Кыргызстанда соңку жылдары Аскар Акаевдин демилгесинен жер-жерлерде «Аксакалдар соту» уюштурулду. Келечекте Казакстан менен Орто Азия республикаларында Аксакалдар же болбосо Бийлер сотуна көңүл буруп, түздөн-түз атайы курс уюштуруп, ата-салтыбызды уласак кандай болоор эле.
Ырас, азыркыдай оомалуу-төкмөлүү кезеңде кылмыштуулук өсүүдө. Өтө оор кылмышка баргандар колу менен кылганын мойну менен тартсын. Ал эми кылт этип жаза тайгандын баарын эле түрмөгө камай бергенден эмне пайда табабыз? Накта кылмышкерлердин арасында эки үч жыл олтуруп чыккан жаш өспүрүмдүн жан-дүйнөсү бузулуп, өмүр бою турмуш жолунан аксаганына күбө болуп жүрөбүз. Мындайларга өз айылынын эң белдүү, ары чечен карыялардан турган «Бийлер соту» калың элдин алдында кандай жаза берерин өздөрү эле чечсе. Бул бир жагынан жаза баскан адамдын ар намысын ойготуп тарбиялоо болсо, экинчиден «Энеси тепкен кулун оорубас» деген элдик макалды ырастайт.
Конфуций бул туурасында мындай дейт: «Эл башчысы бирөөгө жаза колдоноордо, ар убак ата-баба салтын эске сактай олтуруп, өкүм чыгарганы абзел. Ошондо анын адилетүүлүгүнө өзгөлөрдүн да көзү жетип, көңүлү ынанып, сенин аракетиңди жан дили менен колдойт».
Айтматов. Жер бетинде адам баласы не себептен бийликсиз, башкаруусуз өмүр сүрө албайт? Бул – алгачкы коомдон баштап, азыркы илим техникага чейинки өнүгүү тепкичиндеги коомдук зарылдыкпы?
Тирүүлүктүн өзү жалкы менен жалпыдан, бийлөөчү менен элден турган. Бул эки таптын ортосундагы ар кандай карым-катнаш, жогоруда өзүбүз айткандай, кайсы доор болбосун тарых сахнасынан түшпөй келген.
Ал эми Президент дегенибиз – чексиз бийликтин ээси. Өз элинин туткасы, тарбиячысы. Калган эл ошого карап боюн түзөйт, иш жүргүзөт, сөзүн аңдайт.
Шаханов. Мисалы, мен бийлик жагынан мүлдө алыс адамдын биримин. Бирок баягыда демократиялык кыймылдардын башында жүргөнүмдө, менден бирөөлөр келечектеги президенттин үлгүсүн көрмөк болгон. Ошол кезде: «Мага бир колхоздун башкармалыгын берсе, чарбаны эки айда таратып жиберишим мүмкүн»,– деп жооп бергенмин. Бийлик башына турууга таланты, жөндөмдүүлүгү, билими, аң-сезими, ал турмак психологиясы төп келген адамдар сейрек болсо да бар.
Кээде же сөзүндө, же ишинде майнап жок бирөөлөрдүн Президент болгусу келип, далбастаганына жакаңды кармайсың.
Баягыда бир малчыдан:
– Эгер сен король болсоң эмне кылар элең? – деп сураса керек.
Ошондо ал: – Эгер мен король болсом, уйду атка минип кайтарар элем, – дептир.
Анткени ал өзүнүн көңүлүнө төп келген жоопту берип жатат. Алды менен болуп алайынчы, кудай колдоп такка бир отурсам, ары жагын көрө жатармын деген бузуку арам ойдун күчү менен камылгасыз келген, иштин көзүн билбеген жетесиз башчылардын кесепетинен заманында миңдеген, миллиондогон адамдардын набыт болуп кеткенин тарых эч убакта унуткан жок.
Голощекиндин тушунда (1925–33-жж.) казак калкы мурда болуп көрбөгөн азаптуу күндөрдү баштан кечирди.
Чектен чыккан залим, ары руханий дүйнөсү ныпым жарды Голощекин республиканын бийлик тизгинин колго алаары менен, Казакстанда Совет өкмөтү орной элек деген «жаңылык» ачты.
Эртели кеч чокчо сакалын чокчоңдотуп трибунадан түшпөй, ал республиканы башкарган сегиз жыл ичинде бир дагы казак айылын жөндүү билбесе да, өзүн букаралар чоо-жайынын билерманы санап, казак төңкөрүшү казак айылынан куюн сыяктуу чыга калды. Кайрадан төңкөрүшкө чыгуу керек, бул үчүн канткен күндө курмандыкка баруу зарыл, ошондуктан малдын башы, адамдын саны шарттуу түрдө кемиди, ал эми улуттук интеллигенциянын чоң бир тобу – тарбиялоого болбой турган уклонисттер деген өтө орой одоно тезистерде көрсөтүлгөн.