Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Ошол себептүү бир фараон каза тапса, бүткүл калдайган калкы аза тутуп, кара жамынып кайгырышкан. Анткени аны менен кошо аялдары, кызматчы, жан жөкөрлөрү кошо өлтүрүлүп, минген аты, ичээр тамагы, асынган курал-жарагы кошо көмүлгөн. Көзү барындагы элдеги идеологияны, саясатты, мамлекеттин бардык байланышын, экономикасын колго кармап олтурган алар тиги дүйнөдө да ушул сөөлөтү, бедели менен кызмат аткарат деп эсептелип, өлгөндөн кийин да эч нерседен өксүтпөөнү катуу табыштаган.

Каирдин жанындагы өз доорунда араб калкына катуу таасир кылган Хеопс, Микрин, Хефрен пирамидалары ушу кезге дейре сакталып турат. Жыл сайын дүйнөнүн булуң бурчунан чет элдик туристтер келип, сонуркап, зыярат кыла турган бул ажайып имараттардын салынуу чеберчилигин сөз менен айтып жеткизүү кыйын. Техника жок учурда миңдеген кулдун тоодой ак таштарды кыраандар учкан бийиктикке чейин кандайча муюбай жеткиргендигине, ар бир чен-өлчөмдөн жаңылышпай орду-ордуна кынаганына, имараттын төрт бурчун октой учтантып кырдуулаганына таң каласың. Менин таңданышымды айттырбастан түшүнгөн улгайыңкы жолоочу төөсүн чөктүрүп жатып:

– Жаңылыктардын баары өткөн кылымдарда ачылып коюлган. Биз аны кайталоочубуз, мырзам,– деп жымыйды. Сабатсыз карыянын сөзүн ичимден моюндоого мажбур болдум. Убакыт аттуу улуу сынга моюн бербей, асман менен жердин ортосунда таканчыктап, төрт бурчтуу пирамидалар кандай сырдуу табышмак болсо, арабдын биздин доорубузга чейин бийликтегилеринин өмүрүндө да жасаган табышмактуу сырлары көп.

Шаханов. Геродоттун айтымында, Хеопс пирамидасын курууга 100 миң адам катышкан. Мында эртели-кеч эзилишкен кул 20 жыл бою күнү-түнү тынбастан кызыл камчынын астында иштешкен.

Арабдын атактуу саякатчысы ал-Идириси «Амирчинин аялы бийликке аралашса, кулдун катынынын да оозу кычышып турат…», – деп жазыптыр, Орто Азияны аралаган сапарында.

Айтматов. Ооба, бийлик бар жерде көрө албастыктын кызыл оту жанбай койбойт. Бийлик абыройго барар жол, кээде абдан жакын көрүнгөнү менен өтө жооптуу, ары кооптуу. Жооптуулугу – артында калдайган калың калк. Алардын баары менен жогу, багы менен шору сенин колуңда. Кооптуулугу – ар бир баскан кадамыңды, ар бир сүйлөгөн сөзүңдү аңдыган душманың да аз эмес. Ошондуктан да болоор, не бир кыямат-кайымды баштан кечирип, саясаттын ой-кырын тегиз кыдырган кексе бийлердин бири: «Башкаруучу ар качан эл арасынан чыккан сүрдүү, ары акылдуу адамдарды жанына топтосо, абыройго бөлөнөт. Алардан сактанып коркуп, жанына жуутпаса, өзүнө келишпес душман кылып алат. Андай адамдын бири миңге татыйт. Жаныңа акылсыздардан миңди жуутканга караганда, бир акылдууга таян»,– деп кийинкилерге өрнөгүн калтырган.

Шаханов. Кайсы доордо болсун түрки тектеш калктардын тарыхында бийлердин ээлеген орду өзгөчө. Алардын буйрук-өкүмү эч кандай купуялуу, алдын ала келишүү, ымалашуу атайын же жол-жобосу менен жүргүзүлбөгөн. Тарых беттерин барактасак, эң зор бийлер кеңеши азыркы Сыр-Дарыя областындагы (Өзбекстан) Ангрен өзөнүнүн жакасындагы Күлтөбө башында – «Ханабад» Тауке аттуу хандын ордосунда өткөн. Мында оозу дубалуу бийлер казактын үрп-адат таалим-тарбия мыйзамдарынын жыйындысы – «Жети осуятты» кабыл алышкан. «Күлтөбөнүн башында күндө жыйын» аталып кеткен бул кеңешке Төлөбий, Каз дабыштуу Казыбек бий, Айтике бий, кыргыз Көкүм бий, каракалпак Сасык бий, Едиге бийлер келип, эл менен жерди сырткы душмандан коргоо, элдин биримдиги менен ынтымагын сактоо, адамгерчилик, даанышмандык, ата-бабанын ар-намысын тепсетпөө, хандардын түптөгөн саясаты менен дипломатиясы жагдайында көкөйлөрүндө жүргөн тарам-тарам ойлордун түрмөгүн ортого таштап, элдин болочогун көздөп, кабыргалары кайышкан.

Казак калкынын биримдигин бузбай, чегин ажыратпай, мамлекет деңгээлине чейин жетүүсүнө айрыкча үч жүздөн Төлө, Каз дабыштуу Казыбек, Айтике сыяктуу ар уруу бийлеринин сиңирген эмгеги өтө зор.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>