Жазуучунун өмүр баяны


Өмүралиев Кушубак жазуучу жана котормочу. Бакай-Ата районунун
Жон-Коргон айылында 1956-жылы 20-январда туулган. 1973-жылы
Ключевка орто мектебин, 1981-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы
Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетинин
журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун республикалык «Ленинчил жаш» гезитинде иштөө менен
баштаган. «Насыят», «Мурас», «Чүй баяны» гезит-журналдарында
кабарчы, 1993–1997-жж. Кыргыз улуттук илимдер академиясында кенже
илимий кызматкер, 2003-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик патент кызматынын Автордук укукту коргоо жаатында Чүй
облусунун инспектору болуп эмгектенип келген.

«Кыргызстан маданияты» жумалыгына «Бүлбүлдөйт түндө шам чырак»
аттуу аңгемеси жарыяланып, «Студенттик жаз – 80»
фестивалында Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинин Ардак
грамотасына татыктуу болгон. Чыгармалары ар түрдүү гезит-журналдарда, альманахтарда басылган.

Алгачкы көркөм котормочулугу 1980-жылы «Кыргызстан маданияты» жумалыгына К.Ергөбековдун «Алыскы
көк жээкти эңсеймин» аттуу эссесин которуу менен башталган.

Кытайдагы кыргыздардын жалпы эле ата-бабаларыбыздын араб арибинде жазылган мурастарын
«Кыргыздар» аттуу томдуктарга, «Ала-Тоо» журналынын сандарына ар кандай басылмаларга жарыялаган.

«Манастын» 1000 жылдыгына карата жарык көргөн «Манас энциклопедиясына» катышкан авторлордун бири.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде:

Инкамал апай. К-те: Тагдыры бирге эгиз эл. – Б.: Бийиктик, 2006. – 403 – 411 бб.

Төрөкул Айтматов: К-те: Төрөкул Айтматов. –Ф.: Илим, 1993. – 39 – 43 бб.

Котормолору:

Ч. Айтматов, М. Шаханов Аскада калган аңчынын ыйы (Кылым кыйырындагы сыр ачуу). – Б.: Учкун, 2001. – 414 б.

Ч. Айтматов, М. Шаханов Аскада калган аңчынын ыйы (Кылым кыйырындагы сыр ачуу), К-те: Ч. Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдук жыйнагы. 7-том. – Б.: Бийик-тик, 2008. – 5 – 524 бб.

К.Ергөбеков. Мен көрдүм казак уулу Жумагулду. К-те: Тагдыры бирге эгиз эл. – Б.: Бийиктик, 2006. – 184 – 196 бб.

К.Ергөбеков. Алыскы көк жээкти эңсеймин. К-те: Тагдыры бирге эгиз эл. – Б.: Бийиктик, 2006. – 199 – 210 бб.

Өмүрдөн өчпөс бир элес. Ч. Айтматов, М. Шахановдун Аскада калган аңчынын ыйы-нан. К-те: Тагдыры бирге эгиз эл. – Б.: Бийиктик, 2006. – 445 – 457 бб.

Колдонулган адабияттар:

Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б.

ISBN 978-9967-26-379-6