Айтматов. Эгер жатка билсең толук окучу?
Шаханов.
Тоолорунан бүркүт учкан, сен эр жеткен аймакты,
Илгери бир хан бийлептир, каардуу да, айбаттуу.
Карыса да чапкан аттын кулагында ойноптур,
Ал бет алган максатына жетмейинче койбоптур.
Өз элинин абыроюн,
Коргонуусун, акыл-оюн
Кантсем бийик көтөрөм деп ойлоптур.
Аларын бүт алды мына,
Ал бир күнү хандыгына
Жаңы өзгөрүш киргизүүгө белин мыктап байлаптыр,
Бирок шордуу жетип албай токтомунун баркына,
Мындай мыйзам жаза салып таратыптыр калкына:
«Жетик акыл карттык чакта гана деп,
Жаштын иши (негизинен) чала деп
Эсептелсин.
Чалалыктан эл насиби чачылар,
Ошондуктан бардык бийлер, казылар,
Бардык аскер башчылар,
Ишин кылдат аткарган
Шайлансын бүт ак сакалдуу карттардан!»
Жаштык чактын мөрөйүн аттап өтүп,
Маани бербей эч кандай,
Анын улуу мүмкүндүгүн эске албай,
Нөкөр кылып бөкчөйгөн карыясын,
Түк унутту жаштардын тарбиясын.
Ишенбестик журт колун байлап алды,
Алоологон жаштык от кайда калды?
Жыйырма бешке чыкса да,
Өз көжөсүн
Ыйлап ичер жашыктар пайда болду?
Өзөк болор калк эле миң дастанга,
Окшош бүгүн кайратын кум басканга.
Кайдыгерлик тушады жигер, демди,
Ташты чайнап, тиш менен кишен кести.
Таанылгыстай өзгөртүп жиберди элди,
Жаштык чакка жасалган ишенбестик.
Ханды дагы шайтан түрттү өзүнө-өзү ынабай:
«Хандыгым бек туруу үчүн узак жылдар кулабай,
Кыймылдайын. Кур эмеспиз күч, эрге.
Катылгандын катыгын зал бергенге,
Согуш ачып көрөйүн
Коңшу турган өзүбүздөн үч-төрт эсе кичүү элге.
Мына ошентип көтөрөйүн чөгө түшкөн көңүлдү».
Согуш ачып көргөн эле, күм-жам болуп жеңилди.
Мындан өткөн кордук болбос, ырасында,
Эми, мына, төрт вазири кашында,
Кош кареги жөө тумандай тунарып,
Сакал-чачы ызгаар соккон боз шыбактай кубарып,
Жолдош болгон таттуу үмүтү баёо бала кезинен,
Бир күндө эле бүл-бүл өчтү көзүнөн.
Өз күнөөсүн актап алалбай,
Теке сакал вазирлерин атаарга ок табалбай,
Туткунда отур хан шордуу.
Сел-ташкында калт-култ этип араң турган аралдай.
Күндөр кайда зобололуу, урматтуу,
Сокку болду, сокку болду бул катуу.
Ошол саатта жеңген элдин акими,
Ханга карап үн катты:
— Аша чаап кеткен элең сен мүлдө,
Акылыңа келдиңби, чал, бул күндө?
Азыр айтам табышмак,
Эгер тапсаң, бошондуң,
Таба албасаң, өлдүм де!
Көңүлүңдү, бүт дитиңди табыштап,
Тырышып көр, акылыңда күч калса.
Мына сага бере турган табышмак:
Канча калат он экиден үчтү алса?
Үмүт, ойсуз отурган чал кубарып,
Алжыган го, айныган го бул анык:
— Анда тогуз калбайбы, деп каткырды,
Байбичеси төрөгөндөй кубанып.
— Тапкычтык менен акыл-ой,
Сыналган бул урушта,
Жолуң дагы кайчы түштү ырыска.
— Таба албадың, — деди амирчи мыскылдап,
Моюнуңду даярдай бер кылычка.
Жигит чыкты айбаты сүр сөзүнөн:
— Сизче, эмне, эң оор жаза өлүмбү?
Өлдү, бүттү кара жерге көмүлдү.
Эң оор жаза тирүү калып өзүнүн
Каталыгын көзү менен көрүүдө.
Жана аны түзөтүүгө,
Колдо бийлик жоктугуна көнүүдө.
Улуу, амирчим, ойлонуңуз,
Эрте, кечпи өлүм келип баарына
Ачары чын эшигин…
Өтүнөмүн, этиңиз бир кечирим.
Ханыбыздын чымын жанын кечпеңиз,
Мен айтмакмын табышмактын чечимин?!
— Кана, айта кой, — деди амирчи,
мен сынымдан өткөрөм,
Жаш тилегин өчүргөндү жек көрөм.