Бул маек алгач Кыргызстан Маданияты гезитинде, 6 август 1981-жылы жарык көргөн.
“Ирик түймө жүн жоолугун ороно салынса да болбой үшүгөн Инкамал апай өзүнөн бетер көк тумшук болуп олтурган балдарга география сабагында Цейлон аралы жөнүндө узун сабак кызык жомок айтып жатыр”.
Бул чыгармадан келтирилген үзүндү айтылуу Чынгыз Айтматовдун “Эрте келген турналарынан” экенин окуур замат баамдаган чыгарсыздар. Сөзүбүз ушул чыгарманын ичиндеги мугалим. Инкамал апай жөнүндө болмокчу. Ал азыр бар. Ушул кезде 75 жашка келип ардактуу пенсияда экен. Инкамал апай өзү мугалим болуп иштеп жүргөн жылдары улуу жазуучу Ч.Айтматовду мектепте окуткан, анын сүйүктүү мугалимдеринен болуптур.
Мен ушул Инкамал апай жашаган жерин билип алып, ага жолугууга сапарга чыктым. Жолго чыгар алдында барсамбы же барбасамбы деп да ойлодум. Анткени, мен издеп бараткан Инкамал апай чыгармадагы Инкамал апайдын атына окшош болуп, жазуучу жөн гана анын прототибин алгандыр.
Ошондой болсо да ал жазуучуну мектепте окуткан мугалимдердин бири болгон соң, болбоду дегенде жазуучунун мектепте окуган жылдарынан айтып берсе жалпы эле окурмандар үчүн кызыктуу болгону турат. Жазуучу бул чыгармасы жөнүндө өзүмдүн автобиографияма жакын деп айтканы эсибизде. Ооба, ал өзү жөнүндө: “Согуш башталганда мен он үчтө элем”, — деп жазганы, чыгармасындагы окуяларды өз көзү менен көргөнүн күбөлөп турат. Анда негизинен согуш учурундагы өспүрүм балдардын тагдыры жөнүндө айтылат.
Инкамал апай дагы бизге жазуучунун бул чыгармасындагы белгисиз дагы кандай жактарын да ачып бере алат. Жазуучунун балалык чагы жөнүндө кандай кызык кептери бар? Ушул сыяктуу бере турган суроолорумду ичимден бир сыйра тактап алдым. Жазуучу өзүнүн мектепте жүргөн жылдарын эске алып, бул мугалими жөнүндө: “окуп жүрүп пионерге да өттүм, кийин комсомол да болдум. Мени окуткан мугалим апай Инкамал Жолоеванын (ал ушул кезде пенсионер) жана башка мугалимдердин жардамы өзгөчө алардын сезгичтик, этияттык менен кылган мамилеси мага чоң көмөк болду”, — деп тээ алтмышынчы жылдары эле “Мугалим жакшылыктын энеси” деген макаласында жазыптыр. Эми ал мугалими өзүнүн адабий каарманына айланып, согуштун катаал кезинде сабак берип жаткан учуру өзүнүн “Эрте келген турналарында” элестүү сүрөттөлүп калды.
Жол бою жазуучу жөнүндө ойлойм. Анын чыгармаларындагы каармандар Горькийдин сөзү менен айтканда колуң менен кармалап көргүң келе турган жөнөкөй адамдар.