Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Даңкыбыздын көч башчысы, кудурети, тынуусу
Сизсиз түгөл Азиянын бүтмөк эмес бир иши,
Сизден ашкан даанышман жок,
Эгер бирөө бар десе да,
Анын өзү Сиздеги улуу парасаттын иниси.
Сизге катар коё албайбыз бул дүйнөдө эч кимди!
— Туура!
— Ак сөз!
— Кан жашасын! — дешти баары чечкиндүү.
— Качан болсо сом алтындын кадыры жок колдогу —
Деп тиги адам аңгемесин ары карай жолдоду, —
Чын өнөрдүн баркын билер,
Сөздүн даамын, наркын билер,
Акылыңыз таң калтырды дагы мени, аалымым,
Сиз аркылуу өлөң-сөздүн кудуретин тааныдым.
Өрнөгүңүз кылымдардан кылымдарга көчмөкчү,
Өзүңүздөй көсөмү бар элдин даңкы өчмөкпү!
— Токтот!
Жетет!
Жетесиз мен же сенби?
Сөзүң менен арбап, жайкап келгенсиң го эченди,
Бир күчөсө өткөөл бербес кошоматтын илдети.
Ар адамдын тирликтеги зор маанилүү милдети —
Чын өнөрдү баалай билүү жана терең түшүнүү.
Жан байлыгын эсепке албоо — калк беделин түшүрүү,
Тек карынга бийлик берсек, мобул аалам не болмок?
Изгиликтин өзөндөрү акпай калып, жоголмок.
Качыр озуп,
Мөрөй аксап тулпарда,
Карга бүткөн каркылдашып, мыскыл атып шумкарга,
Бийик менен жапыстыктын чек арасы өчкөнү.
Туш-тушунан мактоо сөздөр куласа да көчкү өңдүү
Эч бирөө жок жагынгычты жазалаган, жериген.
Тегирмени турса айланып жалгандыктын желинен,
Башка түргө келтирүүгө милдеттүүмүн сени мен…
Саал ойлонуп:
— Кимсиң өзүң, максатың не? — деди хан,
— Дайым Сизге орун берген жүрөгүнүн төрүнөн,
Корасандын акими мен… Алдыңызда төгүлгөн…
— Жалган аким, жалган тоонун даңкы жерге теңдешсин,
Бар, кайта бер! Корасанга эми аким эмессиң!
— Мунуңуз тек оор жаза болбос бекен мен үчүн.
Четке кагуу — өзүңүзгө чын берилген акимди,
Тарытпайбы сиздеги улуу жоомарттыктын өрүшүн?
— Мына, мына, сын саатында санааң кандай бултундаар,
Кырдын кызыл түлкүсүн да алдап кетер түлкүң бар.
Өтпөй жүргөн кыздай өтүп,
Көздөрүмдү туздай кетип,
Чексиз мактап беделимди ашырдың го тоодон да,
Сен жанымда болор белең багым баштан оогондо?
Шарт бурулуп жылт коёрсуң, карабастан мага анда!
Мактоо сөздөр төбөсүнөн шорголоктоп жааганда,
Ээликпеген башчынын тек аз болорун билесиң
Ошондуктан жашырынган душман сындуу элесиң
Ала жүргөн жойпулуктун эсепсиз көп илээсин.
Бийлик деген — калың элдин караганы, күткөнү,
Мени жөнсүз мактай берүү салтка айланып, бүтпөдү
Кээ бир куулар чектен чыгып, мага теңөө таппоодо.
Жалган ырчы, жалган акын,
Желпинишип жел канатын,
Мындан соң да эрк берсе адилетсиз мактоого,
Ошол замат буйрук кылам оор катуу жазага!
Адилеттүү жаза эч качан элди салбас мазага?
Мезгил өзү таразалаар ким боркемик, ким мыкты,
Адилет сын-журтка пайда келтирет,
Амирчинин санаасынан шыкаалаган чындыкты,
Жалган мактоо өлтүрөт,
Калың журтка ала келет канча кайгы-касырет.
Кунсуз кылып мөрөй көгүн,
Кошоматтын көбөйгөнүн
Кароо керек келчү жаңы касыреттин башы деп.
Миң намыссыз жагынгычтан кулдук уруп кулаган,
Артык мага тике келип чындыкты айткан бир адам.
Эми чындык мен мына бул бийлик кылган өлкөмдө,
Жакшылыкка жупташат да
Кадам шилтейт эртеңге —
Деп, амирдин курч, кайраттуу көздөрүндө бак жанып,
Тике басып чыгып кетти калың элди как жарып.
Андан бери канча жапты тигил тоонун кырын кар,
Сан гүл алып, сан кубарып,
Амир-Темир даңкын алып,
Тоголок жер тулкусунан учту канча кылымдар.
…Баш кол башчы Самарканддын баш көчөсү боюнда,
Туру бийик эскерткичте, терең кыял-оюнда,
Берилгендей убайымга,
Кылымында эсепсиз көп кан төккөнү жайында,
Бирок улуу бир мүнөздү салт эткени жайында…
Чынар терек алда нени шыбыш кылат кайыңга…
Кандын соңку осуяты,
Сөзгө айланган касиети
Алты жүз жыл өткөндөн соң, кана, кимдин оюнда?
…Бир жаш жигит секичеде (Сырттан көрсөң акылдуу),
Көңүл менен кошоор өңдүү алыс менен жакынды.
Калбактады, жалбактады,
Арстанындай ардактады,


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>