Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Өз элинин байыркы замандардан башталган тарыхын, тагдыр таржымалын беш манжасындай билген Аскар ыңгайы келген ой бөлүшүүсүндө жалпы адамзатка таандык мурастар менен эчен кылымдык уюткулуу философияларына айкалыштырат. Аскар менен бир аз гана сырдаш боло калган адамга нуру тамган бетинин уяңдыгынан улуттук деңгээлдеги жогорку интеллект менен билимдүүлүк жуурулушуп турганы анык баамдалаар эле.

Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда менин чыгармачылыгыма арналган кече өтүп, андан кыргыздын жаш акыны Өмүрбек Тиллебаев мазмундуу ырын окуду. Ошондо залда олтурган республиканын Президенти:

— Мобул жигиттен жакшы акын чыкканы турат, — деп калемгердин аты-жөнүн шак чөнтөк дептерине жазып алды. Жылт эткен жаңылыкты калпыс жибербей, кубана колдой билүү да эл башчысына түздөн-түз башкы милдети.

Аскар кыргыз поэзиясынын асманынан куйруктуу жылдыздай эрте учкан жаркын талант Алыкул Осмоновго коюлган ыйык эстеликти өз каражатына (калем акысына) орнотту.

Соңку жылдары жалпы эле искусство жаатына, ошонун ичинде театрга да элдин мамилеси мурдагыдай эмес, солгундады. Мындай болуусуна эгемендик алган жаш республикалардын театр маданий жайларын каржылоонун тартыштыгына кириптер болгон кыйын экономикалык ахыбалы башкы себеп болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Арсен Өмүралиев жетектеген Бишкек шаардык театры көрүүчүлөргө япон драматургу Модзаэмон Тикамацунун «Амудзима» аттуу драмасын даярдашыптыр. Бет ачарына Аскар Акаев баш болгон мамлекеттик жетекчилер, элчилер менен интеллигенция коомчулугунун өкүлдөрү атайы чакырылыптыр.

Кыргыз тилинде туңгуч сахналаштырылган бул чыгармадагы каармандардын кейипкерлерин аткарышкан актёрлор япон калкынын алдыңкы маданияты, турмушка болгон көз карашы менен улуттук өзгөчөлүгү, мүнөзү айкын чагылдырылганы көрүүчүлөргө жылуу таасир калтырды.

Оюндун аягында уй-мүйүз тарта олтуруп, түз эле пикир алышууга өттүк.

СССРдин учурунда Японияда башкы консулдук милдетти аткарган, мурдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдыразаков, Россиянын элчиси Михаил Романов, Пакистандын элчиси Назар Аббас, Индиянын элчиси Рам Сваруп Мукиджа дагы мен, барыбыз сахна төрүндө кенен-кесири олтуруп, жаңы коюлган спектаклдеги боёктор табылгалар ойдун сакталышы туурасында кезектешип, алган таасирлерибизди, пикирлерибизди ортого салдык. Биздин жалпысынан учкай айтылган пикирибиздин аягында Аскар Акаев өзү сөз алып, агынан жарыла орошон ойлорун оргуштатып бир төктү дейсиң. Президенттин терең философиялык талдоосуна, билим, интеллект деңгээлине айрыкча таң калып тамшандык. Баамдасак Аскар Акаев Асекеңден пьесаны алдын ала алдырып, окуп чыккан экен. Ары түп нусканын кыргызчага которулуш жагдайлары менен таанышыптыр. Котормонун чеберчилигин ынанымдуу мисалдар менен далилдеп, таасын көрсөттү. Муну менен эле чектелбестен Модзаэмон Тикамацунун калеминен дагы кандай чыгармалар жаралгандыгын дагы кайсы тилде жарыяланганын, ал турмак башка жазуучулардын ушуга окшогон табылгаларына салыштырып, ийне-жибине чейин талдады.

Спектаклдеги ар түркүн мүнөздөгү кейипкерлерди аткарышкан актёрлордун чеберчиликтери кандайча элестүү жуурулушуп турганын салмактуу ой, жатык тил менен баяндаганда, олтурган көрүүчүлөр дүркүрөтө кол чаап жиберишти.

Өзгөлөрдү билбейм, өзүм ошол жолу театрга башта кандай барсам, ошондой даярдыксыз баргандыгымдан катуу уялып калдым.

Айтматов. Ооба, кыргыз өлкөсүндө чексиз бийликтин өзүнө адамгерчиликтик аяр мамиле менен караганга боло тургандыгын өз алдынча ырастап келе жаткан Аскар сыяктуу ининин бар болгондугуна кудайга миң мертебе каниет кыласың.

Муха, биз фараондордон баштаган маегибизди өзүбүз ардактаган боордош үч мамлекеттин президенттерине алып келип такадык. Башчы болуп, жамы журттун көңүлүнө жаккан бийлик ээсин өмүрүмдө көрбөпмүн. Дээрлик, Нурсултан, Ислам, Аскар тууралуу да эл оозунда ар кандай пикирлердин, кээ бир карама-каршы көз караштардын, ал турмак наалаты кептердин да болуусу мыйзамдуу.

Биз болсок, алардын бийликтеги алгачкы шилтеген кадамына, руханий байлыгына, эл башчысына мүнөздүү, өзүбүз тикелей күбө болгон бирин-экин окуяларга гана токтолдук.

Ошондой эле жан дүйнөбүздү түпөйүлдөнткөн айрым бир жагдайлардын да бар экендигин жашырбайлык…

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>