Анын учурунда туш келген адамдын өтүнүчү аткарылбай калбаптыр. Королдун иш билгилигине достору түгүл, душмандары да таңыркап, кулдук урушкан.
Ошондуктан арадан эчендеген кылым өтсө да, Карлдын ысымы Франция бийликтегилеринин алдыңкы катарында зор урмат менен аталат.
Шаханов. Ооба, дүйнөнүн тарыхында жакшы мисалдар аз эмес. Римдин атактуу императору Весисиандын уулу Тит такка олтурган эки жыл ичинде өзүнүн карапайымдыгы, эмгекчилдиги менен тилектештүүлүгүнүн аркасында бүткүл римдиктердин сүймөнчүлүгүнө бөлөнүп, «адамзаттын асылы» деген наамга арзыган.
Бир ирет Тит жан-жөкөрлөрүнүн курчоосунда Рим көчөсүндө келе жатса, жардап турган көпчүлүктүн арасынан алба-далбасы чыккан кайырчы бала императорго амандашмакчы болуп кол созот. Мурда кийин мындай шумдукту көрбөгөн журтчулуктун жүрөгү токтоп кала жаздаган. Титтин жан-жөкөрлрүнүн бири ага дароо кылычын ала коюп умтулат.
— Токтот! деген ошондо император дабышын өктөм чыгарып, — баланын не жазыгы бар?
— Сизге кол бергени, чектен чыккан уятсыздык эмеспи, таксыр?
— Элимдин жаш атуулунун дээринде бар экендигин көрсөтүп турат. Анын колун албасам, меники адепсиздик.
Кайырчы бала менен жылуу-жумшак амандашып, аркасынан эркелете жонунан таптаган Тит:
— Мен император, бул — кайырчы болсо, ал — кудайдын кылганы. Ал эми жылтыраган кийим адамгерчиликтин, эски-уску акылсыздыктын белгиси боло бербейт, — деп жез мундири жаркырап турган жан-жөкөрүнө жемелей көз таштаптыр.
Ошол учурда «Жашасын Тит!» — деген кыйкырык бүтүндй Рим асманын жаңырткан.
Императорго да кол берүүгө болот экен да деп таңыркаган калк, Титтин алаканын аярлап кысып калууга кезекке да турушкан.
Ар бир мүнөтүн эсептеп, эл үчүн жаргак кулагы жаздыкка тийбей жүргөн император бир күнүн байкоосуздан текке өткөзүп алып:
— Достор, мен бүгүн бошко өмүр сүрүпмүн! деп чочуп кетиптир.
Ал эми тескерисинче, Сиам королу менен королевасы өздрүнүн Сарайдагы саналуу гана жогорку мартабалуу урмат ээлеринен башка тирүү жан кол берип амандашууга, ал турмак кийимдин сыртынан болсо да жакындашууга болбой тургандыгына байланыштуу катуу тартип кабыл алышкан. Акырында ушунтип жиктелүүнүн залакасы да тийбей койгон эмес.
Жайдын бир толук кезинде королдун зайыбы Сунан көлүндө кайык менен сайрандап жүргөн. Капыстан жел боло калып, кайык коңторулуп кетет. Иримге бир чумкуп, суу жуткандан улам какап-чакаган айым жан далбастап кыйкырганда, жээгиндеги жүздөгөн кызматчыларынан бири да тобокел деп куткарып калууга чыгышпайт. Анткени, жогору мартабалууга колуңду тийгизсең болду, жазага тартыласың.
Эмне кылуу керек?
Уулдап-чуулдаган кызматкерлер сарайга жүгүрүшүп, жогорку даражалуу бирөөнү ээрчитип келгиче, айым тумчугуп о дүйнөгө аттанып кетиптир.
Айтматов. Люксембург герцогу шайланаарда коюулар башкы талап: ал бийлик башында, жеке өмүрүндө акыйкатчылыгы, айрыкча аруулугу менен эл урматына бөлөнгөн жан болуусу тийиш. Жалпысынан «Улуу герцог» — «Грандюк» — бул элде ошол мамлекеттин чаң-жукпаган, темгил түшпөгөн ыйык сөөлөтү. Бийлик башына ким келбесин, баары бир ушул катаал талаптын ширөөсүнөн чыгышы керек.
Ар багыттагы партиялар менен оппозициялык күчтөр менин Советтер Союзунун элчиси болушума туура келген Люксембургда да аз эмес. Ал эми герцог — алардын баарына бирдей эң жогорку бедел. Ошондуктан бирин боорго тартып, экинчисин көкүрөккө түртүү ага жат. Кыйма-чийме кайчы пикирлерге толгон күндөлүк басма сөздөрдөн ал кишинин абыроюна шек келтирген бир ооз сөз жазылганын окуй албайсың. Бул элде демократиянын жоктугунан эмес, тескерисинче ага болгон терең урматтоонун белгиси.
Шаханов. Тарыхый өнүгүү менен демократиялык бийликтин өзгөчө бир жолун тандап алган башчы гана мындай урматка бөлөнсө керек.
Айтматов. Акыйкаттыгы — ушу. Люксембург герцогу үчүн өмүрдүн эң башкы урааны — адалдык менен адилеттик. Карапайымдыгы да эсте каларлыктай экен. Люксембург жерине суу ташкындап кетип, тургундар убаракерчиликке түшүп жатышты.