Шаханов. Эки жүз элүү миллиондон ашык калкты бир ураандын астында, бир саясий көз карашта кармаган Советтер Союзу жетимиш жылдан соң кыйрап, ыдырап, өз-өзүнчө түндүк көтөргөн он беш мамлекетке айланды. (Бул сандын өсүшү да мүмкүн.)
Айтматов. Эмки маселе эгемендик алган Борбор Азиядагы республикалар коомдук катнашуунун жаңы үлгүсүндө кайсы багытта өнүгүп, бийлик менен демократияны кандай алкакта кармоо керек дегенге такалды.
Шаханов. Ооба, эзелтен тилегибиз болгон эгемендикке да колубуз жетти. Мурдагы Совет заманы тушунда биринде жогун экинчисинен алып, теңдикти көрсөтүп, ортолук казанда кайнап жаткан союздаш республикалар өз-өзүнчө мамлекет болгон соң, экономикалык жакырдануунун жолуна түштү. Ортолук тетик иштен чыгып, ар ким өзүнүн тапкан-ташыганы менен күн көрүүгө өттү. Мындай бир келки мисал келтирелик. Күнүмдүк тиричиликке өтө керектүү машинанын бир тетиги Өзбекстанда, бир тетиги Украинада, бир тетиги Белоруссияда, дагы бир тетиги Россияда чыгып келди. Ал эми Казакстанда Менделеевдин таблицасындагы белгиленген казылуучу байлыктар дээрлик түгөлдөй кездешет. Бирок буларды электен өткөрүп, иргеген, кыскасы, даяр продукция кылып бере турган заводдор башка республикаларда. Бул эмне дегендик? Мындай амалдуу куулуктун артында эмне жатат? «Эгер ушул республикалар өз-өз алдыларынча эркиндикке умтулушса, өздөрүнчө өмүр сүрүү үмүттөрү үзүлсүн» деген куйту саясат башынан эле айкын болчу. Эми мына бири бирисиз күн көрө албай адамдын сансыз кан тамырлары сыяктанып, чуудаланган жиптей чачышкан байланыш тардын жолдору үзүлдү эле, эгемендик алган ар бир республика аргасыздан заматта мусапыр боло түшүштү. Эми ушул республикалар өз алдыларынча өмүр сүрүүнүн ар кандай өңүтүн издешүүдө.
Айтматов. Экономикалык байланыштардын өзгөрүүлөрүнөн улам руханий байлыгыбыз да көөнөрө баштады. Жашыра турганы жок, Совет мезгили тушунда көркөм өнөрдүн ар кандай түрү партиянын үгүт-насыят куралына айланып, айрыкча канат жайды. Кыраакы көзөмөлдүү социалисттик реализмдин тар алкагы кысып кедергисин тийгизди дегенибиз менен мамлекеттик басмалар алгылыктуу иш жасап, мезгилдүү басма сөздөр үзгүлтүксүз чыгып турган.
Саясий баш калкалоодон ажыраган соң, мамлекет басмаларды, газет-журналдарды мурункудай бюджет эсебинен каржылоосун токтотту. Нарктык катнашуунун катаал мыйзамы ушул. Өз колуң өз оозуңа жетпесе, өзүңдөн өзүң бекерге бизнес курмандыгына чалынасың. Ушундан келип китеп дүкөндөрү менен жайма базарларын түккө татыбаган жеңил-желпи жазылган детектив жыйнактар, киши өлтүрүүнүн, талап-тоноонун, зордуктоонун нечендеген ыкмаларын алиппеден үйрөткөндөй кылып түшүндүрө турган адепсиз китептердин сели каптап кетти. Бул эмне деген сандырактык! деп кимдин жакасына асыласың. Анткени элдерибиз демократиялык өнүгүүнүн жолуна түшүшкөн.
Болуптур, буга да көндүк. Бирок, мындай куугун-сүргүндү, асып-өлтүрүүнү ыксыз маалым кылып, баяндаган китептерден дарс алган урпакка мунун өзү өткөөл мезгилдин көрүнүштөрү десек да, ынандыра албайт.
Шаханов. Байкайсызбы, улуттук тарбиянын жөрөлгөлөрүн солгундаттык эле, коомдук психология таман астында өзгөрүлүп чыга келди. Мурда маселен, баланчадай китепти, түкүнчүдөй китепти окудум деп, тең курбусунун алдында мактанган жеткинчектин оозунан азыр беш сомдун наркын пулдап, он сомго айландырдым десе өөн учурабай калды. Эшегине жараша тушагы дегендей, заманына жараша – адамы, аларды да күнөөлөй албайсың. Десе да, элдин элдигин тааныта турган руханий байлыктын онунчу, он бешинчи, айрым жерлерде деги жыйырманчы орунга сыйлыгышып кеткени көңүлгө бүлүк салбай койбойт.
Чөнтөк байлыгын руханий байлыктан жогору койгон элдин эртеңи бүдөмүк. Байлыкка белчесинен баткан, жашы али 25ке да жетпеген бир бизнесмен жигит Алматыдагы жыйырма беш кабаттуу «Казакстан» мейманканасынын эң кылда башына замбирек сүйрөтүп чыгарып, түн жарымында, эл текши уйкуда жатканда, өзүнүн туулган күнүнүн урматына салют аттырыптыр деп уктум.