
Аскада калган Кожожаш тагдырдын ушундай катаал өкүмүнө моюн сунуп, өзүнүн ашынган ырайыймсыздыгына, зулумдугуна, текеберчилигине, кыянатчылыгына наалат айтып, аска зоолорду жаңырта, уккан жандын сай-сөөгүн сыздата боздоп-сыздап калыптыр. Бирок, болоору болгон соң, мунун баары өтө кеч эле…
Ар бир жаш муун өз сөзүн, айтаар ырын,
Жаштан алар адамзат бай тамырын
Тоого чыгып кыйкырсаң
О керемет!
Жаңырыкка айланып кайтаар үнүң.
Жооп берип туруучу сан кылыкка,
Таазим этем ал улуу жаңырыкка.