Дүбүрттөр.

Күн бүркөлүп, жамгыр жааганы турат. Айлана караңгы тартып иңир боло баштады. Мал жайыттан эбак кайтып, бардыгы тынчып, адамдар үйлөрүндө эс алып олтурушат. Керим терезе жанындагы столунда ырахаттана ыр китеп окуп олтурат. Бейтааныш кыздардын ырлары — тоо башындагы кылайган булуттай ак ырлар.

Таштуу жолдо маңдайкы айылга бирөө ат чаап бараткан экен. Дүбүрт угулат. Керим аны үнсүз тыңшап, жашып кетти. Ушул дүбүрттөр кайрылбас болду деди өзүнчө, көздөрүнөн жаш таамп…

Керимдин атасы мүнүшкөр эле. Ак чач тоолорго кетип кеч кайтуучу. Ошондуктан атасын бат эле сагынып калчу. Тоодон келер түнү төшөгүндө такыр уктай алчу эмес. Түндүн бир оокумунда кулагына ат дүбүртү угулганда төшөгүнөн ыргып туруп:

— Апа, ат дүбүртү угулат. Атам келатса керек! — дечү.

— Анда карачы эшикти, атаң болуп жүрбөсүн. Керим каалганы тарс эткизе жаап, сыртка чыгат. Тоо башынан кызарып ай чыгып келатат.

— Мына атам — дейт Керим сүйүнүп, аттан түшкөн атасынын мойнуна артылып. Атасынан тоо жыты искелип турду…

Керим терезе жанында көзүнөн жаш тамгызып тура берди. … Мына ошол тоо жыттанган атасы көз жумган. Бул жарык дүйнө менен коштошкон.

Терезени тырс-тырс черткилеп, жаандын тунук тамчылары тамчылады. Андан кийин куюп кирди. Керим терезеден нөшөрлөгөн жаанды көрүп, жаздын чындап келгенин эми билди. Атагы тиккен бак-дарактардын бүрдөгөнүн да байкабаптыр. Ал атакеси жүргөн улуу тоолордун чоң таштарына анын сүрөтүн бор менен тартканын, тузак салып улар кармаганын эстеди. “Ал сүрөттөррүмдү жамгыр жууп кетет го” деп тынчсызданды Керим.

Өткөн жылкы жаздын жамгыры кандай сонун эле Керимге! Ушундай жамгырлуу түндө суу кечип жылаңайлак тызылдап, булут тилген чагылганга көрүнүп-көрүнбөй көкүлдөрү суу болуп үйгө келчү.

Ал дүбүрттү кайрадан эңседи.