Чынгыз Айтматов Маек.



Кыргызстан Жазуучулар Союзунун VIII съездине карата
ӨМҮРДҮН ӨР ЖОЛУНДАГЫ МАЭК, ЛЕНИНЧИЛ ЖАШ.
Кыргыз эл жазуучусу, Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты. Социалисттик
Эмгектин Баатыры Чынгыз Айтматов үстүбүздөгү жылдын декабрь айында 60 жашка толот.
Өзүнүн өмүрүн бай мазмунда жашап, бардык кудурет-күчүн чыгармачылыкка коомдук иштерге арнап келаткан
атактуу жазуучубуздун сөзүн тыңшап, оюн угуу окурмандарыбыз үчүн да кызык чыгаар. Бу жолку маегибиз
жазуучунун өмүр таржымалы жана чыгармачылыгы туурасында жүрдү…
— Чынгыз ага, жаштардын сүйүктүү газетасы “Ленинчил жаштын” 1935-жылдын 16-июндагы санына
“Чынгыз шофер болом дейт” аттуу макала жарыяланган экен. Макаланын автору – элибиздин
көрүнүктүү акын-сатириги Райкан Шүкүрбеков. Ошол куш тилиндей кабар сиздин Фрунзе шаарында
өткөн балалыгыңыздын бир үзүмүн баяндаган ыйык табылгадай сезилет…
— Мен анда жети жашта элем. Райкан аганын газетага жазуу үчүн мени менен сүйлөшкөнүн азыр
элес-булас билем. Чоңойгондо ким болосуң деп сураса, шофер болом деп жооп берсем керек. Эмнеден улам минтип
айтканым эсимде жок. Анда үйүбүз Дзержинский бульварынын боюнда эле. Эми ойлосом Райкан аганын газетага
мени жазганы ошол учурда жаңыдан ачыла баштаган бакчага кыргыз үй-бүлөлөрүнүн балдары барса деген
максаты көздөгөнү көрүнөт. Биз ошол 1935-жылдан кийин атамдын окуусуна байланыштуу Москвага көчүп кеткен
экенбиз.
— Балалык кезинизде чоң энеңиз Айымкандын, аталаш эжеңиз Карагыздан көп жомокторду укчу
элем деп жазганыңыз бар. Мына ушул элдик оозеки чыгармаларды өз чыгармаларыңызда пайдалана алдыңызбы?
— Алардан уккан жомокторумду өзгөртүлгөн түрүндө чыгармаларыма киргизгем. Мисалы “Ак-кемедеги” “Чыпалак бала”,
“Телибай тентек” деген жомоктор – ошол чоң энем менен эжемден уккандарым.
— Журналистик кесип менен эл, жер аралап жүрүп, ар кандай адамдарга жолугабыз. Алардын
арасында сиз менен мектепте чогуу окугандар менен согуштун каардуу жылдарында айылдык Советте
бирге иштешкендер бар. Андай адамдардын бири – Жээнбек Акматбеков мындайча эскерет: “Айылдык
Совет ал кезде жалпак тамда эле. Тамдын ортосундагы устундун жылмакай бетине өспүрүм Чынгыз
карыя кишинин жылкынын сүроттөрүн тартып салчу”…
— Сүрөт тартканды жанымдай жакшы көрчүмүн. Кандай гана сүрөттөрдү тартпадым. Көңүлгө
жаккандардын баарын кагаз бетине чиймелээр элем. Мындай кызыгуум жазган чыгармаларыма да изин
калтырган көрүнөт.
— Согуш жылдарында айылдык Советтин секретары болгондугуңуз тууралуу ал кезде сиз менен
бирге иштешкендердин арасында азыр кайчылаш пикир айтылат. Бири – орусча билгендигинен иштеген
десе, дагы бирөөсү тири карактыгынан дешет…
— Кеп ал кезде орусча билгенде эмес болчу. Иштээрге киши калбай калган эле. Эл жүгүн аркалаган эр жигиттердин,
эркек аттуунун баары майданда…
— Айрыкча биздин кыргыз адабиятында жазуучулардын көпчүлүгү чыгармачылыктарын алгач ыр
жазуу менен башташкандыктары белгилүү. Сиз ыр жазган жоксузбу?
— Ыр жазбадым. Мектепте окуп жүрүп, эркин темадагы сочинениени жакшы көрөр элем. 5-класста чек арачылар
жөнүндө сочинение жазганыбыз эсимде. Мен чек арада болгон да, андагы кызмат өтөгөн жоокерлерди
да көргөн да эмесмин. Бирок, атактуу Карацупанын эрдиктери жөнүндө жазылган китептин көп жерин жатка
билчүмүн. Ошондо укмуштай окуяларды ойлоп таап, абдан кызыгып жаздым. Аябай кызыкканымда бул жазып
жатканыбыз сочинение экендигин да унутуп калыпмын. Ал иттин атын да өзүм ойлоп тапкам. Мугалим эже мага:
“Сен жакшы жазыпсың, кызыгып окудум” деди. Бул менин көңүлумдү абдан көтөрдү. Китептин көп окуй баштадым.
Биринчи мугалим эжеме ыракмат айтам, менин адабиятка болгон кызыгуумду жактырып, көңүлүмдү көтөргөндүгү
үчүн гана эмес, окуучулардын ичинен ыр жазып жүргөн кай бирөөнү “сен акын болосуң” деп ашепке мактагандар
болот эмеспи, мени антпей өз жолумда тим койгондугу үчүн ага ыракмат дейм. Бирок, чыгармачылыгым көркөм
котормодон башталды.