Айтматов. Биз, демократияны көрүнгөн адамдын оюна келгенин жасай турган ай дээр ажосу, кой дээр кожосу жок жыргализм деп кабыл алдык. Жок, демократия дегенибиз – эң алды менен катаал тартыш. Анын өзүнө таандык катаал мыйзам ченеми болуу керек. Кадимки эле мисал. Үй-бүлө мамлекеттин үлгүсү. Анын да көсөм ээси, ишенимдүү кошчусу, ишенимдүү аткаруучулары бар. Демократия экен, оозума эмне келсе, ошону оттойм деп, келин атасын сакалдан алса эмне деген абийир? Ырыс жылоолотпой, үй ичине кызыл чеке болуп жаңжал чыгара турган, руханий маданиятка терең тамыр жайып өнбөгөн демократиянын кимге кереги бар?
«Бейиш менен тозоктун арасы – бир эле кадам»,– дептир императорлук так менен таажыдан айрылып Ыйык Елена аралына жер которуп бара жаткан Наполеон Бонапарт, өкүнгөндөн бармагын тиштей. Ошол сыяктуу аярлап баспаса, абайлап кармабаса, демократиядан анархиянын айылы алыс эмес…
Шаханов. Ушул бийлик менен демократиянын өз ара катнашы, өзгөчөлүктөрү эмнеде деп ойлойсуз?
Айтматов. Элестүү айтсак, бийлик дегенибиз – айбалтанын башы да, демократия – сабы. Ал сабын кармай турган кудуреттүү колдун ээси качан да болсо эл экенин эстен чыгарбаган абзел. Ошондуктан бул экөөнү бөлүп-жарып кароонун кажети жок. Өзүм күбөсү болгон бир учурду айтып берейин. Бир күнү кечкисин кызым Ширин:
– Атаке, автобуста келе жатып капчыгымды түшүрүп алыпмын. Кейибеңизчи, – деди. Азбы-көппү кеп акчанын жоголгонунда эмес, этиетсиздигине кейип, эми окуучулук күбөлүгүн кайрадан жаздырып алууга туура келерин катуу эскерттим. Арадан эки-үч күн өткөндөн кийин, Люксембург полициясынан биздин элчиликке телефон чалынды. Полициянын менде кандай иши бар эле деген күдүк ой менен телефонду алсам:
– Сиздин кызыңыз капчыгын жоготкон экен. Тапкан адам бизге алып келип берди. Келип алып кетиңиздер, – дегени.
Полициянын мекемесине Ширинди өзүн жибердим. Тапкан адам, балким олжо көрүп, акчасын алып койгондур дегенда ой кетти. Келгенде: – Ичиндегилери түгөл бекен? – деп ийдим.
– Акчам да, документтерим да, баары өз ордунда экен,– деп жооп берди.
Таң калдым, бир чети буга чексиз ыраазы болдум. Мына, коом алдындагы ар бир атуулдун жоопкерчилиги деген – ушул.
Капчыкты тапкан адам аны полицияга алып келип убара болбой эле, чөнтөгүнө жымыра койсо да, ууру деп ким аны айыптамак. Талдай карасак, бул – бийлик калыпташтырган мүнөз менен демократиянын жаркын көрүнүшү. Ушу эки нерсенин бири бузулса, экинчисине доо кетпей койбойт. Жоготконуңду таап бермек тургай, колуңдагыны жулуп ала турган биздин коомдо, демек бийлик да, демократия да алигиче уйгу-туйгу болуп, өз ордун таппай жаткансыйт.
Мисалы, кызым эми: «Адамдар мага кайрымдуулук кылышып, акыйкаттыкка үндөштү. Эми мен да жакшылыгына жакшылык жасашым керек»,– деп өзүн өзү ичтен алдыртан тарбиялай баштайт.
Демократия дегенибиз – Батыштын жеңил-желпи искусствосун, биздин улутубуздун ыйманына жат адепсиз кылыктарын, же болбосо ислам элдеринин ар кандай жоболорун сокур тууроо эмес.
Шаханов. Эл экономикалык руханий жагынан оор жоготууга учураганы менен жаңы коомдук мамилелердин катаал эрежелерин аз-аздан өздөштүрүүнүн аракетинде. Ушундай оомалуу-төкмөлүү учурда Борбор Азиядагы республикалар Батыштын өнүгүү жолуна түшөбү, же Чыгыштагы коңшу мамлекеттерден таалим алабы, жок же бир өздөрүнө гана таандык өзгөчөлүктөрүн сактап калабы? – деген суроолор жабалактап турат.
Айтматов. Бул өзү жаңыдан эгемендик алган жаш мамлекеттер үчүн көйгөйлүү маселеге айланып олтурат. Өз-өзүбүзгө жекече түндүк көтөргөн соң, иллюзияга тушуктукпу, айтор сүрдөп аптыгып, алиге дейре максат-багытыбызды таасын айкындай албай жаткан сыяктанабыз. Демократиянын жоопкерчилиги – Президенттен баштап элдин ар бир атуулунун ыйманына коюлган ортолук жүк.