Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Демократия алды менен тамтуң басып телчигип, журттун санаасында козголо баштады. Кийин учкундан жалын тутанды. Бул өзүнчө сөз. Биздин Кытайга сапарыбыз Пекиндеги жаштар менен студенттердин толкундоолоруна тушма-туш келди. Тяньаньмэнь аянтына миңдеген киши жыйналып, өкмөтүнө өз талап-мүдөөлөрүн коюп, күнү-түнү толкундоолор бир басылбай, жалындап турган учуру экен. Кытайга Горбачевдун келгенин угушкан козголоңчулар уламдан улам көбөйүп, дагы кеңири кулач жая берди.

– Горбачев биздин арабызга келип, сөз сүйлөп берсин! Калың элди демократиянын сабактарына каныктырсын. Чыдамсыздык менен күтүүдөбүз, – деп өз беттегендеринен тайбагандар ачык талап коюшту. Алардын өтүнүчтөрүн радио, телевидение элге күнү-түнү жаагы басылбастан кабарлап жатты. Кытайдагы чет элдин элчиликтери эми эмне болуп кетээр экен, Горбачев козголоңчулардын айткандарын аткарабы, жокпу? – деп элеңдешип турду. Ушундай кысталышка кабылган Горбачев катуу кыйналды. Эмне кылуу керек? Мындай учурунда, араларына барсам, кайра куруунун маани-маңызын айтып, жаштардын толкундоолорун ого бетер күчөтүп жиберемби,– деген ойго да келди. Жанындагы кеңешчилери: – Сиз, Кытай өкмөтүнүн чакыруусу менен келген коноксуз. Негизги максатыңыз – өкмөт жетекчилери менен бирдикте болуп, түрдүү келишим шарттарга кол коюу. Козголоңчуларга барсаңыз, ушул макулдашылган иштердин баары бүлүнгөнү турат. Сиз, өзгө элдин ички саясатына кийлигишүүгө кандай акыңыз бар?– дешип калыстыкка чакырышты.

Антсе да өзү баштаган идеянын жайылганына өзү дем бере албай, жалтактагансып көрүнүп, кыйналып-кысталган Горбачев ар кимибиз менен жекеме-жеке кеңешти.

Акырында Тяньаньмэнь аянтындагы жаштарга Горбачевдун колдоо көрсөткөн ачык каты жөнөтүлдү.

Бир кызык жери биздин топту кабыл алып, сый тамак берген өкмөт үйүнүн терезелеринен Тяньаньмэнде жыйналган козголоңчулардын кара таандай карааны көрүнүп турду. Катар-катар кылып чатыр тигип алып, тап жылаар түрлөрү жок. Бир максат жолунда бириккен кытай жаштары агылып келип, үстү-үстүнө кошулуп жатышты. Араларынан машиналардын өтүшү да мүмкүн эмес, жолдун баары туш тараптан курчалган. Күтүлбөстүктү караңыз, машиналардын биринин ичинде Горбачев олтурат, ал эми сыртында анын идеясына шыктанган жаштар козголоң чыгарып жатышат. Бирок, бири-бири менен бет маңдай келишип, бир ооз сөз айтканга даай алышпайт. Колу-бутуңду эрксиз тушаган саясаттын чырмоогу деген ушул эмеспи.

Биздин делегациялык топ элге кайтып кеткен соң эки-үч күндөн кийин Кытайда кан төгүүлөр башталды. Жүздөгөн жаштардын толкундоолор учурунда курман болушкандыгын дүйнөнүн журтчулугу жакшы билишет.

Шаханов. Менин оюмча, Горбачев бийликке демократиялык мүнөздөгү шартта келди. Болуптур дейлик. Экинчи жагынан, тоталитардык түзүлүш калыптандырган диктаторлуктан да ажырагысы жок. Башкача айтканда эки кочкордун башын бир казанга салып кайнаткысы келип, көп аракеттенди. Кайсы элдин тарыхына көз жүгүртсөңүз да, мындай иштөө мүмкүн эмес эле. Ооба, демократ болсоң, диктаторлуктан кеч же, тескеринче иште. Горбачевдун түбүнө жеткен ушул экөөнүн бирин өлүмгө кыйбаган олку-солкулугу деп билемин.

Айтматов. Ырас, сенин мага караганда Горбачевго болгон көз карашың катаал. Ал кезде Желтоксон окуясы бир жактуу бааланып, «казак улутчулдугу» деген каргынын копшолбой турган чагы. Сенин съездде сүйлөгөн сөзүң Кремлдин боорунда бомба жарылгандай болбодубу? Сени ошол кезде бир балээге кабылып калабы деп, кооптонуп жүргөнүм да ырас.

Шаханов. Ооба, Горбачевдун башынан да бийликтин доорону өттү. Желтоксон окуясы дүйнөнүн тарыхынан Эл аралык деңгээлдеги татыктуу баасын али да толук ала элек. Бирок, калкыбыздын маңдайына каргыш тамгасындай болуп басылган «казак улутчулдугу» деген курулай жалаа жулунуп ташталды.

Москвада Сиздин «Кассандра тамгасы» аттуу романыңыздын талкуулана турганын, ага Горбачевдун катышаарын өзүңүздөн алдын ала билсем да, кызмат жагдайына байланыштуу бара албадым. Демократия менен диктатураны кошоктоштуруп бир чеңгелдемекчи болгон башчы менен арадан жылдар өтүп, бир ой бөлүшкүм келген эле…

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>