Элди кандай ыкма менен башкаруу жана жетекчи өзүн өзү кандай алып жүрүү керектиги тууралуу жазылган ушул философиялык чыгармасында ал:
«Өзүң аткарып олтурган ишти ирээттүү, римдикке ылайык иштөө ылаажым: чын жүрөктөн, адамдарга деген сүймөнчүлүктөн, эркин, ары адалдыкта жана да башка түшүнүктөрдүн, башка көз караштардын баарынан оолак болуп аткарган оңтойлуу. Мындай кылуу сенин колуңдан келет, эгер сен иштеп олтурган ишиңди өмүрүңдөгү соңку кызматыңдай көрүп, акылсыздыкка, эки жүздүүлүккө жеңдирбей өз тагдырыңа кайдыгерсиз сезимде аткарсаң», – деп жазды.
Император бир жумушту баштаардан мурун, мейли ал аскердик, же болбосо атуулдук иш болсун, ар дайым жогорку кызмат орундагы адамдар менен акылдашып ала турган. Аврелий: «Мамлекеттин бир адамынын эркине багынганына караганда, өтө тажрыйбалуу достордун кеңешине кулак салган жөндүүрөөк» деген сөздү улам-улам айтчу экен.
Овидий Кассий Сириядагы императорго жамандык ойлогон кезде, анын өз тамырлаштарына жолдогон катын алып келе жаткан адамы колго түшөт да, кат Марк Аврелийге жеткирилет. Ошондо Аврелий аны ачпастан отко жагууга буйрук берет. Бул анын душмандары ким экендигин билбей эле койгонду, бекерге жек көрүп албайын деген тилеги экен.
Бир римдик Марк Аврелийди Овидий Кассийдин бүлүндүргөнүнө ушундай жумшактык менен караганын күнөөлөп: «Эгер сиз жеңишке жетишпесеңиз эмне болоор эле?» – деп сурайт. Марк Аврелий мындай соболго собол менен кайра жооп кайтарыптыр: «Ал жеңип кете тургандай, биз кудайларга эмне жамандык кылыптырбыз?» Ошондон соң адам колунан каза тапкан императорлорду эске алып, аларды өлтүрүүгө орчундуу себептер болгондугун ар түрдүү мисалдар менен тастыктап айтат.
Айтматов. Ооба, ал эл менен эркин мамлекеттердегидей салтта мамиле жасаган, адамды кыянатчылыктан кажалоодо, же болбосо жакшылыкка тарбиялоодо бирөөнүн эмгегине, акылман-даанышмандыгына карап зор сыйлыкты ыроолоодо, жалпысынан кандай ниетте болсун үлгү адептүүлүктү көрсөтүп олтурган. Ал жаманды жакшы, жакшыны үлгүлүү адам кылып тарбиялоонун жолун издеген.
Марк Аврелий өзүндөгү кудай берген зор акыл менен мээрмандыкты айкалыштыра билген. Эгерде ал дал ошол доордо жаралбаганда, бүтүндөй рим ааламы бытчыты чыгып, канга боёлушу мүмкүн эле.
Шаханов. Ооба, Рим империясында канчалаган бийлөөчүлөр өттү. Көпчүлүгүнүн ысымы бул күндө тарых бетинен өчүп да кетти. Ал баш ийген калкынын мээримдүү кучагында алдейленген император Марк Аврелийдин салт атчан күмүш эстелиги арадан XX кылым өтсө да Капитолий аянтында ушул күнгө дейре турат.
Айтматов. Плутархтын «Жети акылмандын бүтүмү» деген эмгегин окуп олтуруп, Фалес, Солон, Клеобул, Биант, Хилон, Периандр, Питтак сыяктуу даанышмандардын падышаларга берген мүнөздөмөсүн учураттым.
Шаханов. Сөзүңүз оозуңузда. Ошол Плутарх сүрөттөгөн атактуу Солондун атасы өз заманынын эң бир дөөлөттүүсү саналган Эксекестид апасы Писистраттын небереси эле, – деп жазган тарыхчы Гераклид Понтийский. Өз заманында акын, жазуучу, философ, ары сезимтал жүрөктүү, кайрымдуулуктун ээси иретинде тууган элине кеңири таанылган Солондун бийлик башына келгендиги өзүнчө бир кызык.
Жаштайынан соодага үйүр болуп өскөн болочок бийлик ээси, илим менен жаңычылдыкты да жан-дилинен сүйүп, илимпоз аталат. Байлык аны таптакыр кызыктырган эмес. Антсе да руханий байлыгынын аркасында өзүн алтындын зээрине мас болгондордон алда канча жогору койгон. Анын адеп-ахлах жактан да байлыгына жана акылдуулугуна, таң берген афиналыктар андан мамлекет башкаруу ишин колго алууну, коңшу элдер менен тынымсыз жүрүп жаткан согуштарды токтотууну өтүнгөн. Элди башкаруунун тизгинин колуна алган Солон: «саясат деген – алдамчылык» экенин өзү үчүн жаңылык катары ачат. Мурун бейчеки ишке баспаган, байлар менен алакаласы жок болсо, эми ал эл тынчтыгы үчүн уламдан улам журтту алдай баштайт.