Ошол маанилүү жыйында өзбек акын жазуучулары: Адыл Якубов, Шүкиролла, Абдулла Аршов, Аман Матжан, Якубжан Хожамбердиев, Ахмаджан Мелибаев, Жамал Кемал, кинодраматург Хайрулла Жураевдар менен жүздөшүп, Ислам Каримов жөнүндө жылуу пикирлерин уктум. Калемдеш досторунун бардыгы республика Президентин накта даанышман адам экендигин белгилешти. Баарынан да бир эле жылдын ичинде, башкасын мындай коюп, бүгүнкү кыйын кезеңдин өзүндө акын-жазуучуларга элүү үй бергизгени (бир гана Ташкент шаарынын өзүндө) руханий байлыктын көшөгөсүн көгөртүүгө жасаган зор камкордугу эмеспи?
Жашырганда эмне, мурда ар кандай өйдө-төмөн кептерди көп эшиткендиктенби, Ислам Каримовго саясий ишмер катарында такыр ыраазы болбой жүрчү элем. Ошол сапарымда мурдагы көз карашымдан өзгөрүлүп, боордош элдин Президентине болгон урматтоо сезими пайда болду.
Айтматов. Айтылуу кыраакы Амир Темирге байланыштуу бала кезимде уккан бир аңыз эсимде калыптыр.
Улуу кеменгер өз тушунда Бухара менен Самаркандга архитектуралык жасалгасын айрыкча өнүктүрүп, мунаралары көк тиреген күмбөздөрдү, мечиттерди көркөмдөп салдырып, окуу, билим борборуна айландырган эмеспи. Иран бактары менен фонтандарынын кооздугу ушунчалык, чет элдик саякатчылары далай мерте аңыз кылып, тамшана жазышкан. Ошентип сылап-сыйпап олтурган эки шаарын шайык акын Хафиз Кожа:
Шираздагы аруу пери сүйсө мендей бечараны,
Берер элем бир меңине Самаркан менен Бухараны, —
деп сулуу кызга арнап ыр жазып, сыртынан сатып жибергенин уккан улук:
— Алдыма алып келгиле! Бир меңге менин окшогондой кош шаарымды бере салган мырзанын ким экенин көрөйүнчү, — дебейби каарданып. Эл кезип жүргөн дербиш акын оңой менен таптыра койбоду. Бир күнү Амир Темир ордосунун алдына чыгып, күн чубакта олтурса, көчөдөн желип-жортуп Хафиз кетип баратыптыр дейт. Темирдин күзөтчүлөрү турган жеринен былк эткизбей аны кармап алып, дегдеңдете улуктун алдына алып келиптир.
— Самарканд менен Бухараны соода кылган сенсиңби? дейт Аксак Темир албууттанып. Ошондо Кожо Хафиз туруп:
— Улуу ханым, болгон байлыгым үстүмдө, мунун да кандай абалда экендигин өзүңүз көрүп турасыз. Жарды адам жоомарт келет. Сулуунун бедели түшпөсүн деп бере салаар элем, — дептир.
Амир Темир караса, чынында эле, үстүндөгү жолжол ала чапаны, бутундагы жыртык чарыгынан башка жарытылуу эч нерсеси жок экен.
— Чыныгы эркектик, акындык мүнөз! деп күлүп жибериптир ошондо.
— Мен — улуу хан болсом, сен улуу акынсың. Ордомдун төрү сеники. Калган өмүрүңдү убайымсыз бейкапар чардап өткөр! Өнөрүңдү эркин чабыттатып канат күүлө!
Мындан соң бир азга ойлоно айланасындагы увазирлерине октой көзү менен карап:
— Падышасы акынын издеген эл бактылуу, ал эми акыны падышасын издеген эл шордуу. Ушуну эсиңерге туткула! дептир.
Шаханов. Анда эмесе өзүбүзгө келели. 1995-жылдын жазында Кыргызстандын мезгилдүү басма сөздөрү: «Ой-ой, Айтматов президенттик шайлоого талапкерлигин коймокчу болуп жатыптыр» — дешип дүңкүлдөтө жазышып, журтту бир азга да болсо элеңдетти!
Сиздин Кыргыз элине, бүтүндөй түрк дүйнөсүндөгү кадыр-баркыңызды жакшы биле тургандар: «Эмне экен, Чыкең Президент болсо жарашпайбы», — деген, учурмалуу кептин көөрүгүн басып, ого бетер кызытышты. Бул пикир эки ирет кайталанып, бел аша баштаган кезде, Бельгиядан өзүңүз телефон чалып калдыңыз. Эл ичиндеги уу-дуу кепти айта салдым. Ошондо Сиз:
— Мага жакын, ары кыргыз элине калыс адам иретинде өзүң басма сөз аркылуу интервью берип, мунун чындыкка жанашпай турган кеп экенин айтсаңчы, бул эки ортого от койгусу келгендердин пендечилиги чыгар, — деген аманатыңызды айттыңыз.
Тез арада маек уюштура салып, кыргыз жергесиндеги оболоп турган бул ушак-айыңды ак жаандай тыптып этип бастым. Кийин Нурсултан Назарбаев да мага Сиз менен Францияда жолугуп, ушул маселенин тегерегинде ыймандай сыр бөлүшкөнүн айта келип:
— Чыкең президенттикти эмне кылсын. Кудайга шүгүр, атак-даңкы эч кандай президенттен кем эмес. Жөн эле журттун чыгарган ушагы го, — деген.