— И, ошондой десеңчи,- деп Колбин мурунку абалына кайта келгендей болду.
Айтматов. Колбиндин бийлик башына келиши, казак калкынын тарыхына өчпөс кандуу из калтырды го. Бир жолу Казакстанга барып калсам, атайы чакырып кабыл алганы эсимде. Алгачкы ойлогонуң көбүнчө жаңылыштырат го. Мага жөн билги адам болуп көрүнгөн. Балким ошондой көрүнгүсү келген чыгар.
Шаханов. Колбин республикага башчы болуп шайланган соң, адабият менен искусство ишмерлерине жагынгысы келип, аларга үйрүлө жакшы сөз, жылуу ырай менен карай баштаганы да ырас. Бирок, анысынын баары чын ниетинен болбой белимчи экендиги ашкереленип калды. Белимчи куулуктун арты качан да болсо чет жакасы кылтыйып чыгып турат да.
Алгач «бир жылдан соң казакча баяндама жасаганга жарап каламын» деп далайды кубандырып, таңкалтырган. Акырында «Саламатсызба?» деген сөздөн башканы билбеген бойдон кош айтышты.
Айтматов. Улуттук каадасы менен салт-санаасын, руханий казынасын толук өздөштүрбөстөн, үстүртөн гана кайпып өткөндөрдүн багы качан ачылды эле?
Шаханов. Бир ирет Нурсултан Назарбаев экөөбүз маектешүү учурунда мындай бир катуу аңызды эшиткеним бар:
Кайсы бир заманда ташы өйдө кулап турган бир хан жанына жан-жөкөрлөрүн ээрчитип, аң уулого чыгат. Токой кезип, кыр ашып келе жатса, алдынан эки көзү ботодой мөлтүрөгөн, соорусу жез кумгандай жылт-жулт эткен сулуу кийик чыга калыптыр. Хан саадактан жебе атып, кийиктин арткы бутун аксатыптыр. Бир жагы тик жар, экинчи жагынан хан жан-жөкөрлөрү менен кыйкырык салып камап келип калганда, таза айласы кеткен кайберен жандалбастап маңдайындагы боз үйгө кире качыптыр. Үй ээлери жайылган дасторкондон түшкү тамак ичип олтурушкан экен. Каалгадан атып кирген кийик, жайылган дасторкондун үстүнөн секирген бойдон, төрдөгү керегени тумшугу менен сүзө, солуктап туруп калат.
— Чыгар кийикти! деп хан ат үстүнөн төрдө чай ичип олтурган карыяга буйрук берет.
— Бул тоо кайберенин түштүк жерден кубалап келип, сенин үйүңдөн тирүүлөй кармап алганы турамын. Мунун менин олжом экенине эч кимдин доосу жок чыгар?
Ошондо карыя:
— Сөзүң жөндүү хан эгем. Кийик сенин олжоң экени да ырас. Бул шордуу жанына күч келгенде айласыздан менин төрүмө кире качыптыр. Төрүмдө турат ортодо дасторкон жайылуу турганын өзүң көрүп турасың. Ал эми ата салтыбызда дасторконду эч ким аттап өтө албайт. Көздөрүнө кан толуп, бири-бирине өлөрчө каршылашкан эки адамды жараштырганда дасторкон башына алып келчү эмес беле? Арийне хан болсоң да, салттан улук эмессиң. Ал эми ата-бабадан келаткан салтты бузсаң, калың элдин наалатына каласың, жолуң болбойт, дептир.
Хан нарктуу сөздөн жеңилип, атынын башын тартууга мажбур болуптур.
Айтматов. Тереңинде даанышмандык уялаган аңыз экен. Журт башчысы ар дайым өз элинин ата-салтын, үрп-адаты менен адеп-ахлахын чын дилинен урматтоосу аркылуу гана чоң абыройдун бийигине көтөрүлө алат. Ал кылымдан кылымга өтүп, өтө иргелген улут маданиятын теңсинбей, ага текеберчилик кылгандар ар дайым элдин шоруна калган.
Шаханов. Хрущевдун учурунда Казакстан идеологиясын жетектеген бир башчы меймандын алдына ардактап баш тартуу феодализмдин калдыгы, наадандык, ары мал санын ыксыз кемитип жибере турган ысырап-кордук деп жар салып, жамы журтту өзүнө каршы кылып алган. Дагы бир мындай кызык окуя болгон. Хрущев Алма-Атадагы кайсы бир жыйынга катышканга келмекчи болот. Ал кездеги салт боюнча республиканын жетекчилери келе турган улуу азиз мейманды тосуп алганга аба бекетинин алдына борбордун эмгекчилеринин алдыңкы өкүлдөрүн жыйып, пионерлерге гүл карматып, туу көтөргөн жаштарды шаңдантып, тез эле жасалма кубанычтуу маанайды уюштура коюша турган. Белгиленген убакта темтеңдеп эки бутунан чалыштаган Никита Сергеевич учактан*(самолёттон) чыгып, трап алдындагы кең аянтта жарданып тосуп турган элге карап, башындагы чий калпагын жогору көтөрө:
— Өзбек калкына жалындуу салам! деп кубана шаңк этиптир.