
Жакшыбы, жаманбы, калпбы, чынбы ар бир элдин өзүнө гана таандык тарыхы болот. Ошондуктан анын жакшысын көтөрө чаап, жаманын жашыруу же түрдүү косметикалык боёп түзөөдөн, жамап-жаскоодон өткөруүу — адамзаттын коому алдындагы кечиримсиз күнөө. Анткени, ар бир муун өз түпкү тарыхын өзгө элдердин өсүп өнүккөн, басаңдаган учурларын же ага эбепке-себепчи болгон эчендеген окуяларды салыштыра келип, эртеңкисине багыт алат.
Сага айтар сыр бар дейт, чөптөр бойго асылып,
Өткөн күндүн бүт белгиси жатат кумга басылып.
Кум астынан ата бабаң кулак төшөп, туят, бу,
Сенин ар бир кыймылыңды тыңшап жаткан сыяктуу.