Кыязы Орто Азиянын кайсы республикасына келгендигин кара басып унутуп калса керек. Мында адеп-ахлак менен ички маданияттын тубаса кемдиги, теңсинбөөчүлүк менен текеберчиликке кошул-ташыл болуп жаткан жокпу?
Айтматов. Өзбекстандын Президенты Ислам Каримов менен алгач ирет 1990-жылы кездештим. Ош окуясы эсиңде чыгар, ойдо жок жерден эки улуттун араздашуусу ойгонуп, өзбек менен кыргыз ортосундагы кан төгүлгөндө, чыдап тура албадым. Кеңешме учурунда Горбачевго жолугуп: «Мага эми бир көлүк бериңиз, Ошко аттанайын. Араздашуу эмнеден чыкты, өз көзүм менен көрөйүн. Колдон келген жардамымды берейин»,дедим. Ал өзүнө ошол кездеги СССРдин Коопсуздук комитетинин төрагасы Крючковду, СССРдин Коргоо министри Язовду чакырып, тезинен атайы учак даярдаңыздар деп буйрук берди. Ошол күнү жанымдагы бир топ адамдар менен бирге Москвадагы Чкалов атындагы аскердик аба бекетинен обого көтөрүлдүм.
Ташкент аба бекетине келип коноорум менен, алгач кабарлашканым Өзбекстан Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Адыл Якубов болду. Баарыбыз ошол жерде жолугушуп чукулунан кеңешме өткөрдүк.
Боордош эки калк бири-бири менен жакалашып жатыптыр. Жаатташууну кандайча токтотуп, байкоосуздан дүрт этип тутанган өрттү канткенде өчүрөбүз, мына баарыбызды туңгуюкка такаган ушул маселе болду. Аба бекетте турган эки саат ичинде: «Фергана облусунда ондогон миң өзбек Ошко карай каптаганы турат». «Кечээтен бери алайлык кыргыздар атка миниптир» деген төбө чачты тик тургузган ушул сыяктуу чуулгандуу кабарлар санаабызды санга бөлүп, жаныбызды жай алдырбай жатты.
Ошондо Өзбекстандагы ар түрдүү коомдук уюмдардын жетекчилерине карап: «Мындай учурда сеники туура эмес, меники туура деп жаакташып олтурбайлы. Чындап келгенде, чекилик эки жактан тең кетти. Кайрадан баарын козгоп олтурбайлы», — деген сунушту айттым. Чогулгандар жапырт кубатташты.
Арадан аз убакыт өтпөй, менин келгенимди уккан Өзбекстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Ислам Каримов да аба бекетине келе калды. Иш билги жигит экени сөзүнөн, жүрүм-турумунан көрүнүп турат. Жекече олтуруп сүйлөштүк. Менин айтканым: «Ошко басып киребиз деп турган ферганалыктарды токтотуңуздар. Бир козголуп кетсе, жаалданган жаатташкандарды сабырдуулукка чакыруу оңой эмес. Арты кыргынга айланышы мүмкүн. Биз өз жагыбыздан Ош областыбызды тынчтандырууга аракет кылабыз», — дедим.
Исламдын ойлогону да ушундай экен. Сөзүмдү эп көрдү. Учактын трапына чейин узатып коштошту.
Ош областына барып, жагдай менен таанышкан соң, Өзбекстандын телевидениесинен республиканын калкына кайрылып сөз сүйлөдүм. Чырдын эмнеден башталганын талдап келип, кагылышуу ушундай өөрчүй берсе, кандай апааттарга алып келээрин зар какшап айттым. Жанымда Адыл Якубов менен Пиримкул Кадыров болду.
Менин минтип зарлаганыма ал экөө тең кошулушуп, өзбек калкын сабырдуулукка чакырды…
Ошол ирет кылымдардан бери ирегеси ыдырабаган туушкан эки калктын арасындагы жаңжалдашууну токтотууга Ислам Каримов өзүндөгү жетекчиге таандык даанышмандык атуулдугун көрсөтө алды.
Бир ирет Казакстандын ПЕН-клубу кезектеги жыйынын Кустанай шаарында өткөргөн. ПЕН-клубдун жетекчиси Абдижамил Нурпейисовдун чакыруусу менен жыйынга катышып, Франкфуртка кайтаарымда Ташкентке тийдим. Кечки убак мен конгон жерге Ислам Каримов келди. Ошентип экөөбүз далай убакыт аңгеме дүкөн куруп, Борбор Азиянын бүгүнкү замандагы маданияты тууралуу ой бөлүштүк.
Ислам сөзүмдү ынтаа коюп тыңдап, өзүнүн көкөйүндөгү жүргөн чулу-чулу керемет ойлорун агынан жарыла ортого салды. Мурда аны тек чарбачылыктын гана ийне-жибине чейин билген жетекчи деп ойлочу элем.
Мындай ойлогонум таптакыр башкача чыкты. Эл жердин тарыхына каныккан, жалпы көркөм искусствонун кайсы тармагынан болбосун жогорку деңгээлде түшүнүгү бар ишмер экенине көзүм жетти. Кийин Ташкент шаарында көз жарган Орто Азия калктарынын Маданият ассамблеясын (ОАХМА) уюштуруу идеясы да ошол жолку терең сырдашуунун жыйынтыгы эле.
Шаханов. Ооба, 1995-жылы ошол Маданият ассамблеясы уюштурулуп, ага өзүңүз бир добуштан президент болуп шайландыңыз. Эгемендик алган соң, өзөзүнчө түндүк көтөрүп, илгертеден келаткан карым-катнаштарын үзүп алышкан адабият менен искусство ишмерлери ээн-эркин ой бөлүшүп, сырдашып, жалпы адамзатка таандык проблемаларды козгошуп, чыгармачылык байланыштары кайра калыбына келди.