Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Экинчиси – өзгөнүн иштегенин көрүп, аракеттенгендер. Булар көбүнчө куу болушат. Коомго жарытыраарлык өзгөрүш алып келе алгыдай жаңылык жасай албайт. Тек, эскини гана таптап башкарууга ыктап турат.

Үчүнчүсү – өзү да билбейт өзгөдөн да таалим ала албагандар. Мындайлар бийликке кокусунан келишет да, колундагы бүгүнкү бийлигинен эртең айрылып калышат. Алар кезиккен ишти ызы-чуу кылып, талашты жаңжал менен чечүүгө ынтызар келишет. Акырында эли – кыргынга, байлыгы талап-тонолууга учурайт.

Шаханов. Кандай так аныктама!

Айтматов. Бийлик менен элдин ортосуна жик түшсө, кайта калыбына келиши кыйын. Германияны алалы. Өткөн кылымдарда музыка, адабият, илим, көркөм өнөр, архитектура тармагында не деген дүйнөгө улуу генийлерди берди. Ал эми Гитлер мамлекеттин бийлигине келе коюп, дүйнөлүк согуш ачып жиберди эле, элдин тырмактап жыйнаган руханий байлыгынан кол жуугузду. Туурасын айтсак, башчы ирээтинде эмгекчил немец калкына кут болбоду – жут болду.

Шаханов. Наршахи деген акылман: «Калкың кара нан жесе, сен да кара нан же. Бал жесе, бал же. Калкың кара нан жеп, өзүң бал жеп отурсаң ишеничтен кетесиң. Акыйкаттыгыңа шек келет. Бийликтен ажырайсың», – деп жазыптыр.

Айтматов. Ак сөз! Мен билген бийликтин эки жагы бар. Бири – калкына кызмат кыла турган, экинчиси – өзүнө жана тууган-туушкандарына, урук-тукумдарына гана жарыгы тийген бийлик. Алгачкысы жоопкерчиликти терең сезүүдөн, акыйкаттыктан, кийинкиси ички эгоизм менен барксыздыктан жаралат.

Сөз жок, бийлик бар жерде так талашуу да кошо жүрөт. Бирок, канткен күндө да жалпынын мүдөөсүн жалкынын кулкуну менен кызыкчылыгы да басып кетпөөсү керек.

Шаханов. Кайдан окудум экен? Чамасы эски доордогу акылмандарынын бири болсо керек, чөнтөк дептериме мындан көп жыл мурун минтип жазып коюпмун: «Бийлик ээси айланасына кошоматчыларды топтосо, күнү караңгы. Анткени, кошоматчылар жетекчини мактабай тура алышпайт. Ал эми мактоо сөз уу сыяктуу, тулку боюңду толук бийлеп алат. Алды-артыңды аңдоодон калтырат. Өзүң да ага абдан көнүгүп, үйрөнүп алган соң күн сайын мактаса экен деп турасың.

Мунун аягы жеке адамга сыйынууга алып келип такалат. Өзүңө-өзүң алтындан эстелик орнотосуң. Бир кошоматчы эстеликтин төбөсүнө күн тийбесин деп, кол чатырын кармап турат. Сен ага да ыраазы болуп, казынадан дилде бердиресиң.

Калкыңды унутасың. Каптап жүргөн кайырчы, мусапырды көрбөйсүң. Аялың менен балдарыңа арнап мармар таштан Ак сарай салдырасың. Булардын ичин да кошоматчылар ээлейт».

Айтматов. Кээде андайлар капыстан башына кыйын иш түшсө, жан жагынан баягы кошоматчылардын бирин да таба албай, элге шерменде болуп, маскарачылыктан безип жоголушат.

Шаханов. Сизге ушундай жагдайдан элинен безүүгө мажбур болгон бир түрк султаны жөнүндөгү орус тилинде ыр окуюн.

Айтматов. Кулак сенде.

Шаханов.

В гареме турецкого султана
Было тысячи красавиц:
Из Хорезма,
Герата,
Парижа,
Полуострова Пелопоннес,
И даже из города Тараза,
Где жили предки
Писателя Акима Тарази.
Красавиц отделяли от мира
Высокие глухие стены,
Глухие, как их судьбы.
Они не видели мужских лиц,
Кроме несчастных Охранников – евнухов.
Всюду царил лишь дух султана.
Когда он шел по гарему,
Сверкая золотистым халатом,
И опьяненными,
С поволокой глазами,
Все замирали в мольбе:
«О аллах, помоги, О аллах, помоги,
Обрати его взор на меня!»
Пускались в ход
Все женские чары.
Кому-то судьба
Улыбнулась сразу,
Кому-то улыбнется
Через четыре-пять лет…
Кому-то после смерти
Повелителя…
А в дворцовом саду
Играли,
Бегали,
Дрались,
Смеялись,
Плакали
Более трехсот детей,
Как капля в каплю
На султана похожих.


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>