Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Татар тилмеч алган чоң үйүрмөнүн (делегациянын) мүчөлөрүнүн ар кайсысы айтаар сөзүн, көрсөтөр сый-урматын кайра-кайра такташып, падыша сарайынын улагасын аттайт. Казак талаасынын аттуу-баштуу өкүлдөрүн кабыл алууга Анна Иоанновна алдын ала макулдугун да берген экен. Алыстан айлап жол жүрүп келишкен казактардын кабыл алуу бөлмөсүндө күтүп турганын кызматкерлери тагында алтын менен каухарга бөлөнүп эргип олтурган Анна Иоанновна падыша айымга жеткизгенде, ал:

– Өтө маанилүү бир ишим чыгып калды. Голландия королу сыйга тарткан маймылым бүгүн таң алдында тууду эле. Балдары ушундай сүйкүмдүү. Ошонун айынан башым ансыз да катып турат, кабыл ала албайм…– дептир.

Айтматов. Ооба, тарыхта мындай кейиштүү да, күлкүлүү да фактылар аз эмес. Мен да ошолордон айрымдарынан маалымат бере кетейин.

Аты чуулгандуу падыша айым Екатерина бийлик курган кылымда Малороссия да (Украина менен Крым) Россия империясынын курамына кирген. Анын губернатору болуп падыша айымдын өтө жакын досу, санаалашы Григорий Потемкин дайындалат.

1787-жылы падыша айым карамагындагы Малороссия калкынын турмушун көрүп, ал-ахыбалы менен таанышууга ниеттенип сапарга чыгат. Петербург менен Киевдин арасындагы 76 станса менен 35 элдүү бекетке падыша айым токтойт, түштөнөт, тыныгат деп белгиленет. Жайнаган ат кошчулары менен бирге чыккан Екатерина II мурда белгиленген жол менен жүрүп келе жатып, Малороссия калкынын өтө бай да, жетиштүү, ары өз турмуштарына ушунчалык ыраазы экенин көрүп, айрыкча кубанычка бөлөнөт. Алдыларынан обон созуп ырдап, бийлеп каршы алган калк, күтүрөтүп айдаган мал, оозу-мурдунан чыгып тургансыган кап-кап аштык, чынында да элге жаны ачыган губернатордун эмгегинин жемиши эмеспи?

Жо-жок, Петербургка келген соң, Потемкиндин куу амалкөйлүгү ашкереленет. Көрсө, ал падыша айым өтөт деген жолдун боюндагы элди алдын-ала кийиндирип, жасандырып дайындап койгон экен. Ал эми өрүштөгү жайнаган малчы? Анын да эсебин тааптыр. Бир станса да падыша – айымга көрсөткөн көп малды Екатерина II тыныгып жатканда, түн жамынып айдап, келерки токтой турган бекетке, же стансага жеткирип коюп турушкан.

Ал эми кампадагы кап-кап аштыктарчы? Текчеленип турган каптардын ичинде эгин түгүл бир тоголок дан да жок, көрсө баарына топурак толтурулган экен.

Канчалаган бийлик ээлери карандай башынын камын калкалаган Потемкин сыяктуулардын алдаганына ишенип, жаза тайды десеңчи. Бул күлкүлүү окуя орус жылнаамасына «Потемкинские деревни» деген ат менен киргизилген.

Шаханов. Мындай кокуй күн мисалдар дүйнөдөгү бийлөөчүлөрдүн тарыхында миңдеп саналаар. Маселен, Калигула Римдин императордук тагын ээлерде, айрыкча көрөгөчтүгү менен аты чыккан Тиберий: «Бул өзүнө да, өзгөгө да, жакшылык жасабайт. Тек Рим калкына эмес, бүтүндөй ааламга апаат алып келе турган сур жылан өсүп келет»,– деп чоочулаганын билдирген.

Такка олтурган император бийлигинин алгачкы күндөрүндө айрыкча ишкерлиги, мээримдүүлүгү менен эл журттун оозуна алынат. Тарап кеткен калк жыйынын калыбына келтирип, бой көтөрбөй айгине адамдарга жогорку мартабадагы иш орундарын сунуштайт. Ливий менен Тиберийден калган көп акчаны, алардын өлөөр алдында калтырган керээзинен улам Рим калкына тең бөлүп, үлөштүрүп берет.

Бирок бул алдамчылык көрүнүш эле. Арадан аз убакыт өтүп, так менен таажынын чыныгы ээси өзү экенин сезген соң, Калигула байыркы эсирген адатына кайтадан түшөт.

«Анын акмакчылыгы менен эсиргендигинде чек жок эле,– деп жазышат байыркы дүйнөнүн тарыхчылары.– Өзүн тирүү кудай сезди. Айланасындагылардын баары ага эртели-кеч ийилип-бүгүлүп турушар эле».

Кол алдындагылардын кулдук ургандарына табасы канып, колуна шапалак урган Калигула «Жек көрсө мейли, тек корксо болгону» дегенди дайыма кайталап жүрө турган.

Өзүн тубаса бүткөн актёрмун, ырчы, ары чебер бийчимин деп санаган император мамлекет ишин унутуп, күнү-түнү дебей оюн-тамаша курган.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>