Алды менен жерди бөлүп беремин деп жарды-жалчыларга калп айтса, алардын аркасынан бай адамдарга жерди эч кимге бербеймин, анын эсесине карыздарыңарды кайтарамын деп, алардын да көңүлүн табат. Натыйжасында каратаман кедей да, байманасы ташыган бай да Солонду «өз адамыбыз» деп эсептейт. Ошол себептүү да анын «Теңдик согуш отун тутандырбайт» деген канаттуу сөзү кийин кеңири тарап кеткен. Өмүр бою ыр жазып, акындыгын баарысынан бийик койгон ал, өз бийлиги туурасында мындайча толгонгон:
Власть даровал я народу в той мере,
в какой он нуждался,
Чести его не лишил, но и не дал лишних прав.
Также о тех позаботился я, кто богатством
и силой
Всех превзошел, чтобы их не позорил никто.
Встал я меж тех и других, простирая
мощный щит свой над ними,
И запретил побеждать несправедливо других.
Айтматов. Ушул ырынан сезилип тургандай, гректин мыйзам тармагынын реформатору атанган Солон эл башкарып турган чакта, мамлекет ишине пайдалуу көптөгөн мыйзамдарды кабыл алат. Мисалы, атуулдуктан ажыратуу жөнүндө.
Эл ичинде келишпөөчүлүк чыга калган жагдайда эч бир партияга кирбей өзү менен өзү коомдон четтеп калган адамды атуулдугунан ажыратуу, бир караганда, эч бир акылга сыйбай турган нерсе шекилдүү эле.
Бирок, мыйзамдын ушул тармагы аркылуу Солон адамдардын элдин саясий ахыбалына дайыма кулак түрүп, орток ишке кайдыгер болбоосун, кыйындыкты бирге бөлүшүүсүн көздөйт.
Анын дагы бир жагымдуу иши — кайтыш болгон адам жөнүндө жаман сөз айтууга таптакыр тыюу салуу. Ушуну менен бирге ибадатканаларда, коомдук жайларда жана сот кеңешинде ыпылас сөздөрдү аралаштырып сүйлөөдөн арылткан. Мындай талапты билип туруп аткарбаган адам мамлекет алдында кылмышкер деп табылып, катуу жазаланган. Диндин сүрөөлөрү менен үндөшүп турган бул чаралар карапайым калкка аябай жаккандан Солондун наамына мактоо сөздөр жамгырдай жааган.
Солон өзү чыгарган мыйзамын өзү аткарбаган мамлекет акыры кулап тынат деп эсептеп, алардын шарттарын жүз жылга жете турган кылып жыгачка оюп жаздырган.
Солон бийлик башына келген соң, өзүнөн мурун эл башкарган Драконттун мыйзамдарынын баарын жокко чыгарган. Ал эми Драконттун кылмышкерге колдонгон эң сүйүктүү жазасы — өлүм жазасы болгону белгилүү. Ал ибадаткана бузганды да, киши өлтүргөндү да, майда-чүйдө урууларды да бирдей кылмышкер деп эсептеген. Ошол кезде Драконт мамлекеттин мыйзамдарын кара сыя менен эмес, адамдын каны менен жазды деген сөз эл ичине кеңири тарайт. Драконттун катаал мыйзамдарын талкалаган Солондун буйругу жыгач бетинде көөнөрбөстөн бүгүнкү урпакка жетип олтурат.
Шаханов. Солон бийликте турган кезде Афинада аягы суюктук жоюлган. Анын «…Аялдар менен кыздарды уурдаса, же зордуктаса 100 драхм*(Грек акчасы), ортомчулук жасаганга 20 драхм айып салынсын. Кызын, карындашын акчага саткандар коомдон четтетилсин!» деген өкүмү элдеги ар кандай бейбаштыктарга, эркин ойсокелер менен сойку бийкечтердин жүрүш-турушуна чектөө коюлган. Чынында да акчанын өтө каат кезинде 20 драхм айып төлөгөндөн, өмүр бою кулдукта жүргөн жеңилирээк болгон.
Айтматов. Аристотелдин жазмаларында Солон падыша менен Анахарсистин достугу тууралуу маалыматка туш болобуз. Ал Геродоттун баяндоосунда Анахарсис скиф падышасы, кадимки Персиянын бийлчүсү Дарий менен согушуп жаткан Иданфаристинин туушканы. Демек, Анахарсис түрки тектеш калктардын түпкү атасы санала турган скифтерден чыккан кеменгер окумуштуу. Искусствону негиздеген ары ааламды оозуна караткан чечен, ары философ. Анын көрөгөчтүгү менен айлакерлигине айран таң калган эллада элинде өз заманында «Скиф ушундай сүйлөйт» деген макал тараган.
Байыркы дүйнө тарыхчыларынын даректерин күбөгө тартсак, Анахарсис (Анарыс) Скифский Кара деңиз жакасынан грек жергесине өнөр билим издеп келген сыяктанат. Анын Солон жана өзгө алптар менен достугу атын ааламга даңаза кылат.