Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Ал эми композитор үчүн өз чыгармасын өз мамлекетинин Президенти кошулуп ырдоодон артык бакыт жок чыгар.

Ошол үлпөт үстүндө Алибек Динишев менен Досхан Жолжаксыновго өзү атайы суранып жатып, кыдырата кезек менен канчалаган ырларды ырдатты. Ал турмак мен өзүм калем кармаган акын болсом да, обончулардын жаңы репертуарына кирген кээ бир чыгармаларды биле бербейт экенмин. Нурекең менен анда-санда ыңгайы келип, сырдаша калганда, калкыбыздын аркы-берки тарыхына ышкыбоз экендигине куштар болгомун. Кээде сөзүбүз чыгармачылыкка алмашканда, ал:

– Ушу сен Койшыгара Салгаринин «Көмбе», «Алтын тамыр» аттуу тарыхый роман-эссесин окугансың бы? – деп сурады. Өздүк китепканамда турганы менен окуп чыгууга чолом тийбей жүргөнгө ыңгайсызданып калдым.

Дирижеру Нурекеңдин өзү болгон өтө бир күлкүлүү окуя алигиче эсимден кетпейт. Желтоксон окуясынын дүрт этип чыгышына себепкер болгон Казакстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Колбиндин түкүрүгү жерге муз болуп түшүп турган кез. Арал апааты тууралуу ар кандай кара-макаршы пикирлерди угуп, абдан түйшүккө салып карбаластаткан күндөрдө деңиз көйгөйүнө байланыштуу кеңешме өткөрүүгө сунуш киргизип, Колбин менен бирдикте бир чечимге келдик.

Жыйын Кызыл-Ордо шаарында өтө турган болду. Нурсултан Назарбаев ал кезде республиканын Министрлер Советинин төрагасы эле. Ар кандай тармактагы министрлери менен ведомствонун жетекчилери болуп, баарыбыз областтын борборуна учуп келдик. Колбин узак кириш сөз сүйлөп, Назарбаев баяндама жасап, артынан Эл аралык «Арал – Азия – Казакстан» коомдук комитетинин президенти иретинде мага сөз берилди. Ошондо сүйлөгөн сөзүмдө мындай бир мисал келтиргеним бар:

Франциянын королу Людовик XIV шайтан азгырып, ыр жазуу менен алектениптир. Жазгандарын Франциянын ошол кездеги атактуу сынчысын чакырып алып окутуп, өз оюн ачык айтуусун сураптыр. Сынчы ойлонуп калат. Королду сыноо – арыстандын араандай ачылган оозуна өз эрки менен моюн сунган менен барабар. Ал эми ырларын мактайын десе, акыйкаттык тепселгени турат. Ошондо кыйынчылыктан кыйыштырып жол тапкан сынчы.

– Улуу урматтуум, сиз маанисиз, мазмунсуз ыр жазууну алдыңызга максат кылып койгон экенсиз. Ошол оюңузду керемет чеберчиликте аткарыпсыз! – дептир.

Бийликтегилер ооз ачтырбай кадам бастырбай турса да, чындыкты бетке айткан жалтанбас уулдар биздин казак калкында да аз болгон эмес деп келип, андан ары Арал апааты, жалпы Казакстандын экологиясы тууралуу тарам-тарам ойлорумду айтып, трибунадан түштүм.

Түшкү тыныгуу жарыяланды. Жыйын өтүп жаткан Нартай Бекежанов атындагы областтык драма театрынын бир бөлмөсүнө дасторкон даярдалган экен. Тамактанууга чакырылдык. Дасторкон башына Колбин менен Назарбаев, КПСС Борбордук Комитетинин сектор башчысы (аты-жөнү эсимде жок) дагы партиянын Кызыл-Ордо комитетинин биринчи катчысы Ауэлбеков – бешөөбүз жайгаштык. Насипке карай бергенибизде, Нурсултан Абиш уулу кууланып:

– Азыр сага агаңды агытайынбы? – деп ал атайы казакча кайрылды. – Же ооз басырык бересиңби?

– Агабыз бала эмес го,– дедим оюмда эч нерсе жок.

– Эмесе, угуп тур, анда:

– Мухтар,– деди ал мага орус тилинде атайы кайрылып,– сенин сөзүңдү журт өтө жакшы кабыл алды. Алда нече ирет кол чаап, колдоду. Бирок, сенин король тууралуу айтканыңды кандай түшүнсө болот? Анын Аралга кандай тиешеси бар? Сен ошол мисалың аркылуу Генадий Васильевичти мээлеп айткан жоксуңбу?

Ошол ошол экен, Колбин түсүн үйрүп:

– Чынында да сен ошол король аркылуу мени айткан жоксуңбу? Жана маанисине анча көңүл бурбаптырмын,– деп буркан-шаркан түшүп ачууланбаспы.

– Жо-жок, мен аны башка мааниде, таптакыр башка ойду ырасташ үчүн айтканмын,– десем да ийигер түрү жок. Ойлобогон жерден ичип олтурган насиптин да даамы качты. Ал турмак арты чырга айланып кетиши мүмкүн эле, ортобузга кайрадан Нурсултан Абиш уулунун өзү түшүп:

– Геннадий Васильевич, мен жөн эле тамашалап койдум. Мухтардын абалтадан өз оюн тарыхый фактылардын негизинде философиялык трактаттар менен тастыктап сүйлөй турган адаты бар. Королдун сизге эч кандай тиешеси жок. Журт да андай ойлобойт,– деп жатып араң көңдүрдү. Жалпы логикасынын күчтүүлүгүбү же өтө эле адам психологиясын жетик билгендиктенби, Назарбаев кезегинде Колбинди кандай кааласа ошондой өзү каалаган жагына буруп кете берер эле.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>