Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Михаил Сергеевич менен Сиз өтө жакшы карым-катнашта болдуңуз. Ал өз башы үчүн кооптуу кадамга билип туруп тобокелге бардыбы, же коомдун өзгөрүүсү менен өнүгүүсү аргасыз мажбурладыбы?

Айтматов. Туура айтасың, ошол кезде Горбачевду кай жагынан алып карасак да жаңылыгы менен ички карама-каршылыгы дал келген саясий ишмер болду. Өзүнө чейинки көсөмдөр басып өтүшкөн сокмо жолдор менен кете берсе, өлкөнү башкара берер беле, ким билсин? Жок, ал аны каалабады.

Элибизде демократиялык толкундоолордун арааны жүрүп турган учуру. Кремлдеги бир жыйын алдында Горбачев менен кездешип калдым.

– Жүрүңүз, жайынча акылдашалык,– деп ал кабинетине баштап келди.

– Орто Азия менен Казакстандын азыркы жагдайы Сизге алда канча тааныш. Бүгүнкү күндөгү саясий, маданий ахыбалы, экономикасы жөнүндө кандай ойлоруңуз бар? – деп суроо таштады.

Өзүмдүн көргөн билгенимди, көңүлгө түйгөнүмдү алдыга калчай таштадым… Өзүбүзчө олтуруп көпкө сүйлөштүк.

– Мен Сизге бийлик туурасында бир аңыз айтып берейин. Мени туура түшүнөөрсүз деп ойлоймун,– дедим. Ал үнсүз баш ийкеди.

– Бир элди заманында аты айгине император бийлеген экен. Ага алыстан ат арытып келген бир жолоочу мындай аңгеме айтат: «Таксыр, сиз бийлик башына келээрде, кол астыңыздагы эл журтка толук эркиндик берүүгө убада кылдыңыз. Бирок эркиндик берген соң, сиз калкыңыздан жакшылык көрөм деп ойлобоңуз. Жакаңызга жармашат, бийлигиңизге коркунуч келтирет. Акыры өзүңүздү тактан жылбыштырып тынат. Ошондуктан али да кеч эмес, ойлонуңуз. Алдыңызда эки жол турат. Ооба, элге эркиндик бериңиз, же болбосо бийлигиңизди уучуңуздан чыгарбай, бекем кармап калыңыз.

Калыптанган тартип боюнча, улуу падышанын ишине аралашып, абыроюна шек келтирүү кесирлик. Андай адамдын башы алынышы да ыктымал. Муну биле турган императордун желдеттери ээси көз ымдаса бүттү, алиги бечаранын башын шарт алып таштоого шайма шай турушат.

– Бул адамга менин атымдан сыйлык бергиле. Өз жолу менен кетсин,– дептир узак ойлонуп калган император».

Менин айткан акылымды Горбачев үнсүз тыңшады. Эмнеликтен бул аңызды айтып олтурганымды түшүнүп, ал турмак өңү кубарып кетти.

– Чыңгыз Төрөкулович, мен эми алган багытымдан тайбаймын! Артка кайтаар дарман жок. Эл журтка эркиндик алып беремин деп убада берген экемин, акыр аягына чейин таюу тартпайм! Ушу жолдо бийликтен айрыламынбы, же башым кетеби, баарына тобокел эттим, – деди.

– Эмесе, ушул тандаган жолуңуз байсалдуу болсун! – деп жылуу-жумшак коштоштум.

Оозума кудай сала берген экен.

1991-жылы Москвада «бурк» эте түшкөн саясий дүрбөлөң Ельциндин жетекчилиги менен басылган кезде, Парижде чыга турган «Париматч» деген газеттен мага телефон чалып: «Сиз Горбачев менен жакын, пикирлеш адамсыз. Азыр ал тарыхтын сахнасынан кетип бара жатат. Ушул туурасында эмне айтаар элеңиз?» – деп кайрылып калбаспы. Мен ошондо Горбачевго айткан жогорудагы аңызымды кайталап бергенмин. Айтып айтпай оозумду жыя электе газетке жарыяланды.

1989-жылы Горбачев баштаган делегацияда Кытайга барган сапарымдан чоң таасирде кайттым. Сапардын негизги максаты – коңшулаш жаткан эки улуу мамлекеттин арасындагы узак жылдарга созулган салкын мамилени, карым-катнашты жөнгө салуу. Колдон келишинче экономикалык соода-сатык байланышын чыңдоо жагдайы эле. Советтер Союзунда Горбачев баштаган кайра куруу менен демократиянын алоолоп турган чагы. Дүйнө жүзү элеңдеп, көз салып турган кез. Чындыгын айтсак, биздин элдеги өзгөрүүлөр менен жаңылануулар дүйнөдөгү мамлекеттердин кайсынысын болбосун ошол кезде таасирин тийгизбей койгон жок. Күнү бүгүнкүгө чейин Европа элдери «Горбачев», «Перестройка» десең жакшы сөздөрүн аяшпай, кубаттап калышат.

Бул биздин эл үчүн жаңы тарых, жаңы замандын башталышы эле. Мунун аягы эмне менен бүтөөр экен? деген күдүктөнүү ой көнүлдө жок эмес эле.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>