Аскада калган аңчынын ыйы

Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар,
же эки калемгердин делбиримдери
жөнүндөгү поэзия кечеси.

ХХ кылым адамзатты. эки чоң дүйнөлүк согуш менен кан төгүүлөргө, ядролук жарылуулар менен жердин силкинүүлөрүнө, космосту багындырып, илимий-техникалык жетишкендиктерге күбө кылып гана тим койгон жок, ошону менен катар эчен миң жылдар урпактардын элегинен өтүп, иргелген руханий байлыктын эң башкысы адамгерчилик касиеттердин бөксөрүшүнө алып келди. Жашоого жарык нур берип, өмүрүн улаган улуу махабат сезиминин…

Автор КУШУБАК




Аскада калган аңчынын ыйы

Кумурадан чыккан куу баш, же туркий
тарыхына көз караш.

Жакшыбы, жаманбы, калпбы, чынбы ар бир элдин өзүнө гана таандык тарыхы болот. Ошондуктан анын жакшысын көтөрө чаап, жаманын жашыруу же түрдүү косметикалык боёп түзөөдөн, жамап-жаскоодон өткөруүу — адамзаттын коому алдындагы кечиримсиз күнөө. Анткени, ар бир муун өз түпкү тарыхын өзгө элдердин өсүп өнүккөн, басаңдаган учурларын же ага эбепке-себепчи болгон эчендеген окуяларды салыштыра келип, эртеңкисине…

Автор КУШУБАК




Аскада калган аңчынын ыйы

Адашкан ак куунун муңу, же медуза сыры

Аскада калган Кожожаш тагдырдын ушундай катаал өкүмүнө моюн сунуп, өзүнүн ашынган ырайыймсыздыгына, зулумдугуна, текеберчилигине, кыянатчылыгына наалат айтып, аска зоолорду жаңырта, уккан жандын сай-сөөгүн сыздата боздоп-сыздап калыптыр. Бирок, болоору болгон соң, мунун баары өтө кеч эле…

Автор КУШУБАК




Аскада калган аңчынын ыйы

Бийлик менен руханий байлык, же ушул
эки нерсенин падыша, хан, король
президенттердин тагдырына тийгизген
шарапаттары менен кесепеттери.

Мамлекет жетекчиси болуу деген ар дайым ийненин учунда, кылычтын мизинде олтургандай өтө татаал, ары жооптуу иш. Кээде бир чамгарактын астында түтүн булатышкан агайын-туугандар өз ара ыркы келишпей, жакалашып калышат. Ал эми бүтүндөй мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын алуу, кырк уруу элдин башын кошуп, ынтымактуу ырашкердикте биримдигин сактап, ички жана тышкы саясатын бекемдеп, маданиятын көтөрүү,…

Автор КУШУБАК




Аскада калган аңчынын ыйы

Кылымдардын далдасындагы кылымыш,
же Маркиз де Сад. Дөнөнбай жана кош
тиштүү Африка балыгынын уусу.

«…– Жерди алса болбойбу, мал-мүлктү алса болбойбу, анчалык душман экен башты алса болбойбу,– деп сүйлөнүп отурду Эне. – Бирок адамдын эс-учун алат деген шумдукту ким ойлоп, кимдин колу барды? О Жараткан, эгер сен бар болсоң, адамдын арам ниетине ушуну кантип киргиздиң? Мындан башка жер жүзүндөгү кыянатчылык аздык кылдыбы?»

Автор КУШУБАК




Аскада калган аңчынын ыйы

Жоомарт шоолалуу жылдыздар, же бир
ууч топурак

Аларды эске алуу кандай каниет, жан-дүйнөң кеңейип, санааңда күн чубагы ойногондой таасир аласың. Деги кимдин болсо да өз доорунан, өз замандаштарынан бийик турган үлгүлүү касиетин айтуу дүйнөлүк маданий казынага кошула турган үлүштүн бир түрү. Биринчиден, бул эскерүү өзүбүз үчүн парыз десек, экинчиден, ошол маркумдардын көөнөрбөс руху алдындагы инилик, перзенттик…

Автор КУШУБАК




Аскада калган аңчынын ыйы

Төрт эне, же болбосо тууган жерге таянуу.

… Менин мекеним — Шекер айылы. Манас тоонун мөңгүсүнөн тамчыга тамчы кошулуп куралып, биздин Шекерге ак көбүк, көк кашка суу агып келет. Ал — Күркүрөө, Атына жараша заты бар, бул аймакта жер бетинде кыбыраган жан — жаныбарга өмүр берген суу… Шекерге жакындаарда ар качан жүрөк толкуйт. Чиркин, ак мөңгүсү асмандын көгүнө…

Автор КУШУБАК




Аскада калган аңчынын ыйы

Чыңгыз Айтматов. Сырдашуу бактысы

Сөздү да, сезим сыңары, аздектеп урунбасаң дегеле аны күнү-түнү тынымсыз, эсепсиз агып жаткан суудай көрүп, иргеп таңдабай, калчап толгонбой, сөздү сүйлөйт деген ушул экен деп, туш келди айта берсең кадырың, беделиң түшөт. Сөзү жугумсуз адамдын өзү да барксыз боло тургандыгын коомдук түзүлүштүн алгачкы жылдарында эле тастыкталган. Бала кезимде айлыбыздын бир сыйлуу…

Автор КУШУБАК




Аскада калган аңчынын ыйы

Аскада калган аңчынын ыйы

(Кылым кыйырындагы сыр ачуу) Ч.Айтматов жана М.Шаханов Которгон Кушубак Топчубай уулу Өмүралиев, (Бишкек 2001 жыл) Колуңуздардагы китеп эки залкар калемгердин сырдашуусунан жаралган чыгарма. Ушул тапта бул китеп орус, казак, англис, түрк, ж.б. тилдерде жарык көрдү. Мына эми кыргыз окурмандарына сунуш этилип олтурат.

Автор КУШУБАК




Публицистикалык ой толгоо

Чолпонбайга Таазим.

“Жердешибиз Чолпонбай жөнүндө, анын көрсөткөн эрдиги жөнүндө көп сөздөрдү айтууга болот. Эң негизгиси, Чолпонбай бир доордун укмуштуу көрүнүшү, биздин коомдун аң сезимин, эрдигин далилдеген унутулгус факт. Таң калам жана сыймыктанам.” Чыңгыз АЙТМАТОВ 19/X – 1982-ж.

Автор КУШУБАК




1 2