Шаханов. Брежнев ушу жеке адамдын керт башына сыйынуучулуктун аркасында акыл-эси, түшүнүгү, жумушка жөндөмсүздөрдүн колдогон колдоочулары, кошоматчыларын көтөрмөлөп жөлөп-таяганынан даанышман аталууга боло тургандыгын болушунча жакшы айгинелеп кетти. Ошол кездеги партиялык съезддер менен Борбордук Комитеттин пленумдары, түрдүү жыйындар менен кеңешмелер Башкы катчыны мактоого тундура турган. Ал эми Брежнев болсо канча суу куйсаң да, кайда кетип жатканы белгисиз кулдуратып өзүнө соро берген Кызыл-Кумдун борпоң топурагындай чаңкап дагы мактай түшсө дегенсип, трибунага кулагын төшөй берилип угуп олтурар эле. Ушинтип тарых сахнасында эби-чени жок, мурда эзели болуп көрбөгөн күлкүлүү спектакль ойнолуп жатты.
Көрүнүктүү казак окумуштуусу, академик Манаш Козыбаев өзүнүн «Брежнев жана Казакстан» аттуу макаласында мындай бир көңүл бурарлык жасалма көрүнүштү келтирет.
Украин ССРине «Элдердин достугу» орденин тапшыруу урматына арналган Киевдеги салтанаттуу жыйында катышкан журтчулук Башкы катчынын сөзүнө 35 ирет кол чабышкан экен. Ушундан көп өтпөй Казакстанда Дың жерди өздөштүрүлгөндүн 20 жылдыгына карата (1974-жыл, 15 жалган куран)*(март айы) Брежневдин өзүнүн катышуусу менен чоң салтанаттуу жыйын өтө турган болду. Казакстан бул салтанаттуу жыйынга айрыкча даярдык көрдү. Республиканын Борбордук Комитетинин идеология бөлүмүнүн катчысы С. Имашев атайы кеңешме өткөрүп, Брежневдин урматына бул даталуу жыйынды кандай да болсо украиндыктардан да жогорку деңгээлде өткөрүүнү катуу дайындады. Атайы көрсөтмө алган облус менен шаар, райондун башчылары дароо жабыла ишке киришип, натыйжада Брежневдин сөзүнө 73 ирет «дүркүрөгөн узакка созулган кол чабууларды» уюштурушкан. Ошентип башчыга жагынуучулуктун планы украиндык туугандарга салыштырганда эки эсе ашыгы менен аткарылды. Бечара Брежнев өзүнүн «даанышмандык» сөзүн мурда кулак укпай, көз көрбөгөн урмат катары кабыл алган калкка кайта-кайта толкундана карап, кемшеңдей элжиреп турган дешет көргөндөр. Муну Гиннес китебине кошоматчылыктан жасалган рекорд иретинде киргизсе болмок эле.
Айтматов. Ошол жылдар го. СССРдин Жогорку Кеңешинин Төрагалыгына мүчө Расул Гамзатов Москвадан үйүнө «Сижу в президиуме, но счастья нет» деп телеграмма жибериптир.
Шаханов. Тамашалап айтылган бир ооз сөздүн өзүндө канча терең маани жатат…
Брежнев өзүнүн күч-кубаты кетип, алдан тайып калган карылыгын жашыргысы келдиби, ошол кездеги өлкөнүн Саясий Бюросунун мүчөлөрү менен мүчөлүккө кандидаттары өңчөй кагыраган чалдардан турар эле. 1979-жылы алардын орто жашы 70 жаш болгон. Кээ бирөөлөрүнүн трибунага чыгып түшүүсүнүн өзү кыйын эле. Ушул саясий «моданы» туурагысы келишкен союздук республикалардын башчыларынын көпчүлүгү Борбордук Комитеттин чалдарын коштоп жүргөн карыялардан болушту.
Ошол кезде коркунучтуулукка айланып бара жаткан ушул кагыраган чалдардын проблемасы туурасын да аңыз менен четин чыгарып, «12 — 3 = ?» аттуу чакан гана поэма жазганмын.