
… Менин мекеним — Шекер айылы. Манас тоонун мөңгүсүнөн тамчыга тамчы кошулуп куралып, биздин Шекерге ак көбүк, көк кашка суу агып келет. Ал — Күркүрөө, Атына жараша заты бар, бул аймакта жер бетинде кыбыраган жан — жаныбарга өмүр берген суу…
Шекерге жакындаарда ар качан жүрөк толкуйт. Чиркин, ак мөңгүсү асмандын көгүнө чагылышып. Манас-Ата алда кайда көрүнөт.
Тагдырыңды тамырсыздык илдетинен корголот,*
Мазмунуна мазмунсуздук кирип алса кор болот.
Ар адамда өз энеден бөлөк да,
Өмүрүнө таяныч да, жөлөк да,
Ар бири үчүн алар жаңы өрттөнө,
Болуу керек кудуреттүү төрт эне:
ТУУГАН ЖЕРИ — түркүгү, түп казыгы,
ТУУГАН ТИЛИ — сыйлыгы, гүл азыгы,
ЖАН БАЙЛЫГЫ, САЛТ-САНААСЫ — тиреги,
Эртеңине шоола чачып кирери.
Жана ТУУГАН ТАРЫХЫ.
Эске алууга бул сага,
Канча оор, муң-кайгылуу болсо да.
Кудурет жок төрт энеге тең келер,
Ансыз жаның камгак окшоп сенделер.
Өзгө эненин улуулугун түшүнбөс,
Өз энесин сүйө албаган пенделер.
Төрт энеге канат жалгай албаган
Тамырсыздын башы кайда калбаган?!
Төрт энесин коргобогон калктын,
Эч убакта бак жылдызы жанбаган.
Касиеттүү бул төрт эне — тагдырыңдын сулуусу,
Төрт эне үчүн болгон күрөш — күрөштөрдүн улуусу!