Тоо элинин тун романы.

Түгөлбай Сыдыкбековдун «Тоо арасында» романына 50 жыл толгонуна карата, маек Кыргызстан Маданият гезитинде февраль айынын 1988 жылы жарык көргөн.

Кыргыз адабиятынын тарыхынан.

— Туке мына биздин колубузда “Тоо арасында” романыңыздын алгачкы басылышы (“Кең-Суу” 1937 жыл Самарканд) турат. Бул романдын жарык көргөнүнө 50 жыл толду. Ал кезде улуттук адабиятыбыз жаңыдан түптөнүп жаткан кез эле. Сиз да жаш элеңиз, жалпы эле адабият тажрыйбасы жаш болчу. Ошондуктан элибиздин социалдык – коомдук өзгөрүүсүнө, өнүгүшүнө арналган көп пландуу “Тоо арасында” сыяктуу романдын жазылышы кимди да болбосун кызыктырбай койбос?

— Жаңыдан калыптана баштаган жазма адабиятыбызды жаратуучулардын ар бири мейли поэзияда, прозада, драмада болсун колдон келишинче жаңылык алып келишкен. Не дегенде мезгил биздин муундарды эрте бышыктырып, эрте жетилүүгө багыт ачкан жана мажбурлаган.

Романды жаза баштаган учурум дал ошондой күрдөөлдүү учурга туура келди. Албетте, адабий даярдыгым өзүмө бир кыйла жеткилең сезилгени менен абдан эле уяң болчу. Ошого карабастан кызыгуу, берилүү менен иштедим. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо романымды бир аз эртерээк жаза баштамакмын. Не дегенде, роман каармандары, алардын кызык жана татаал, жаркын мүнөздөрү ошол мезгилдеги күргүштөгөн күрөдөөлдүү окуялар көз алдыма келе берчү. Кызыктырчу. Ашыктырчу.

Романдын кандай шартта жазылгандыгы жөнүндө мен маектерде жеткилең эле айткандай болдум. Ошентсе, да бир аз токтоло кетейин.

1933-жылы кургак учук оорум күчөп турган кезде романды жаза баштадым. Не дегенде эртеңки өмүрүмө анча ишенген эмесмин. Эч болбогондо ушул чыгарманы бир сыйра болсо да колумдан келишинче жазып коюуга ашыктым. Ашыкканым ушунча, 1935-жылдын кеч күзүнө чейин эле аяктап койдум. 1937-жылы Самаркандан басылып чыккан “Кең Суу” ошол биринчи жазмасы.

— Сөзүңүзгө аралжы Түкө, 1935-жылы “Кызыл Кыргызстан” (азыркы “Советтик Кыргызстан”) газетасынын 14-декабрдагы санына “А.О.” деп баш тамгаларды койгон автор сиздин али жарыкка чыга элек ушул чыгармаңыз жөнүндө куш тилиндей пикир жарыялаптыр. Ал өтө эле кыска болгондуктан, окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн толук келтирип өтөлү: “Жаш акын-жазуучуларыбыздын бири – Сыдыкбеков Түгөлбай “Кең-Суу” деген роман жазып ташшырып олтурат. Бирок анын романын карап чыгаруу, кеңеш берүү, бирдикте иштөө анча эмес. Кол тийбегендик, редактордун жоктугу аны да созуп бара жатат. Түгөлбайдын романын көп кемчиликтери болууга тийиш. Аны өзү деле айтып жүрөт. Бирок ага берилген жардам жокко эсе”.

— Ал макаланы жазган “А.О.” кадимки Алыкул Осмонов болучу. Ал да жаңыдан кадам шилтеп жүргөн жаш кези эле. Жана мезгил бардыгыбызды мажбурлады, тез ойготту, чоң ишке милдеттендирди деп айтпадыкпы. Ага Алыкулдун ушул макаласы да күбө. Бирбирибизге бирибиз ак дилден чыккан чыгармачылык тилектештигибизди аяшкан эмеспиз.

Тигини жазып, муну бүтүрүп жатам деп ачык айтпаган жаным “роман жазып аяктап калдым”, — деп ал кезде Жазуучулар союзунда иштеп жүрчү Өмүркул Жакишевге кат жибергем. Эч жооп болгон жок. Кийин кездешкенде Өмүркул: “Катыңды алдым, дубай салам жазып көрө элек Түгөлбай кайдан эле роман жазып жиберсин деп ишенгеним жок” – деди. Ал туура, ишенбеске себеп бар болчу. Мен курбума кенедей да капа этпедим. Роман жазуу чоң чеберчиликти талап кылар, катаал иш эмеспи.

Эске салаар дагы бир жагдай ошол кездеги муундун бардыгы эле чыгарманы жетилте иштөөгө маани бере билбедик. Эгерде чыгарманын түбөлүгүн эстесек, ошентишибиз керек эле.

Азыр ойлосом күлкүм келет. Мунун бир бөлмөсүнө эки жазуучу биз бетибизче (мен ашканада Мунун төркү үйүндө) иштегенбиз бирибизге бирибиз жазгандарыбызды окутуп, кеңеш алчу эмеспиз, ага окутсам эле дечүмүн. Мындай баскан үкүдөй шырп алдырбай колжазмасын көрсөтчү эмес. Ошондон улам мен жазып олтурган үстөлдүн бир четинде кесме кесип жатып Бурулча: “Деги сен чын эле жазуучусуңбу? Жазгандарыңды окуп койчу”, — деп тамашалачу. Мен ага бир-эки абзацты окуп берсем. Бурулча күлүп: “Чын эле жазуучусуң го, окшоп жатат”, — деп күлүп койчу.

Канчалык чын жазуучу болсом, “Кең-Суумду” экинчи жолу колдоп өткөрүп кем-карчын жетилтүү милдетим эле. Мен аны кийинчирек ишке ашырдым. Романга ат коюуда калкыбыздын өмүр тарыхына мүнөздүү болсун деген тилек менен кең агым деген мааниде “Кең-Суу” атагам. Бирок кай бир окуучулар өз айылын, өз жерин жазыптыр деп тар баамдагандыктан, ошол кең агымга барабар болоор деп экинчи редакцияда “Тоо арасында” деп атадым. Себеби калкыбыздын атам замандан берки Мекени – Улуу-Тоо, Ала-Тоо, Керме-Тоо өзөндөрү болгондугу эске алынды.


<< Мурунку 1 2 3 Кийинки >>