Жоомарт шоолалуу жылдыздар, же бир ууч топурак.



Аларды эске алуу кандай каниет, жан-дүйнөң кеңейип, санааңда күн чубагы ойногондой таасир аласың. Деги кимдин болсо да өз доорунан, өз замандаштарынан бийик турган үлгүлүү касиетин айтуу дүйнөлүк маданий казынага кошула турган үлүштүн бир түрү.

Биринчиден, бул эскерүү өзүбүз үчүн парыз десек, экинчиден, ошол маркумдардын көөнөрбөс руху алдындагы инилик, перзенттик милдетибиз, алардын убакыттын жамгыры чайып, күнгө тозулган касиеттүү көрүстөндөрүнө салган бир ууч топурагыбыз болор.

Оңой эмес,
Жеңил эмес бул эреш,
Качан болсун чындык жолу буруш, коо
Керек десең түшүнбөстүк күнөө эмес,
Кылмышка тең – түшүнүүгө тырышпоо.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 Кийинки >>