мезгилде элдин руханий, маданий байлыгын топтогон түшүнүгү кеңири интеллигенция өкүлдөрүн, төбөсү көрүнгөн ири окумуштуулар менен даанышмандарды жыйнап – бул дурус, ал эми мындай багыт зыяндуу, – дегендей культурологиялык багытта мамлекеттик деңгээлде иштелип чыккан жыйынтыктуу бир чечим кабыл алуу зарыл сыяктанат.

Табу деген – бул жакшы менен жамандын, пайдалуу менен зыяндуулардын ортосундагы чек ара. Ойлонбостон сокур тууроочулуктун айынан өзүнүкүн жерип, өзгөнүн жылтырагына көз артуу – азыркы өткөөл кезеңге мүнөздүү көрүнүш. Мындай учур Австралия менен Германияда, көчөлөрүн шампунь менен жууй турган Бельгия, Люксембургда да өткөн. Улуттук маданият менен искусствого алар кийинчерээк бет алышкан. Маселен, «жылаңач жаңылык», «сексуалдык революция» деген кооптуу агымдардын аягы бул мамлекеттерде басаңдады да, ушундай тополоң азыр бизди каптоодо.

Дагы бир мисал, Люксембургдун көчөлөрүнөн ири арип менен жазылган. «Биз башта кандай болсок, ошол бойдон калгыбыз келет!» деген ураандардан көрөр элеңиз. Мунун өзүнө таандык мааниси бар. Европадагы ушу кичинекей журт Франция, Германия, Голландия сыяктуу цивилизациялуу, азуулуу мамлекеттер менен коңшулаш турат.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>