Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Ушул боордош элдердин мамлекет башчылары: Нурсултан Назарбаев, Ислам Каримов, Аскар Акаев, Сапармурад Ниязов менен Эмомалы Рахмоновдор Сизди дүйнөлүк адабияттын патриархтарынын бири катарында айрыкча сыймык тутушаары белгилүү.

Нурсултан Назарбаев Сизге «Казакстандын эл жазуучусу» деген эң жогорку наамды берди. Ислам Каримов болсо Өзбекстандагы эң жогорку сыйлыктын бири – «Достук» орденин көкүрөгүңүзгө жаркыратты.

Муну Сиздин бүтүндөй дүйнө окурмандарын кызыгуусун туудурган чыгармаларыңызга, атуулдук касиетиңиз менен даанышмаңдыгыңызга болгон терең урматтоосу дебеске чара жок.

Эми сөзүбүздүн жүрүшүн ушул көз карандысыз жаш мамлекеттердин туңгуч президенттерине карай бурсак.

Айтматов. Жакшы болот. Аларга бааны, негизинен тарыхтын өзү берет. Бийлик секисинде турган адамга айтылаар мактоо сөздүн аяк-башын табуу да кыйын чыгаар. Башчы ушул курулай мактоолорго сын көз менен карап, дагы кээ бир чектен ашыра мактап жибергендерине такай тыюу салып отурса багы ачылаары абзел. Антсе да «Жакшынын жакшылыгын бетине айт, нуру жансын» дегендей, өзүбүз баамдаган алардын кээ бир өзгөчө сапаттары туурасында айта кеткенибиз ылайыктуу го деп ойлоймун.

Казакстанды жүздөн ашык улуттар менен майда элдер мекендейт. Мына ушундай улуу журтту коом алмашкан аралыктагы улут аралык катнаштардын чиеленишкен кезинде башкаруу Нурсултан Назарбаев сыяктуу таанымал саясатчыга да оңой эмес экени белгилүү.

Экөөбүз Алма-Атада, Москвада, Брюсселде жолугушуп далай ирет сырдаштык. Ушул кездешкен учурларда Назарбаевдин руханий жактан бай, билимдүү инсан экендигине көзүм жетти. Албетте, эл башкарууга мунун өзү да аздык кылат десе да, жан дүйнөсү тайыз адамдан чыгаан саясатчы чыкпасы анык.

Шаханов. Нурсултан Назарбаев тууралуу сөзгө өтүүдөн мурун, өзүм күбө болгон мындай бир хикаяны айта кетейин.

Учурунда Атырау областындагы партиянын Балыкчы райондук комитетинин биринчи катчысы болуп Орынбасар Еркинов деген бир эр көкүрөк, өнөргө дили жакын атуул иштеди. Белгилүү композитор Асет Бейсейув экөөбүздү чакырып, чарбаларын аралатты. Каспий деңизине саякат жасатты. Биз да карыздар болуп калганыбыз жок, Асет менен биргелешип (мен сөзүн, ал обо нун), «Жайыктан (Урал дайрасынан) кайткан турналар» деген обондуу ырды жаздык. Райондун Маданият сарайында эл менен жолугушууда ал жаңы обондуу ыр аткарылды. Жыйналган көпчүлүк узакка кол чаап, ырды кайра-кайра суранышты.

Толкунданып, эргип олтуруп сахнадагы ырдагандарга Орынбасар да кошулуп кетти.

Жетимишинчи жылдардагы партиялык жетекчилердин иш тартибин өзүңүз жакшы билесиз. Сахнага чыгып, обон созуп ырдоо алардын керсейген ийкемсиз жүрүш-турушуна таптакыр жат. Ал турмак уккан кулакка тикенектей тийген кез.

Орынбасардын алиги кылыгы областтагы жогорку жетекчилердин бирине шак жетет. Дароо сөз болуп, эмнесин айтасыз, кызматынан ажырап кала жаздап, астапыралла менен араңдан зорго калган…

Нурсултан Абиш уулу ошол сенектик эреженин таалим-тарбиясын көрүп өскөн саясий ишмер болсо да, өнөр десе көңүлү эргип кеткен жайдары жан. Бир республиканын Президенти экенмин деп көөдөнүн керип турбай, чоң тойлор менен салтанаттарда домбыраны шаңкылдата чертип, сүйүктүү ырларынан оболото обон созуп жиберет. Келиниңиз Сара Алпыс кызы экөө кошулуп, элдик ырларды уккулуктуу ырдаганына далай ирет күбө болдум.

1993-жылдын аягында Кыргызстандын Эл аралык «Руханият» коому Казак Президентине «Жылдын эң мыкты адамы» сыйлыгын берди. Бул сыйлыкты тапшыруу салтанатына Нуракең өзү менен кошо республикабыздагы адабият менен искусствонун көрүнүктүү ишмерлерин: Абиш Кекилбаев, Алибек Динишев, Алтынбек Коразбаев, Досхан Жолжаксыновдорду да кошо ээрчите келди. Ошол салтанаттуу жыйындан кийинки Нурсултан Назарбаевдин алган сыйлыгынын урматына берилген үлпөт сый тамактын үстүндө белгилүү композитор обончу Алтынбек Коразбаевдин эл арасына кеңири тарай баштаган «Шашбаулым» аттуу ырын автору менен биргелешип ырдады.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>