Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Айтматов. Ооба, «Кассандра тамгасы» жөнүндө болгон талкууга Евтушенко, Вознесенский, Искандер, Дементьев, Гачев, Гачевдин жубайы – адабиятчы, философ Светлана Семеновна катышып, биринин артынан бири өз пикирлерин айтып жатышты. Михаил Сергеевич да сөз алып:

– Мурда көзөмөлдөөгө алынып, жарыялоодон чектелген көркөм чыгармалардын бардык жанрына толук эркиндик бердик. Натыйжада кара санатайлыкты аздектеген кишини зордогонду, кордогонду, өлтүргөндү бериле сүрөттөгөн адабияттар да жайнап чыгууда. Бул сөз эркиндигин тескерисинче пайдалангандык, терс багытты көздөгөндүк болуп калат. Буга мен таптакыр каршымын,– деди ал.

Шаханов. Ошол талкууга катышкан Рустем Хайыровдон Горбачевдун Сиздин романыңызга өтө жогору пикир айтканын уктум.

Айтматов. Ооба, роман ага жаккан экен. Мурдараак баштаган сөзүбүздүн учугун улайлы.

Демократия адамдардын эртеңкиге болгон ишеними катарында калыптанышы керек. Ошол ишенимди түптөй турган кудуреттүү күч – мамлекеттик, жалпыга таандык Конституция болуп эсептелет. Коомдун карапайым мүчөсүнөн баштап, элдик эң жогорку мартабанын ээси – Президентине чейин улуу мыйзамдын алдында баш ийүүлөрү тийиш. Президент алмашып, парламент жаңыланган сайын, Конституция да ошолордун көз карашына карай ыктап турса, эң алды менен элдин ишенимин өлтүрөбүз. Маселен, Америка Кошмо Штаттары эки жарым кылымдан ашуун бир Конституцияны карманып келе жатышат. Люксембургда өткөн бир окуяда йыма эсиме келет. Эл болгон соң кайсы убакта да кылмыш болбой коймок беле? Сот бир адамды кылмыштуу деп таап, эркинен ажыратат. Кылмышкер колуна соттун чечимин алып, үй-бүлөсү менен коштошуп, түрмөгө келбейби. Келсе түрмөнүн башчысы: «Азыр орун жок, бир айдан кийин келсеңиз»,– деп алиги кылмышкерди үйүнө кайтарат. Келерки айда жанына аялын ээрчитип, кайта барса, дагы эле орун жок. Ушу жагдай үч айда үч ирет кайталанат. Акырында айласы түгөнгөн кылмыш кер: «Мага түрмөдөн орун болобу, же жокпу, канчага чейин убактым бошко кетет. Бул не деген адилетсиздик»,– деп газетке наалып жазат.

Муну окуган журтчулук «Адам укугу бутка тепселип жатат, түрмөнүн башчысын ордунан алуу керек»,– деп чуулдашат.

Колуна соттун кагазын алып, «Мен кылмышкермин, камай көргүлө!» деп түрмөгө бармак түгүл, түрмөнүн ирегесин казып, качып кетишкен биздеги качкындар үчүн бул окуя күлкү келерлик мыскыл сыяктуу угулаар. Ал эми цивилизациялуу коом үчүн кадыресе иш.

Ушунун баары мыйзамды сыйлагандыктан, урматтагандыктан, ага болгон ишенимден чыгып жатат. Калыс мыйзам айыптуу деп таптыбы, жазаңды өтөө – парыз, андан качып кутулам деген ой, маселен, Люксембургда эч кимдин өңү түгүл, түшүнө да кирбейт. Жумушчусуңбу, бай бизнесменсиңби, же болбосо суперменсиңби баары бир Конституцияга баш ийишиң керек.

Мыйзам кызматкерлери кылмышкерлер менен шилекей алышкан дос болуп, парага тунуп жатса, демократия жар четинде калат деген сөз.

Конфуцийдин мындай дегени бар го: «Башчы калыс да, чынчыл да болсо, айыптууну жазалоо оңой. Өзүң кез келген ит тумшугун малган ит аяктай арам болсоң, кол астындагылардан өзүңдө жок адалдыкты кайдан талап кыласың?..»

Бир элдин Президенти болуу улуу сыймык. Жер шарындагы беш миллиардга карай кеткен калктын ичинде король, император, падыша, хан, президент атангандар аз болгон эмес. Ушулардын ичинде канчасы тагынан кеткен соң, өзү бийлеген калктын терең сүймөнчүлүгүнө бөлөнүп, тарыхта ысымы алтын тамгалар менен жазылды экен? Бийлөөчүлөрдүн көпчүлүгүн түбүнө чексиз мактоолор, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ач көздүк, дүнүйөкордук, саясий сабатсыздыгы менен кылмыштуу элементтердин таасирине берилүү сыяктуу кооптуу ылаңдар жетти.

Шаханов. Эгемендик алган Казакстан менен Орто Азия мамлекеттери өздөрүнүн алгач президенттерин шайлап, өз алдыларынча түндүк көтөрүштү.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>