Елтайды жарым падыша санай турган ач-жылаңач жапа чегип олтурган эли журту, ал турмак агайын-туугандары, мурдагы коңшу-колоңдору мындай кабарды угаары менен жагдайыбызды айталы, жардам сурайлык деген ой менен жөө-жалаңдашып вокзалга келишкен. Елтай алгач өзүн тоскон калк менен дидарлашууга ниет билдирсе да, жыйылган элди көрүп, оюнан айныйт. Болгону поезддин тамбуруна гана чыгат. Ушуну күтүп турган калк:
– Елтай төрө, ач-жылаңачпыз!
– Тентип кеткени калдык!
– Кырылып жатабыз! Бир ырайым кылыңыз! – дешип чуулдашып коё беришет.
Ошондо башына суусар бөрк кийген Елтай колун жогору көтөрүп:
– Жолдоштор,– деди. Кантсе да тууган жери эмеспи, төрөнүн ыкыласы түшүп, жакшылык кылаар деген ой менен көпчүлүк демин чыгарбай тынчтана калат.
– Жолдоштор! – дейт ал дагы да. – Жолдоштор, план, план, план! – деп үч кайталайт да, эшикти тарс жаап алат.
Жокчулуктун кысымына түшүп, жапа чеккен жердештери, ары өзүнүн агайын-туугандары менен жөндүү кеп-сөзгө келбеген башчынын жалпы казакка жүрөгүнүн жылуусу кайдан жетсин.
Чыке, ушу Елтай Ерназаровго байланыштуу дагы бир кызык окуя эсиме түшүп олтурат. Бир жолу өзүңүз менен Ташкенттен кайтып келе жатып, Жаңабай Салимбаев деген менин жакын инимдин бир тууган карындашы Шекердин үйүнөн чай ичип аттанганбыз. Ошол жигиттин атасы – Тасбай; Тасбайдын атасы – Салимбай деген карыя 96 жашында кайтыш болду. Елтай Ерназаров жону катуу жокчулукта ошол Салимбай аксакалдын жакшылыгын көп көрүптүр.
Ерназаров КазБАКтин төрагасы болуп шайланган соң, райондун жетекчиси Тасбайды чакырып алып:
– Елтай агабызга дубай салам айтыңыз, коңшу райондо бир трактор бар, ал эми бизде жок. Жерди айдай албай, кор болуп олтурабыз. Өзү туулуп өскөн районуго, бизге да бир трактор бергизсин, – деп Елтай Ерназаровго жумшайт. Тасбай төраганын үйүнө барып түшөт.
Аялы кубанып каршы алат. Ал жайды сурашып бир аз олтурган соң Елтай да кызматынан кайтыптыр. Тасбайды жактырбай, кол учун араң гана сунганга жараптыр. Аялы катуу ыңгайсызданып:
– Ай, Елтай, келип отурган атам го, кандайча тааныбай калдың? Ушулардан көргөн жакшылыкты унутсак, кудайды да унутабыз. Эч болбосо, жөндөп ал-жайды сурашпайсыңбы? – дейт күйөөсүнө. Елтай ошондо:
– Ой, чал, аманбы? Эртең өтө шашылыш жумуш чыгып жатат, дем алышым керек,– деп бөлмөгө кирип кетиптир.
Элди башкарган мындай керсейген кайрымсыз адамдар «Король болсом, уйду атка минип кайтарар элем» деп арман кылган малчыдан эмнеси артык.
Айтмакчы, Елтай кызматтан түшө турганын укканда эле биринчи өтүнүчү:
– Машина өзүмдө калабы? – дептир.
Айтматов. «Мамлекетти башкаруу өнөрү – өнөр аттуунун төрөсү» – деген экен Демокрит. Кээде бүткүл элдин тагдыры бир башчынын чеңгелинде турат.
Мисалы, Петр биринчи артта калгандыгы менен наадандык уялаган Россия империясына кайра өркүндөө доорун алып келген жокпу? Бүтүндөй бир улутту «кайра жаралууга» мажбур кылган «бүлүндүргүч» жеке каармандыктын үлгүсүн көрсөткөн Петрдин өмүрүндөгү иш-аракеттеринен жалпыга дайын фактыларды эсиңе салайын. Падыша башы менен голландыктарга барып, карапайым балта чапкан жумушунда иштеп, кеме жасоонун ыгын эриккенинен үйрөнбөгөн чыгаар. «Мен – падышамын, бирок да алаканым жооруп калган жок» дегенди айланасындагыларга улам-улам кайталап айтчы экен.
То академик, то герой,
То мореплаватель, то плотник,–
Он всеобъемлющей душой
На троне вечный был работник,–
деп улуу Пушкин анын ушундай кеменгерлигин көөнөрбөс ырына кошкон.
Россиянын учу-кыйырсыз кең өлкөсүнө батыштан көз артуучулардын саны өсө баштаганда, Петр өлкөнүн борборун Москвадан Балтика жакасына которууга чечим чыгарат. Мындай максаты: борборду коргоо – ар бир орус атуулунун ыйык милдети, аны жоого бербөө – Россияны кооптуу коркунучтан аман сактоо деген сөз.
