Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаев менен маек.

13 октябрь, 1984-жыл “Ленинчил жаш”

— Ардактуу Аалы ата, мына эртең төрт ордендүү Кыргыз ССРинин жана анын Компартиясынын түзүлгөндүгүнө 60 жыл толуп отурат. Республикабыздын тарыхын сиздин тагдырыңыздан көрсөк болот. Ошондуктан, башыңыздан өткөн өмүр жолуңузга дагы бир ирет кылчайып, бир азыраак кеп салсаңыз!

— Тарыхта белгилүү, эзүүгө чыдай албай кыргыз эли 1916-жылы падышачылык бийликке каршы көтөрүлүп чыкты. “Ак падышанын армиясы келип, кыргыз элин тукум калтырбай кырат экен” деген каңшаар тарап Кытайга үркө качты. Эл менен кошо биздин үй-бүлө Кытайдын Үч-Турпан деген жерине барып кайткан. Ачкачылык, оору-сыркоодон баары өлүп, бир гана мен аман калдым. Тууган жерге келсең, үркпөй калгандардын деле турмушу жакшы эмес экен Ысык-Көлдөн аталаш туугандарымды таап, ошолордуукунда жан сактап жүрдүм. Ар кайсы жерде балдарды окутуп, элди сабаттуулукка үндөп жаткан кез. Тамга таанып, билимдүү болсом деп эңсейм. Ошондо мени Төлөгөн деген жигит өзү окуткан балдарга кошулуп окуй берүүмө кеңеш берди. Мен ал кездеги балалык оюмда адам окуганды, жазганды билип, эсептегенди үйрөнсө окуу ушуну менен бүтөт деп ойлочумун.

Кийинчирээк Ташкенттеги Орто Азия Коммунисттик университетинде (САКУда) окуп калдым. Албетте, бул окуу жайды азыркы университетке салыштырууга болбойт. Мына бизди экиге бөлүп окутту. Бир бөлүгүндө таптакыр сабаты жоктор, экинчисинде анча-мынча мурда окугандар болду. Мен биринчи группасында окуй баштадым.

— Алгач адабиятка болгон кызыгууңуз кандайча болуп башталды? Туңгуч ырыңызды кайсы убакта жаздыңыз?

— Ташкентте окуп жүргөнүмдө жазганга кагаз жетишчү эмес. Ошондой күндөрдө кыргыздын алгачкы коммунисттеринин бири О. Алиев партиялык окуу жайда окуп жүрүптүр. Ал мага бир орусча китеп берген. Анда орусча окумак кайда, эмне китеп экенин билбейм. Ошол китептин актай жерине “Биринчи куплет” деген алгачкы ырымды жазгам. Ал дубал газетага жарыяланды. Бул ырымды окурмандар билет чыгар. Жакынкы жылдарда эле чыккан ырлар жыйнагымдын биринчи бети:

Ала-Тоо, жериң салкын,
Билимсиз сенин калкың,
Ала-Тоо, жериң алтын,
Биле элек элиң баркын.

– деген саптары менен ачылат.

Ташкентте окуганыбызга бир топ убакыт болуп көзүбүз ачыла баштады. Окуу жайдагы “Интернационал” деген дубал газетага активдүү катышып жүрдүм. 1924-жылы Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жети жылдыгын майрамдоого камына баштаган элек. Ошондо “Өктөбүрдүн келген кези” аттуу ырымды дубал газетага жазып бергем. Бул жерден айта кетчү жагдай ушул жылы 12-июнда РКП(б) БК “Орто Азияны улуттук малекеттик бөлүштүрүү жөнүндө” токтомду кабыл алган. Ал эми 14-октябрда Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 2-сессиясында “РСФСРдин составында Кара Кыргыз автономиялуу областын түзүү жөнүндө” токтом чыкты. Мына ошол токтом чыккан күндөн биз эми республикабыздын жана анын Компартиясынын 60 жылдыгын белгилеп олтурабыз.

Ошол жылы автономиялуу область болуп бөлүнгөн кыргыз элинин “Эркин-Тоо” газетасын чыгарууга кызматкерлер Ташкентте даярдана башташат. Ал күндөрдүн биринде Сыдык Карачев деген киши мага келип:

— Дубал газетага Улуу Октябрь жөнүндө ыр жазыпсың, ошол ырыңды “Эркин Тоо” газетасына чыгарабыз, — деди.

Мен сүйүнгөнүмдөн эмне айтаарымды билбей туруп калыпмын. Кийин майрам күнү көчөдө баратканбыз. Газеталарды жаш балдар кыйкырып сатчу. Ошондой балдардын бири “Кара-Киргизская газета “Эркин Тоо”, “Эркин Тоо!” – деп колуна кармап булгалап кыйкырып келатат. Кубанганыбыздан баарыбыз жабылып газетаны сатып алдык. Ошондо балдардан кимдир бирөө: “Ой, сенин ырың жүрөт” – деп айтып калды. Өмүрүмдө ошол күн бүгүнкүдөй көз алдымда турат.

1 2 Кийинки >>