Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Ошентип, дүйнөдөгү татынакай шаарлардын бири – Санкт-Петербург ушундайча жарыкчылыкка келди. Шаардын көчөлөрүнө эмен, кайың, четин, мажүрүм башка да дарактардын түрлөрү өстүрүлсүн да, «аны кимде ким уруксатсыз кыйса, өлүм жазасына тартылсын!» деген жарлыктын ээси да ушу Петр эле. Анын өз колу менен тиккен эмени үч жүз жылдан бери тарыхтагы эски журттун көзүндөй болуп, жайкалып ушу кезге чейин өсүп турат.

Петр кол астындагы элге катаал тартипти орнотуу менен катар, Россия империясынын башкаруу мыйзамдарын мүлдө башкача куруп, заводдор менен фабрикаларды, окуу жайларын болушунча көбөйткөн, дагы, армияны куралдандыра билген. Пайдаланып келген кириллица жазуусуна өзгөртүүлөрдү киргизип, кээ бир көзгө камсоо көрүнгөн ариптерди жөндөгөн. Ушунтип атайы басмакананы жабдып, орустун басма сөзүнүн тарыхындагы туңгуч газет «Ведомствонун» тушоосун өз колу менен кести.

Ошону менен бирге Петр орустардын ыксыз өстүрүп коё беришкен сакал муруттарын тегиздетип, этек-жеңи чубалган узун, жарашыксыз кийимдерин жөнгө келтирип, өлкөнүн ички тартибин чыңдаган.

Мужиктердин арасында көп учурай турган аракечтикке аёосуз күрөш ачып, дайыма мас болуп жүргөндөрдүн мойнуна жазалоо иретинде, ары элден уялсын деген ниетте оор темирден атайы медаль жасатып илип койгон.

Кимде-ким ата-энесин сыйлабаса мамлекет алдында айыптуу болуп, ага катаал чара колдонулсун; эсептин төрт амалын билбесе үйлөнүүгө уруксат жок деген падышанын жарлыгы артта калган өлкөнү дүйнөлүк деңгээлдеги өнүгүүгө бир кадам болсо да илгерилете түшкөн эле.

Ошентип согушса жеңилген, эмгектенишсе маңдай терлеринин акыбети кайтпаган, желкеден баскан жакырчылык менен наадандыкка көгөндөлгөн калкын жалгыз башчы – улуу Петр көк өгүздөй сүйрөп жүрүп, бир белестен ашырган жок беле?

Шаханов. Улуу Петр алдыңкы элдердин катарына теңеп кеткен Россия империясы Анна Иоанновна падыша айым болуп бийлик курган 1730–40-жылдары кайрадан жакырланып эл азып-тозуп чыккан. Орус тарыхчылары аны жалкоо, ары сылаңкороз, дагы оюн-зоокко айрыкча ышкыбоз эле деп жазат. Мамлекет иши менен жөндөп алектенбеген. Эрте күндү кеч кылып, эргежээлдердин койгон азил-тамашалары менен көпчүлүк убактысын өткөргөн. Карамагындагы княздар менен графтарды белимчилигин шылдыңдап катуу күлгөндөн өзүн кармай албай жыгылып калган учурлары болуптур. Анна Иоанновна падышалык кылган соңку жылы Россиядагы бардык улуттар менен улустарга жар салып, князь Голицын менен өңү өтө серт калмак кызы – өзүнүн кызматчысы Буженникованын үйлөнүү тоюн өткөрөт. Бул тектүү тукумдан чыккан князды өзүнө болоор-болбос нерседен улам тил кайрыганы үчүн ойлоп тапкан мазактоосунун чектен ашкан түрү эле. Кыш айында Нева өзөнүнүн үстүндө той салтанаты өтө турган заңкайган сарай Анна Иоанновна падыша айымдын буйругу менен жалаң гана муздан тургузулат. Сарайдын эшик-терезелери, идиш-аяк, эмеректери, ал гана турсун жаш жубайлардын жатаар төшөгү да муздан салынган.

Россиянын булуң-бурчунан жыйналган орустар менен татарлар, мордовалар менен чуваштар, немецтер ж.б. улуттук кийимдерин кийип, музыканын коштоосунда обон созуп, бий бийлеп, борборду өзгөчө ызы-чууга бөлөгөн. Той өткөн соң, жаш жубайларга муз төшөктөн жай салышат. Нике түнүн «өтө ыңгайлуу» өтүшүнө көз сала турган топ шайлаган. Мындай сынактан князь менен калмак кызы мүдүрүлбөстөн өттү. Бирин-бири муз төшөктө жылытышкан жубайлар кийинки жылы кочкордой кош уулдуу болот. Бийлөөчү оргу-баргы болуп, оюна келгенин кылса, өз кызыкчылыгын гана көздөсө, карапайым элдин турмуш жагдайы кайдан оңолсун.

Момундай бир кызык дарек бар. 1731-жылы Россия империясы менен казак элинин батыш бөлүгүнүн ортосунда келишимден улам дипломатиялык карым-катнаш түзүлгөнү тарыхта маалым. Кичи жүз менен Орто жүз казактарынын өңчөй атка минерлери, кудуреттүү падыша айымдын алдынан бир өтүп, салам берели дешип, куру кол барышпай ага сыйга тартууга не түркүн кундуу белек-бечектерди артынышып Санкт-Петербургка келип түшүшкөн.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>