Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Мамлекет жетекчиси болуу деген ар дайым ийненин учунда, кылычтын мизинде олтургандай өтө татаал, ары жооптуу иш. Кээде бир чамгарактын астында түтүн булатышкан агайын-туугандар өз ара ыркы келишпей, жакалашып калышат. Ал эми бүтүндөй мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын алуу, кырк уруу элдин башын кошуп, ынтымактуу ырашкердикте биримдигин сактап, ички жана тышкы саясатын бекемдеп, маданиятын көтөрүү, байлыгын арттыруу, көрүнгөн эле жетекчинин колунан келе бербес түйшүктүү да мартабалуу да милдет.

Алмаз кылыч тариздүү го эл деген,*
Кармай билүү бир өнөр,
Жумшай билүү бир өнөр,
Кайрай билүү бир өнөр,
Колуңдан саал чыгарсаң
Өз башыңа шилтенер.

* Которгон – Өмүрбек Тиллебаев.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>