Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Шаханов. Орус тарыхында Курманжан датка сыяктуу ачса алаканында жумса уучундагы калкын бийик зоболосу менен канатына калкалаган, акыры өзү берген эркиндигинен өзү курмандыкка чалынган трагедиялуу, ары дини буруу ар кандай элдерге башын батырган, карама каршылыгы көп инсан Александр падыша боло турган.

1855-жылы Россия тагына олтурган Александр II артта калган империянын өмүрүнө улуу өзгөрүштөр алып келди. Алды менен 25 жылдык аскердик милдеттин мөөнөтүн кыскартып, 6 жылга түшүрдү. Аскерден бошогон солдаттардын башын кошуп, темир жол курулушуна чекти. Көптөгөн завод менен фабрикалар салынды.

Жумушсуздардын саны азайып, калктын турмуш шарты жакшырды. Окуу жайларынын саны 20 миңге, кыз-келиндердин окуу жайы 300гө жеткен. Империясынын бардык провинцияларын кошуп эсептегенде 700гө жуук газета-журнал үзбөй жарык көрүп турган.

Ал бийлик курган жылдары Россияда 50 миллион эркинен ажыратылган кедей-кембагал болгон. Помещиктердин аёосуз эзүүсүнөн алар мезгил-мезгили менен баш көтөрүп турушкан.

Александр II 1861-жылы жалган куран (19-март) айынын 19-күнү крепостнойлук укукту жоюу тууралуу жарлыкка кол коюп туруп: «Кедейлер качан өзүн кулдуктан бошотушат деп күтүп жүрбөй эле, эркиндикти өз колубуз менен бергенибиз жөндүү», — деген сөзү орус тарыхында көөнөрбөстөй болуп жазылып калды.

Ушундай айкөлдүк эрдиги үчүн Александр II ни Россиянын жамы жарды-жалчылары «куткаруучу атабыз» деп ардакташат.

Кээде кылган жакшылыгыңдын өзүңө кесири да тиет эмеспи? 1881-жылы жалган курандын 1 күнү «Эл азаттыгы » («Народная воля») партиясынын террористери император түшкөн каретага бомба ыргытып оор жарадар кылышат.

Бул бекерге кулдан айрылып калган эзүүчү таптын ага деген «бурк» эте калган каардуу ызасынын чыгышы эле. Ошентип, кайырчылыкка түшкөн калкына жүрөгүнүн жылуулугун тартуулаган Александр II акыры өз колу менен берген эркиндигинин алгачкы курмандыгы болду.

Айтматов. Бир жолу айылдаштарым менен олтуруп, кенен-кесири аңгемелештим. Дасторкон үстүндө сөздөн сөз чыгып олтуруп, аркы-берки доордо өткөн падышалар менен даанышмандар жөнүндө сөз учугу уланды. Акырында кептин төркүнү Сталинге барып такалды. Ошондо көптү көргөн карыялардын бири сакалын салаалап тарай, бир мындай болмуш айткан.

Сталин айланасындагы жакын жүргөн досторун жыйнап алып: «Карап турсам силер элди башкаруунун жол-жобосуна баштарыңарды катырып жүргөндөйсүңөр. Эл башкарган падыша — кудай эмес, кудайдан жуда эмес. Карапайым калк алдыңда кулдук уруп туруу үчүн эмне кылуу керек? Билбейт экенсиңер, азыр силерге үйрөтөйүн, дароо тоок алып келгиле», — деп буйрук кылат. Алып келсе, көсөм тооктун жүнүн алигилердин көзүнчө какылыктатып жула баштайт. Болгон жүнүнөн айрылып, жалаң кызылдай териси калган тоокту коё берип: «Кайда барарын карап тургула », — дейт. Тоок азыркы азаптан качып кутулайын деп чыга качса, денеси күнгө күйөт. Көлөкөгө баш катса тоңот. Амалы түгөнгөн бечара бөжөңдөп Сталиндин эки бутунун ортосуна корголойт. Ошондо көсөм чөнтөгүнөн жем алып чачып, өзү ары-бери ээрчитип жүрөт. Тоогу кургур көсөмдүн артынан карыш калбай, дикилдеп ээрчип алыптыр. Ооздору ачылып калган досторуна Сталин айтат дейт: «Көрдүңөрбү, калк деген ушу тоок сыяктуу. Жүнүн жул да коё бер. Ошондо оңой башкарасың», деген экен.

Дасторкон башындагы аксакалдар ойдон чыгарылган бул болмушка бөркүндөй көрүп ишенип, «атаңдын көрү, не деген айлакерлик» дешип тамшанышты. «Турмушта ушуга окшогондор азбы? Карачы, Сталиндин акылдуулугун. Ар башына бий болгусу келген досторун бир гана мисал менен көзгө сая көрсөтпөдүбү?» деп таңданышып жатышты.

— Аңыз болсо да, мунун баары чындык. Башыбыздан кечирдик, — деп экинчи карыя кептин отун ичкериштирди.

— Кечээги өткөн аталарыбызды азыноолак малың бар деп кулак атка кондурбадыбы. Туп-туура жүнү жулунган тооктой болду. Болбосо канатыбызды кыркып, жүнүбүздү тал-талынан жулуунун эмне зарылдыгы бар эле. Кеңеш өкмөтү өзү жер бөлүп берди. Эгин эккиле, тоюнгула, артканын казынага өткөрөсүң дешти.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>