Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Социализм түптөлгөн сайын, тап душмандар көбөйө берет деген Сталиндин осуятын өзүнө союл кылып карманган Голощекиндин келе бакан куу союл саясатынын аягы куугун, сүргүн менен адам чыдагыс ачкалыкка алмашты.

Мүлдө калктын башына кара тумандай уюлгуган азап элдеги бай-манаптарды ыксыз талап-тоногон өлчөөсүз салыктан башталган. Казакстандагы эң бай деп саналган 700дөн ашык түтүн, дагы 50 миң орто чарба зордук-зомбулук менен талап-тоноого учурап, түрмөлөргө камалып, атылды. Бир тобу коңшулаш союздук республикалар менен Россиянын, Тюмень, Курган, Астрахань, Иркутск, Сахалин жерине, ошондой эле Кытай, Иран, Индия, Түркияга дүрбөп түп көтөрүлө жабыла көчүштү.

Тартылып алынгандан бөлүнгөн мал менен тиешелүү жерин алган кедей-кембагалдар ошол дөөлөттүн убайын көрүү шыбагасынан айрылды. Анткени эстери эңгиреп калган элди салык менен кыйнап, ачарчылыкка жол ачуунун чоң саясатына айланды.

Мал багып олтурган казакка эгинден салык салынган. Ал эми дыйкандын мойнуна эт салыгы илинген. Аргасыздан малдуулар колундагысын эгинге, эгиндүүлөр малга айырбашташып, өздөрү куру жалак калышкан. Башчылардын арасында пландуу тириликке караганда, оюна келгенин жасаган өзүм билемдик кеңири кулач жайды. Бардык салыктын түрү ошол жылдары күн сайын дээрлик өсүп, узун тизмеси он алтыга чейин жеткен.

Тушунда күлүк таптап, байге алып, улак тартып шуулдаган эр мүнөз элдин маанайын түшүрүп, «чийки азык» салыгы дегенди ойлоп таап, жалаң эле таштандылар менен күрөшүн баштап, жылкынын жалы менен куйругун, ит менен эшектин, сары чычкан менен жыландын, кескелдириктин терисин, эски-уску чүпүрөк, сөөк-саак, мүйүз-туяк жыйнаткандары абдан таң калычтуу. «Планды» убактылуу аткара албай шашкандардын айрымы колундагы бирин эки малын союп, мүйүзү менен туягын өткөрүүгө мажбур болгон.

Эң шумдугу – элди кан кустуруп, жыйнап алган алиги «накталай киреше» салыгы деп атаган эски-ускуну эч нерсеге жаратпай, бир жерге жыйнап, өрттөп жок кылган.

Ошентип 1929-жылы Казакстанда малдын башы 40 миллион болсо, кийинки төрт жылда он эсе азайып, 4 миллион гана калган. Ал эми Голощекин бийлеген сегиз жыл ичинде 4 миллион 100 миң казактын 2 миллион 200 миңи кулак угуп көз көрбөгөн алаамат ачарчылыктан чымындай кырылды.

Учурунда Россия империясынын соңку падышасы Николай экинчини үй-бүлөсү, кызматкерлери менен кошо Ипатьев үйүндө камакта олтурган жеринен канына боёп, кырып салууга ат салышкандардын бири – Голощекин казак калкын ушундай орду толбос оор жоготууга учуратты.

Ал эми КазБАКтин (Казакстан Борбордук Аткаруу Комитети) башчысы Елтай Ерназаров улутубуздун руханий байлыгынан кабары чектелүү, казак калкынын тарыхын мындай кой, өзүнүн айылынын аркы-беркисин жеткиликтүү биле бербеген оргу-баргы, күрсүлдөгөн адам болгон.

Ушундай жан дүйнөсү жарды киши өкмөт бийлигинин башына кандайча келип калган, деген собол келет. Анын мааниси мындай:

Казакстандын борбору – Орынбор болуп турган кезде республиканын курултайы өтүп, КазБАКтин төрагасын шайлашмакчы болот. Бирок, жем жемөөгө келгенде эки мыкты топ бийлик талашып, бири-бирин жеңе албай ары-бери жулкулашат. Ошондо бейтараптан бирөө туруп:

– Жолдоштор, биз болсок теги кедейден турган Совет өкмөтүн курдук. Мына Елтай – кедейдин ичиндеги тарамышы чыккан кедей, башы таз десеңер таз, сабатсыз десеңер сабатсыз, менимче төрагалыкка ушундан ылайыктуу адам жок,– деп элдин арасында бейкапар үргүлөп олтурган Ерназаровду сөөмөйүнүн учу менен нускайт. Бири-бирин бийлик башына ыраа көрүшпөй, тирешип олтургандар ким болсо да мейли, тек каршы тараптын өкүлү өтпөсө болду деген ой менен тегиз добуш берип жиберишиптир.

Бир ирет Елтай Ерназаров Алматыдан чыккан поезд менен Кызыл-Ордого бара жатса керек.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>