Кырманга кызылыбыз толуп, корообузга мал толуп, төрүбүз кеңейип келе жатканда, «Ой кулаксың» деп дагы бир жагынан чыга калышты. Кимдин байлыгын басып, конушун тартып алдык эле? Тапсак кара жерге маңдай терибизди тамчылатып жүрүп тапкан өз мээнетибиз. Жанды багабыз деп жүрүп, өзүбүзгө өзүбүз кыянаттык кылганыбызды ошондо бир билдик. Убал болот дешпеди абакка салды, Сибирге айдады, атылгандар канча? Чарбасына ким тың болсо, ошол алды менен кысмакка алынды. Ити чөп жеп, ташы өйдө кулаганды көрө албаган ичи тарлардын күнү тууду. Элдин тагдыры ошолордун колунда эле.
Аттуулар атынан, тондуулар тонунан айрылып, түнөгөнгө үйү, жыртаарга жери жок, итке минип калды. Арадан эки жыл өтпөй жатып, аталарыбызды «кулак» деп кармап берген бузукулардын өз башы жалаага чарпылып, сот менен отко катарынан кабылды. Өзөгү ач эл башы оогон жакка каңгып басып калышты. Көпчүлүгү жүнү жулунган тооктун кейпин кийишти. Ысык менен сууктан качып корголоорго көлөкө да жок эле…
«Кызыган кепти кымыз чыгарат» дейт. Карыялардын айткандары кызып-кызып деги кеп тизгини тартылаар эмес. Канчалаган кайгылуу окуялар айтылды, не бир зулумдуктун бети ачылды. Жер-жерлерде «Кудайсыздар комитети» уюштурулуп, дин орду-түбү менен жоюлду. Дагы ошол дасторкон башында кимди-ким түрмөгө отургузуп, өлүмүнө себепчи болгонун, кийиз менен килеми, самоору кимдердин колунда кеткенине дейре айгине болду. Алда качан көз жумса да, бирөөлөр арамзалыгы үчүн көрүндө жатып каргыш укту. Тескерисинче жаны түбөлүк жаннатта болуп кетсе да, кээ бир жетекчилердин атына: «Көйкашканын өзү эле! Калың элди өгүздөй өргө сүйрөгөн — ошол. Маңдайыбызга сыйбай кетпедиби?» — деген алкоо кептери айтылды.
Жалпы элге кылган жакшылыгың да, кыянатың да өзүң менен көргө кошо кетпейт деген ой башыма онунчу, балким ушундай окуялардын жетегинде жыйырманчы, же элүүнчү ирет кайта келген чыгар.
Ооба, Кеңеш доорунда биздин калкыбыз ой-пикирдин карама-каршылыгына толгон кыйын кезеңди башынан кечирди. Адам турмушунан диндин четтетилиши коомду кеңири утулушка алып келет экен. Буга тескерисинче бир мисал:
Мен Люксембургда жүргөнүмдө мага ошол кездеги Германиянын Президенти Вайцзеккердин канцеляриясынан: «Вайнград Католик академиясында маданият ишмерлеринин чоң жыйыны болот. Ушуга Президентибиз Сизди кадырлуу мейман катары чакырат. Вайцзеккер мырза көптөн бери өзүңүз менен таанышууга дилгир», — деп мага эки-үч ирет телефон чалды. Чакырууну ыраазычылык менен кабыл алып, жолго чыктым. Жыйын, жогоруда айтканымдай, Вайнбургдун Католик академиясында өттү. Президенттин өзү лекция окуп, элдин руханий байлыгын, маданият менен диндин тутумдаштыгын ар тараптан баяндап берди. Вайцзеккер дүйнөлүк адабият, маданият менен жакшы тааныш, руханий байлыгы мол, билимдүү адам экен. Жалпы цивилизациясы Батыш Европа элдери эзелтен бери бир арабага чегилген кош ат сыңары маданият менен динди экиге бөлүп, бири биринен бөлөк карабайт. Булар бир бири менен тутумдаш. Мен өзүмдүн аңдап байкашымча, дин маданият үчүн адам рухун байытуунун өңүтүн издештирүүдө, анын алдына жарык берип тура турган ажырагыс прожектор десем болоор.
Ошол күнү мага улуттук рухтун ушу эки бөлүгү ажырагыс бирдикте болушу керек экен деген ой келди.
Шаханов. Уюткулуу элдин маданияттуу жетекчиси деген ушу. Жогоруда айтканыңызга карама-каршы башымдан өткөргөн бир окуяга токтолмокчумун.
Ал кезде жыл сайын өткөрүлүп турган улуу Пушкиндин салтка айланган поэзия күндөрү алды менен Псков жеринде баштала турган. Атактуу Полянада 20-25 миң адам баш кошуп ыр окуп, поэзия күндөрү таза эле шаңданып көркүнө чыгаар эле. Уландысы Москвада өтүп, Союздар үйүнүн Колонналар залында пушкиндик окуулар менен аякталчу. Дүйнө жүзүнөн атактуу акындар катышып, кезектешип сөз алып, аны Борбордук телевидение аркылуу бүткүл Советтер Союзуна көрсөтүлчү.