Опур-топур болушкан журтта герцог менен жубайы буттарына резинка өтүк кийип алып, кварталдарды аралап, ооруканаларга барып, гуманитардык жардам уюштурушту. Бир сөз менен айтканда, калыбына келтирүүгө мүмкүн боло тургандын баарын жасашты. Бул — алаканымдагы Люксембургдун ар бир адамынын тагдырына жоопкерчиликтүүмүн деп камкорчулуктун чыныгы көрүнүшү эле.
Шаханов. Көчөдөгү кайырчы менен ал-жай сураша турган карапайымдык, элге арналбаган бир күнү үчүн кайгыра турган жоопкерчилик, же болбосо резинка өтүк кийип, суу кечип, квартал аралай турган жышаана башка эл башчыларына да жугумдуу болгой эле.
Айтмакчы, Сиз Люксембургдун эң жогорку ордени менен сыйландыңыз да?
Айтматов. Ооба, «Сиңирген эмгеги үчүн бериле турган «Чоң Крест» («Большой крест за заслуги») орденин мага Грандюктин өзү тапшырды. Бул мен үчүн өмүрүмдө унутулгус окуя. Окумуштуулук маданият, дүйнөнү философиялык көз менен аңдай билгендик мындай элдерде эл башчыларына түздөн-түз таандык касиеттер болуп саналат.
Шаханов. Мамлекеттин тизгинин кармаган акылмандардын айкөлдүгү — элдин бактысы.
Конфуций — биздин доорубузга чейинки 551 — 479-жылдары өмүр сүргөн кытай калкынын атактуу философу, ойчулу. Анын осуяты менен улуу өрнөктөрүнөн байыркы кытайдын көптөгөн бийлөөчүлөрү таалим алган. Ал турмак эң бир каардуу императордун өзү «Эл башкаруу ишинде жаңылыша калсак, улуу устатыбыз кечирбес», — деп, Конфуцийди ары урматтай айбыгышкан. Конфуцийдин бийлик, мамлекет башкаруу иши тууралуу, дагы он сегиз миң ааламдын ар кайсы түрүнө арнап айткан терең нускалуу сөздөрү бул күндө дүйнөнүн бардык тилине которулган:
«Ар адам өз ишин адалдык менен аткара билсин. Бийлөөчү — элди бийлесин, эмгекчи — эмгек этсин, ата — ата, бала — бала ордунда болсун. Турмуштун ушул карапайым эрежеси бузулса, мамлекет ичинен ирийт. Өмүрдүн куну качат, сый-урмат жоюлат. Эл ичин бөлүп-жаруучулук менен жалганчылык, ушак ээлейт. Чоң өрт кичине чакмак таштан чыккан учкундан башталат…
Конфуцийдин эрежелерин Кытай өлксүнүн көсөмдөрү ушул күнгө дейре жетекчиликке алып жүрүшөт экен.
Айтматов. Жалпы эл бийлөө бактысына албан тармактуу кызматтын, саясий кагылыштардын алоосуна түшүп, бышып, сыналган акылы менен даанышмандыгы, кеменгерлиги менен кеңдиги келишкен, өзгө замандаштарынан найза бою бийик атуулдун гана ээ болуусу тийиш го…
Ооба, так ээсине айланып, башына таажы кийгенге чейинки тар жол тайгак кечүүнүн кыямат-кайымы экөөбүзгө караганда бийлик ээлерине алда канча тааныш чыгар. Ушундай улуу сынга туруштук берген соң, элибиз «ханда кырк адамдын акылы бар» деп каниет кылып жүрүшөт.
Батыш Европа менен коңшулаш Россия империясынын тарыхында мезгил-мезгили учураганы менен, түрки тектеш элдердин өмүрүндө аялдан чыккан хан менен бек, бийлчүлөр жокко эсе. Кыргыздын акылы менен даанышмандыгы төп келген Курманжан даткасы — арпа ичинде жалгыз буудай сыяктуу ыйык айым.
Курманжан күйөөсү Алымбек датка менен отуз беш жыл түтүн булатышып, Абдылдабек, Батырбек, Мамытбек, Асанбек, Камчыбек деген беш уул, эки кыз көргөн.
Кокондук Кудаяр хандын кесепетинен капыстан көз жумган күйөөсүнүн ордуна элүү эки жаштагы Курманжанды Алай журту өздөрү каалап, датка кылып шайлашат. Курманжан датка бийлик башына келген кезде кыргыз калкы Россия империясынын оторчулары менен Кокон хандыгынын кысмагына катар кабылып, оор күндөргө кириптер болуп турган чагы эле. Ушул эки темир капкандан момун калкын куткарып калуу үчүн алпурушкан датканын эр көкүрөктүгү менен кеменгерлигин, сабырдуу саясаткерлигин ал турмак кыргыздарга каршы замбирек сүйрөтүп, тоо аралап согушуп жүргөн орус офицерлеринин өзү тамшана жазышты. Түркстан чөлкөмүн ар тараптан изилдеген аскери-географ Г. Н. Таубе 1889-жылы Казан шаарынан «Алай канышасы» («Алайская царица») деген монографиясында бастырып чыгарган.