Бүлбүлдөйт түндө шам чырак.

Айылга киши-кара жөө-жалаң каттагандыктан өрөөндө жалгыз аяк жол көп. Биринчи мен келем. Мөлтүр асманда түрмөктөлгөн ак булуттар. “Сүрөтчү булут бардыгына окшош” – дейм ичимен. Аларды мен эки гана нерсеге окшотом. Бирин “келин алып кел” деп тилек кылган апамдын тыткан жүнүнө, экинчисин мени кат күттүргөн кыздын жоолугуна… Апам “келин алып кел” деп айтып калганында, мен жоолугун булутка окшоштурган ал кызды эстөчүмүн. Келинин көрүүгө зар болгон апамдын эң мыкты келини болот деп аны ойлогом.

Эми ошол кыз менен бул жалгыз аяк жолдо кол кармашып бирге өткөргөн түндөрдү эстеп жүрөм. Кыздын аты – Саадайым. Азыр шаарда окуп жатат. Андан дайыма кат күтчүмүн. Өзу тээтиги суунун аркы өйүзүндөгү корукчунун кызы болот. Атасы ошол беттеги эгинге кышы-жайы корукчу болгондуктан Кызыл-Адырдагы жалгыз бир үйдө турат. Сууну кечип өтүп баратканымда, артынан ээрчий карар элем. Баарынан да мага ошол учуру кымбат эле. Сууну кечкенимде көйнөгүнүн этегин өйдөлөтүп аяр кармап, апакай балтыр сандары көрүнө түшүп, ийни ылдый төгүлгөн чачы сууга тиер-тийбес болуп өтчү. Анын суудагы мындай абалы көзүмө жакшы көрүнчү. Айлуу түндө ушул сууну жээктей басып жүргөнүбүздө, ай нуру сууда мелт-калт болуп кошо аккасыйт. Жээгиндеги ит мурундарды кармалап көрөбүз. “Булар эми гүлдөйт”, — дейт Саадайым. – Анан мен кызыл ашынан жипке тизип мончок кылам” – дечү. А мен жолукканымда угуп көргөн кызыктарымдын баарын айтууга ашыкчумун.

— Булар күн күркүрөгөндө сүткө толду – деп, талаадан казып алган корголдой мандылактарды берчүмүн. Ал турмак апам айткан: илгери каркыралар келген жылы баласыздар бала көрүп, жакшы жыл болгонун айткам. Ага айтканымда үстүбүздөн канаттары шуулдап каркыралар учуп өтүшкөн эле. Ошондон улам эсимде түшкөн. Биз анда ал экөөбүз Кызыл-Адырда турган элек. Каркыралар болсо үстүбүздөн жай гана каалгып учуп баратышкан эле.

– Каркыралар – дедим сүйүнгөнүмдөн. Саадайым да: — Карачы, Нуртай, кандай жакшы канаттуулар! Баары тизилип учушат ээ деп жоолугун булгалап турган. “Адамдарга жакшылыкты каркыралар канаттарына кошо илээштирип келишет” – деп көңүлүмө жат болгон ападын сөзүн айтып бергем. Мен Саадайымга дайыма жумуштан келип, көз байланган кезде барчумун.

Күүгүмдө адырдын түбүндөгү үйүнөн анын бүлбүлдөгөн чырагы жанып калат. Ал чыракты күн сайын тиктей берип, менин жакшы көргөн чырагым болуп кетти. Түнкүсүн барып бул чыракты колума алып кармалагым келчү. Бир күнү ушул чырактан улам:

— Саадайым, кечкисин чыракты сен жандырасыңбы? – деп сурагам. – Ооба мен жандырам. Эмне болду? – деп суроомо таңдана караган. Мен ага оюмдагынын баарын айткам.


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 Кийинки >>