— Сиздин атыңыздан парламентке ушул сунушуңузду айтсак болобу?
— Болот. Парламентке менин атымдан салам айткыла. Аскарды шайласаңар, элге да, өзүңөргө да жакшы болот.
Аскар бул учурда Москвада СССР Жогорку Кеңешинин сессиясында жүргөн…
Айтматовдун сунушун мен адегенде «114» деген парламенттеги демократиялык фракцияга барып айттым.
Айласы кетип олтурган парламенттин 114 депутаты кеменгер жазуучунун бул пикирин укканда дүргүп калышты.
Ошентип, экинчи турда көп добуш жыйнаган Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын туңгуч Президенти болуп шайланды».
Чыке, Казаттын сөзүнөн көрүнүп тургандай, эл-журтуңуз менен анын парламентинин сизге бир добуштан көрсөткөн колдоосунан баш тартканыңыз, тубаса таланттуулугуңуз, экинчиден, жазуучулук вазипаны эч нерсеге алмашпай накта туу туткандыгыңыздын көрүнүшү эмеспи.
«Сунуш кылып жатыптыр го, эмнеси болсо да тобокел!» дегениңизде республиканын Президенти болуп калышыңыз ажеп эмес экен.
Айтматов. Ар кимдин дареметине ылайык өзүнүн колунан келээр иши болот. Тагдыр бизге калемди буйруптур. Таптай билсек, сөз кудурети да оңой эмес.
Шаханов. Мен Аскар Акаев менен алгач ирет СССР Жогорку Советинин мүчөсү болуп жүргөнүмдө тааныштым. Ошол сессия күндөрүндө анын чыныгы адамгерчилигине айрыкча таң бергем.
1986-жылдагы Казакстандын борбору Алма-Ата шаарындагы Желтоксон окуясын сессиянын күн тартибине киргизүүгө аракеттенип, тиешелүү иштер менен түйшөлүп жүргөн кезим. Сиз анда чет элде жүргөн элеңиз. Ошондой карбаластаган күндөрдө ыйманы саламат болгур Андрей Сахаров мага келип, бир палатанын төрттөн бир белугу, арийне алтымыш сегиз адам жактап кол койсо көтөрөйүн деп жургөн маселен сессиянын кун тартибине талкуулоосуз коюлат деп кеңеш берди. Бир нече күн катары менен ар бир депутатка колумдагы 2-3 барак кагазымды окутуп, жанында 4—5 мүнөттөн телмирип тикемден тик туруп бутумду оорутам. Ушинтип, арадан үч-төрт күн өтүп кетти. Ошондо казактын Алма-Атадагы Желтоксон козголоңун көтөрүүнү кубаттап, кыргызстандык 24 депутаттын ичинен тайсалдабай кол койгон эки гана адам болду. Бири — ушул Аскар Акаев, экинчиси — Талас областынан шайланган Телдибек Керимбеков деген шофер эле.
Өзүңүз билесиз айдоочу айдап жүргөн машинасынын рулунан ажырап калам деп чоочулабаса да болот. Ал эми сенектик эрженин күч-кубаты али кайта элек кезинде республиканын Илимдер Академиясынын президенти болуп туруп, ушундай ишке барганы коомдогу түзүлүшкө каршы көтөрүлгөн жаштардын толкундоосун колдоймун, кубаттаймын деп кол койгон Аскар Акаевдин атуулдук эрдигине ыраазы болдум. Антпесе жогоруда айтылгандай бир гана кылыгы үчүн ал кезде кызмат ордунан ажырап калуусу да ыктымал эле. Ошондон баштап өтө маданияттуу, жүзүнө ыймандуулук менен жарык маңдайы кошо сыйган сезимтал жигит менен эгиздин түгөйүндөй ынак болуп кеттик.
Айтматов. Азыркы өткөөл учур жаңыдан эгемендик алган республикалардын Президенттерин ар тараптан сынап көрүүдө. Мындай кыйынчылык, эл башына эки учурда түшөт. Бири — согуш башталганда, экинчиси — коом алмашкан мезгилде.
Аскардын өзүмө жаккан бир эрдиги — балка менен төшүнүн ортосуна чак-чак урулуп, утур-утуру сыналып жатса да, демократияга жолду кеңири ачып салгандыгы болду.
Сөз эркиндигине, оппозицияга орун берилбесе айкындуулук көрүнбөйт.
Оппозиция десе кээ бирөөлөр так менен таажы талашуу деп гана билет. Бул көп жагдайда андай эмес. Элдин саясий багыты кандай, демократияны муунтуп жаткандар кимдер, кимибиз жалпы элдин байлыгы менен жеке менчигине суук колун салып жатат, четтен келген насыя кайсы кем-карчка жумшаалууда ж.б.у.с. бары-жогу жаап-жашыруусуз болгону абзел. Ал эми оппозиция үңүлүп, каталыгынды катаал сынга алып олтурат. Ушуга карап жаздым баскан каталыгыңды түзөйсүң.
Шаханов. Жалпысынан Акаев — менин көз карашымда окумуштуулугу, таланттуу саясатчылыгы менен орошон атуулдук касиети бир алкакка жуурулуштурулган ой чабыты кең арымдагы залкар инсан. Ырас, Кыргыз Республикасынын туңгуч Президенти болуп иштей баштаганда айрымдар өтө жумшак, сылык дешип жерип да жүрүштү. Бул убакыттын аралыгында бир да бирөөлөрдүн ар-намысына шек келтирбей, жакалашпай эле элди башкарууга боло тургандыгын накта тастыктай алды.