Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Кайсы бир жылы ушу поэзия күндөрүнө Орто Азия республикаларынын атынан өзүм катышып келдим. Өзүмдүн кезегим келгенде трибунага көтөрүлүп, «Сөз кудурети» деген ырымды окудум. Эргип-эргип ырдын:

— Надо остерегаться тех людей,
У которых нет чувства слова.
Они опасны,
Когда становятся руководителями,
Еще опасней,
Если долго продержаться, —

деген жерине келгенде, колумду президиумда олтурган Псков областынын ошол кездеги биринчи катчысын көздөй, жаңсап-жаңсап жиберипмин. Ырымды олтурган журтчулук узак кол чабуулар менен жылуу кабыл алышты. Элдин мындай урматтоосуна улам-улам башымды ийип, президиумдун экинчи катарындагы өз ордума барып отурдум. Чамасы бир саамдан соң, бир жигит мага келип, шарт эле:

— Сиз сыртка жүрүңүзчү! — дегени. Өңү сурдана, кыжырданып алыптыр.

— Сиз колуңуз менен эмнеге эле биринчи катчыны жаңсадыңыз? — деди сыртка чыкканда эле.

Байкабастан кимдин куйругун басып алганымды ошондо барып билдим. Шайкештикти караңыз. Партиянын Псков областынын жетекчиси, узак жылдар бою бир ордунда иштеп калган экен. Менин ырымды анын өзү да, айланасындагылар да терс мааниде кабыл алыптыр.

— Сизге мындан аркы жолугушууларда сөз берилбесин деп чечтик. Ал эми бүткүл Союзга көрсөтүлө турган телевидениеден сиздин алиги окуган ырыңыз толугу менен кыркылып ташталат, — дебеспи башчынын желдети. Же күлөөрүмдү, же ыйлаарымды билбей ошол учурда мындай бир болмуш эсиме келе калбаспы.

Илгери бир өткөн заманда биздин элибизди басып алмакка ниеттенип, бир азуусун айга жанган хан аскерин чек арага топтой, «бизге каршы турар кандай күчү бар болду экен, баамдап келгилечи», — деп эки-үч жигитин тыңчылыкка жибериптир . Алар кайтып келген соң, хан жанына увазирлерин, кол башчысын чакырып, тыңчылардын айткандарын тыңдашыптыр.

— Эл кезип жүрүп, бир чоң тойго туш болдук, — дешет алар. — Тойго ошол элдин амирчиси өзү да катышты. Той үлпөтү шаңданган ак боз үйгө колуна домбырасын кармаган 15-16лар чамасындагы боз бала кирип келгенде, төрдө олтурган амирчи айланасындагыларды сыйлыгыштырып, жанынан орун берди. Анын мындай кылыгына таң кала жөн жайын сурадык:

— Бул биздин акыныбыз, деди жадырап жайнай. Кептин ушул жерине келгенде, кол башчы оозун көптүрө:

— Эмесе, мындай аңкоо амирчиси бар элди тебетей менен уруп жеңбейбизби. Улуу урматтуу ханым, аскерди баштап кирүүгө уруксат этиниз, — дей салганы. Ошондо хан аскер башчысына каардана карап:

— Жок. Аскерди кайра тарткыла! Өз улутунун акындарын, руханий дөөлөттөрүн ушунчалык кастарлап, ардактаган, уюткулуу маданиятын туу туткан элди жеңе алмак белек! — деген экен.

Айтматов. Ооба, адамзаттын шоруна, руханий байлыкка таянган жана ушул улуу арка-жөлөктү көз боёмочулук иретинде эмес, чыныгы маанисинде өзүнө үлгү туткан башчылар кайсы доордо да манжа менен санаарлыктай аз болгон.

Зулум Сталиндин жеке керт башына сыйынуучулуктан зоргодон-зорго кутулуп, партиянын ХХ съездинен кийин биз эркиндиктин жылымык илебин сезгендей таасир алдык. Бирок, жерге-сууга тийгизбей ыксыз мактамай адепсиз жорук-жосунубуздан арыла албай койдук.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>