Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Даанышмандай салмактады,
Эскерткичти орнотууга буйрук берген акимди.
…Аздан кийин аким аны өз жанына чакырды…
Нак ошондо оң канаттан,
Парасаты оргуп аккан,
Кожо Хафиз казалдары жер жаңырта окулду…
Ой салар деп ишенди элем жаңы урпактар, кезинде,
Улуу ырды бирок эч ким тутпай калды эсинде…
…???*
*(Которгон — Сүйүнбай Эралиев.)

Айтматов. Ооба, бул ырыңдын тегерегинде ойлоно турган маселелер бар…

Кыргызстандын булуң-бурчунан көп-көп кат алам. Элдин турмуш жагдайларынын төмөндөп кеткени, экологиянын жакырдануусу, адамгерчилик касиеттин ыдырашы, баарын айта берсең бүтпөс чер токой, баш-аягы түгөнгүс узун кеп. Ошолордун ичинен бир кат айрыкча эсимде калыптыр.

«Көптөн бери көңүлүмдө жүргөн бир сунушум бар, — деп жазат кат ээси. — Конституциябызды «ак бата», «кара бата» деген наамдар менен толуктасак. Элине эмгеги сиңген, коомду алдыга сүрөгөн, калкын туңгуюктан чыгарып кеткен башчыга ардактуу эс алууга узаарда ак бата берели. «Ак бата алган адам» деген ардактуу наамга ээ болсун. Ал эми жамы журтка жик салган, кесирин тийгизген эл мүлкүн талап-тоноого жол берген, эл мүдөөсүнөн өз мүдөөсүн жогору койгон, кыскасы өз көмөчүнө күл тарткан башчыга «тескери бата алган адам» ирээтинде жүзү кара болсун».

Карапайым айыл адамы журт аталарынын тагдырына ушундай күйүп-бышып түйшөлгөнүн билдирет.

Шаханов. Кантсе да Чыке, Сиз Орто Азиянын аймагында эгемендиктин асабасын желбиреткен өзгө республикалардын Президенттери менен да жакшы тааныштыгыңыз бар. Ошол эл башчылардын иш ыкмаларынан кандай кооптуу терс сапаттарын баамдадыңыз?

Айтматов. Менимче андай кооптуу жагдайлардан төртөөнү байкадым. Канча айткан менен алар да пенде го. Президенттердин кимисинен болсо да «мен», «мен» деген сөздүн дабышы уламдан-улам катуу чыга баштады. Анткени, алардын оозунан жайынча айтылган «мен» эртеңки күнү «мамлекет да — мен» деген менменсинүүгө сөзсүз алып келиши ыктымал.

Экинчиден, өздөрүн чексиз бийликтин ээси катары сезип, кетирген кемчиликтерине сөз тийгизбей журт көңүлүнөн сырткары калтырууга аракеттенүүлөрү. Демократия жолго коюлган мамлекеттерде Президенттин одоно жорук-жосундары да көзгө сая көрсөтүлөт. Мисалы, батыш өлкөлөрүндөгү бир Президент өзүнө бөлүнгөн жеке самолётту эки саат күттүрүп койгону үчүн парламентте талкууланып, айып төлөөгө кириптер болду.

Үчүнчүдөн, парламенттин укугу менен мүмкүнчүлүгүн, бийлик чегин тарытып, каргы салууга жан алекетке түшүүлөрү.

Төртүнчү, күмөн саноо — ашкере мактоолорду угуп асыресе кошоматчылык жагына ыктай баштагандары. Бул терс өнөкөттөрдөн арылуунун жолун алдын алып турбаса оңой эмес. Деген менен жогоруда айтылгандай бир топ алгылыктуу кадамдар да жок эмес. Муун-муунуна жаңыдан кире баштаган ушу өтө кооптуу ылаңга каршы келээр күчтү коюп, акыл-эстерин жыйып, зирек карашса, өздөрү үчүн да, эл үчүн да арымдуу иш кылган болоор эле.

Мына, биз адамзат коомунун байыркы доорунан тартып, ХХ кылымдын соңку жылдарына чейинки өзүбүздүн сезип туйгандарыбыздын тегерегинде накта мисалдарга таянып кеп учугун чубадык.

Ушул маегибиз эгемендик алган мамлекеттерибиздин Президенттерин элдерибиздин ар кандай деңгээлдеги бүгүнкү жана болочок саясий ишмерлерин бир көз ирмемдик саамга ойлонтууга түрткү болсо, максатыбыздын орундалганы деп эсептейли.

Сөзүбүздүн аягын бийлик тууралуу доордон доорго коңгуроо болул жаңырган даанышмандардын нускалуу кептери менен жыйынтыктасак:

Пифагор: «Акмакка — кылычты, уятсызга бийликти ишенип берүүнүн кооптуулугу бирдей».

Ш. Монтескье: «Мыйзам алкагында, айтылган антка ылайыктап жана адилеттик туусунун көлөкөсүнө жашынып күрөшкөн тирандан ашкан жоо жок».

Д. Дидро: «Зордук менен түбү түптөлгөн бийлик зордуктун курмандыгына айланат».

Ж. Лабрюнер: «Өтө мартабалуу орун татыктуу адамдын кадыр-баркын жогорулатат, майда адамды биротоло майдачыл кылып жиберет».

Ооба, тагдыр биздин жолубузду руханий байлыктан керегесин оолак калаган башчылар менен жалгаштыра көрбөсүн!

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>